[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2022-жылга Кеңештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын токтомдору отключены


    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    VII -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2022-жылдын 31-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин   2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  VII -сессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  VII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айылдык  Кеңешинин   2022-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык  Кеңешинин   кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол   айылдык  Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловко милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги
    VII -сессиясынын № 1-токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын 2022-жылга карата

    И Ш    П Л А Н Ы.

                                 Аткарылуучу иштин мазмуну. Өтүү мөөнөтү Ким жооптуу Докладчы
    1 1. Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин 2022-жылга карата кабыл алган иш планын бекитүү. январь туруктуу комиссия К.Сатыбеков
    2 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2022-жылдын бюджетин   бекитүү январь жооптуу катчы Туратбек у Б, Сейитбеков Т
    3 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга карата — түзүлгѳн социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү. январь ѳкмѳт башчы Т Султамуратов
    4 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү.  январь туруктуу комиссия АКоңурбаев. Т.Нурманбетов
    5 Ар түрдүү маселелер: 5/1. Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө. январь жооптуу катчы Г.Бектеналиев
    2 5/2 Ак-Жол айыл аймагындагы  М Сыдыков  атындагы   №17-жалпы билим берүүчү мектептин  педагогикалык жамаатынын  20.01.2021-жылдагы №3 -токтомун кароо жөнүндө январь турак-жай адиси Нурдинова Т
    3 5/3 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары ,Ош ,Жалал-Абад жана   Баткен областтары боюнча  аймактык  бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-08/169 Жазма Буйругун   кароо жөнүндө . январь Фэб  башчысы Туратбек уулу Бакберген
    4 5/4 Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө. январь жер адис Ы.Молорбаев
    2 1 Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча чыккан  буйрукту  кароо ,бекитүү Февраль жайыт комитети Р Молорбаев          А Коңурбаев    Т  Суеркулов
    2 Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол аймактык  милиция бөлумчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. Февраль туруктуу комиссия уч  инспектор
    3 Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар боюнча  жаштардын  жумуштан  тышкаркы убактарда  эс алуу  үчүн спорттук иш чаралар ,маданий эс алууга түзүлгөн шарттар жөнүндө Февраль Туруктуу комиссия Жаштар уюму Маданият кызматкерлери
    4 Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо. февраль туруктуу комиссия Аксы токой чарбасы
    5 Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу  орду жана уюштуруудагы кемчиликтери  жана жетишкен жактары жөнүндө февраль туруктуу комиссия Бала -бакчалардын  башчылары
    6 Ар түрдүү маселелер:
    3 1 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун аймагындагы жаңыдан курулуп  ишке берилген  обьектилердин  талапка  жооп берерлиги  тууралуу депуттаттык комиссиянын  көзөмөлдөөсү жөнүндө май туруктуу комиссия жумушчу топтун жетекчиси
    2 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлүп иштер жөнүндө . май Айыл өкмөтү айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия
    3 Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштардагы элди тейлеп жаткан медициналык  мекемелердин СОVID оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана  эмдөөнүн  жүрүшү жөнүндө май туруктуу комиссия Медициналык мекемелердин  жетекчилери
    4 Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ. Май туруктуу комиссия Т Султамуратов
    5 М.Сыдыков , О.Ташкулов,Т Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү,А Мырзабеков негизги билим берүүчү, мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын акыркы конгуроо салтанатына даярдыгы жана мектеп жетечилеринин   бутүрүү кечелер боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө. май туруктуу комиссия БостоноваГ, мектеп жетекчилери
    6 Ар түрдүү маселелер
    4 1 Айыл өкмөтүнун аймагындагы  аялуу катмарлар боюнча  соц адистин жана соц кызматкердин  жүргүзгөн иштери жөнүндө сентябрь туруктуу комиссия Нурдинова Т Эшалиев А
    2 Байланыш кызматкерлеринин  калкты тейлөөдөгү абалы жана жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө сентябрь туруктуу комиссия Кулжабаев Ж Жаныбек уулу Б
    3 Жаңы  окуу жылына карата  айыл өкмөтүнүн аймагындгы мектептердин даярдыгы , ремонттордун жүрүшү жана кемчиликтери боюнча  мектеп жетекчилеринин билдирүүсу жонундө сентябрь туруктуу комиссия Мектеп  жетекчилери
    4 Ак-Жол ,Тегене ,Кечүү ,Жолборсту айылдарынын  айыл башчыларынын айыл тургундары менен  жүргүзуп жаткан  ишижөнүндө сентябрь туруктуу комиссия Айыл башчылар,
    5 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында кен казып жаткан ишканалардын экологияны сактоо жаатында жүргүзгөн иштери жөнүндө сентябрь туруктуу комиссия Т Султамуратов
    6 Ар түрдүү маселелер:
    5 1 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы. декабрь туруктуу комиссия Жетекчилер
    2 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык  кызматкеринин  мамлекеттик жыйымдарды жана  салыктарды чогултуудагы  жүргүзгөн  иштеринин абалы  жөнүндө. декабрь туруктуу комиссия Толкунбек Омораалы уулу
    3 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т Султамуратовдун  жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө жылдык отчету декабрь Айыл өкмөтү Т Султамуратов
    4 Айыл өкмөтүнүн алдындагы  Жайыт  комитетинин  жыл ичинде жүргүзгөн иши жана малдан чогулуучу  акча каражатынын абалы  жөнүндө декабрь труктуу комиссия А Коңурбаев
    5 Райкомол, Кара-Тыт, Разан-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын  эл  менен жүргүзгөн  иштери  жөнундө декабрь труктуу комиссия Айыл башчылар
    6 Ар-түрдүү маселелер:
    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы:                                                       К.Сатыбеков.


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    VII-сессиясынын

     ТОКТОМУ №2/1

    2022-жылдын 31-январы                                                                                            Ак-Жол айылы

     

    2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендинжана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынынбилдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылгакарата бюджетинин көлөмү, өздүкбекитилген кирешелер1080,2(Он миллион сексен миң эки жүз) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9(үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 10639,0(он миллион алты жүз отуз тогуз миң) сом, атайын каражаты 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп, жалпысы: 20719,2(жыйырма миллион жети жүз он тогуз миң эки жүз) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 20719,2(жыйырма миллион жети жүз он тогуз миң эки жүз)сом менен бекитилсин.
    4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдаргакиреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун жана трансферттердин көлөмү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы салык кызматкери Т.Омораалиевге милдеттендирилсин.
    6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеткеберилүүчүтеңдөөчү гранттын 2022-жылгажана 2023-2024-жылдаргаболжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна жана 11-беренесине негиз биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге, калган сумма башка керектелүүчү беренелерге жумшалаары жана коммуналдык чыгымдар(эл.энергиядан сырткары) толук каржылоого айыл өкмөтү жоопту экени белгиленсин.
    7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунанегиз 340,2(үч жүзкырк миңэки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
    8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 207,2(эки жүз жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн  резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
    9. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, соц.фонд төлөмү, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн түзгөн келишимине ылайык максаттуу трансферттин эсебинентөлөнүп берилсин.
    10. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолордуАк-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынынчечимине жана айыл өкмөтүнүн буйругуна негизжүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
    11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуукомитетине билдирүү берип туруу жагы каржы                 бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековго жүктөлсүн.
    13. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                             Ж.Алыбаев


    Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2022-жылдын 31-январындагы кезектеги VII-сессиясынын №2/1 токтомуна №2-тиркеме
    Берене Бөлүмдөр
    Жалпы сумма 20719,2
    1 Эмгек акы 4492,6 21111100
    2 Соц.фонд 679,3 21211100
    3 Сапар чыгымы 250,0 22111100
    4 Байлыныш кызматына 38,0 22122100 701
    5 Бензин АИ-92 173,3 22141100 701
    6 ДТ 140,0 22141100 701
    7 Кызматтык автоунаа тетиктерге 40,0 22141200 701
    8 Учурдагы чарбалык м-ы сатып алуу 60,0 22221200 701
    9 Көмүр 910,0 22241100 701,709
    10 Материалдык жардамдар 250,0 2721 701
    11 Резервдик фонд 207,2 28241100 701
    12 Атайын каражат 120,0 22154900 701
    13 Жайыт төлөмү(кайтарым акча каражаты) 244,6 22154900 704
    14 Орг техникаларды сатып алуу 100,0 3112 701
    15 Орг.техникалардын ремонтуна 30,0 2221 701
    16 МЧСке 350,0 2215 701
    17 Бала бакчаларды тамак аш менен камсыздоо 589,7 2218 709
    18 Ийгилик балдар бакчасына керектүү жабдууларды алуу 125,0 3112 709
    19 Жаны ачылган бала бакчага керектүү буюмдарды алуу 464,2 2222 709
    20 Шынаа балдар бакчасына ашкана 500,0 3111 709
    21 Балдар бакчаларга эл.генератор алуу 160,0 3112 709
    22 Ак-Жол айыл аймагынын намысын коргогон спортчуларга колдоо көрсөтүү 50,0 2721 701
    23 Олимпиадга барган окуучуларга жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү 30,0 2721 709
    24 Тех.надзор 100,0 2215 701
    25 Даталуу күндөрдөгү майрамдык жана спорттук иш чараларга 300,0 2215 701
    26 Проект-сметалык иш кагаздарына 765,0 2215 701
    27 Мектептерге спорт инвентар алуу 80,0 2222 709
    28 Мекеме-ишканаларды эл.лабораториядан өткөрүү 50,0 2215 709
    29 Аң-Жылгага кайрылган жерди оңдоо 40,0 2222 706
    30 Шынаа мектебинин складына аристон алуу 50,0 3112 709
    31 Райкомол Кур-Сай уч.ичүүчү суу чыгаруу 400,0 2222 706
    32 Райкомол мектебине ашкана куруу 1200,0 3111 709
    33 Райкомол мектебинин алдына брусчатка басуу 200,0 3111 709
    34 Кечүү мектебинин чатырын, айнек эшиктерин алмаштыруу 850,0 3111 709
    35 Кечүү айылына таза суу чыгарууга 150,0 2222 706
    36 Кечүү а. Мырзабеков мектебинин заборуна 100,0 3111 709
    37 Кечүү айылындагы ФАПтын короосун королоо 100,0 3111 706
    38 Тегене айылындагы спорт залга раздевалка куруу 1200,0 3111 706
    39 Разан-Таш-Көмүр маршруту б-а окуучуларды ташууга 180,0 2215 709
    40 Кызыл-Бейит а. маторлуу кайык алуу 200,0 3112 706
    41 Разан-Сай айылындагы спорт залга 1500,0 2222 706
    42 Ички жолдорду шагалдоого 500,0 3111 706
    43 Жаны конуштарга эл.мамычаларын сатып алуу(Чегир, Шынаа уч.Трансформатор),(Каткан Аңыз, Алча, Шынаа, Лесхоз, Улуу Жайык уч) 1802,1 3111 706
    44 Мектептерди ысык тамак менен камсыздоо 100,0 2218 709
    45 Эл каттоо 2022 100,0 2211,2215 701
    46 Мектептерге интерактивдүү доска алуу 200,0 3112 709
    47 М.Сыдыковдун 100 жылдыгына 100,0 2215 706
    48 Айылдарга керектүү материалдарды алып берүүгө 100,0 2222 706
    49 Грейдер иштетүүгө(ички жолдорду кардан тазалоого жана жайкысын жолдорду тегиздөөгө) 298,2 2215 706
    50 Китеп сатып алууга 50,0 3112 708
    Бардыгы: 20719,2
    0,0
    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Т.Сейитбеков


    Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    VII-сессиясынын

     2/2 ТОКТОМУ

    2022-жылдын 31-январы                                                                                                                    Ак-Жол айылы

     

                Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө

     Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты №1-тиркемеге ылайык киреше бөлүгү 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом жана чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомго бекитилип,сметасы түзүлсүн.
    2. 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты2 732,8 (эки миллион жети жүз отуз эки миң сегиз жүз отуз эки) сом 36 тыйынга кошумча смета түзүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековго жүктөлсүн.
    4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                         Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    VII-сессиясынын

     №2/3 ТОКТОМУ

     

    2022-жылдын 31-январы                                                                                                 Ак-Жол айылы

     

     2022-жылдан 1-январына карата калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүнкаржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыСейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. 2022-жылдын 1-январына карата калган 12002,0 (он эки миллион бир миң тогуз жүз элүү сегиз) сом 76 тыйын калдык акча каражаты №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековгожүктөлсүн.
    4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                            Ж.Алыбаев


    Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2022-жылдын 31-январындагы кезектеги VII-сессиясынын №2/3 токтомуна №3-тиркеме
    Берене Бөлүмдөрү
    Жалпы сумма 12002,0
    1 Кара-Тыт мектебинин ашканасын куруу 700,0 3111 709
    2 Разан-Сай ФАПты ремонттоо 150,0 3111 706
    3 Кечүү а. Мырзабеков мектебинин заборуна(к.к.) 50,0 3111 709
    4 Райкомол мектебинин короосун королоо 270,0 3111 709
    5 Жолборсту айылына спорт зал куруу 2450,0 3111 706
    6 Шынаа тротуар(к.к) 70,0 3111 706
    7 Ак-Жол а. Кичи футбол аянтчага газон салуу 1500,0 3111 706
    8 Райкомол айылындагы кичи футбол аянтчага газон салуу 1500,0 3111 706
    9 Жайыттарды жакшыртууга 50,0 2215 706
    10 Грейдер сатып алуу(өздүк салым) Хельветас 1000,0 3112 706
    11 Муниципалдык өз ара кызматташуудан түшкөн акча каражатынан грейдерге(өздүк салым)Хельветас 1000,0 3112 706
    12 Муниципалдык өз ара кызматташуудагы кайтарым акча каражаты(Хельветас) 1000,0 3314 701
    13 М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын оңдоо(өздүк салым)стим грант 581,0 3111 709
    14 Т.Тыныбеков мектебин оңдоо(өздүк салым)стим грант 594,0 3111 709
    15 Таштанды престөө(өздүк салым) 226,8 3112 706
    16 Тех.надзор(к.к.) 120,0 2215 701
    17 Ар түрдүү чыгымдар 400,0 2215 706
    кассалык накталай акчанын көлөмү 340,2
    Бардыгы : 12002,0
    кассалык накталай акчанын көлөмү 340,2
    701 1120,0
    706 8346,8
    709 2195,0
    Жалпы 12002,0
    0,0
    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Т.Сейитбеков

     


     


    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

    VII -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 3

    2022-жылдын 31-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл Окмотунун 2022-жылга карата  түзүлгөн социалдык–экономикалык өнүгүү планын бекитүү.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  VII- сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Т.Султамуратовдун Ак-Жол айыл Окмотунун  2022-жылга карата  түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып, талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  VII- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Окмотунун 2022- жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планы иш чарасы менен кошо бекитилсин(тиркеме тиркелет).
    2. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы :                                                                                   Ж.Алыбаев


     Ак-Жол айыл өкмөтүнүн

    2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы.

    Коюлган маселенин мазмуну

    Иш-чаралардын аталышы Каражат булагы жана көлөмү сом менен Күтүлүүчү натыйжа Аткаруу мөөнөтү

    Аткарууга жооптуулар

    1

    2 3 4 5 6

    7

    1.      Айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк потенциалын көтөрүү.

    1 Жумуш орундарын түзүү. Уюшулган пластик жасоочу, пескоблок чыгаруучу, швея цехтерин кеңейтип жумуш орундарын көбөйтүү. Ишкана ээлери

    500,0

    Кошумча жумуш орундар түзүлүп, айыл эли жумуш менен камсыз болот. 2022 Ишкана жетекчилери,

    айыл өкмөтү.

    2 “ИВМ” компаниясы менен иш алып баруу “ИВМ” компаниясы менен иш алып баруу Жергиликтүү калктан 40 адам жумуш менен камсыз болот 2022 “ИВМ” компаниясы,

    Айыл өкмөтү.

    3 Ак-Жол айылына тигүүчү цех куруу Ак-Жол айылына тигүүчү цех куруу Айыл тургундары жумуш менен камсыз болот 2022 Айыл өкмөтү.

    2.      Айыл чарба тармагын өнүктүрүү.

    4 Айылдарга каптаж куруу Айылдарга каптаж куруу Жазгы жана күзгү жайыттагы малдардын суу ичүүсүнө шарт түзүлөт 2022 Жайыт комитети.
    5 Мөмө жемиштерди кайра иштетүү Мөмө жемиштерди кайра иштетүү Айыл эли короосундагы мөмө жемиштерди максатуу пайдаланат.

    8-10 адамга жумуш орун түзүлөт.

    Айыл эли таза жана натуралдык суусундуктар менен камсыздалат.

    2022-2024 Айыл өкмөтү,

    Демөөрчүлөр,

    жергиликтүү жамаат,

    жаштар уюму

    6 Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканаларды уюштуруу Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканаларды уюштуруу Чет элдик инвестор

    100 млн

    Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканалар ачылат.

    Калкүзгүлтүксүз мөмө-жемиш менен камсыз болот.

    жумуш орундары түзүлөт.

    Кирешеболот.

    2022 Айыл өкмөтү,

    Жеке ишкерлер,

    Эл аралык уюмдар,

    Аксы райондук өнүктүрүү фонду

    7 Айыл аймагындагы асыл тукумдуу бодо малды өстүрүү Айыл аймагындагы асыл тукумдуу бодо малды өстүрүү 40-50 бодо мал стационардык жерде багылат.

    7-8 киши жумуш менен камсыздалат.

    Малдын сапаты жакшырат.

    Өтүмдүүлүгү жогору болуп, элдин кирешеси көбөйөт.

    2022 Айыл өкмөтү,

    жергиликтүү жамаат,

    демөөрчүлөр

    8 Иштетилбей калган жерлерди кайра иштетүү Иштетилбей калган жерлерди кайра иштетүү Иштетилбей жаткан жерлерге сафлор, беде, эспарцет, арпа, жүгөрү ж.б. эгилет.

    Калктын тоют, дан эгиндери боюнча көйгөйлөрү чечилип, социалдык-экономикалык абалы жакшырат.

    2022-2025 Айыл өкмөтү,

    жергиликтүү жамаат

    3.      Курулуш тармагы

    3.1. Мектептерди куруу жана ремонттоо

    9 Кара-Тыт айылындагы башталгыч мектепке ашкана куруу. Кара-Тыт айылындагы башталгыч мектепке ашкана куруу.. Жергиликтүү бюджет

    400,0

    Окуучулардын талапка ылайык жерде тамактануусуна шарт түзүлөт. 2022 Айыл өкмөт,

    мектеп жетекчиси.

    10 Абдылда Жолдошов атындагы мектептин складын бүткөрүү Абдылда Жолдошов атындагы мектептин складын бүткөрүү 500,0 Мектептин базасы чоңоёт 2022 Айыл өкмөтү

    3.2. Бала бакчаларын куруу жана ремонттоо

    11 Ак-Жол айылындагы жаңы курулган бала бакчаны ишке берүү Ак-Жол айылындагы жаңы курулган бала бакчаны ишке берүү АРИС уюму,

    жергиликтүү бюджет

    14000,0

    Жаш жеткинчектерге татыктуу  билим, тарбия берүү жакшырат.

    28 жаран жумуш менен камсыз болот.

    2022 Айыл өкмөт,

    АРИС,

    Аксы райондук БББөлүмү

    3.3. Спорт объектилерин куруу жана ремонттоо

    12 Ак-Жол айылындагы курулуп жаткан жабык кичи футбол аянтачасынын курулушун бүткөрүү Ак-Жол айылындагы курулуп жаткан жабык кичи футбол аянтачасынын курулушун бүткөрүү Жергиликтүү бюджет Жаштардын ден-соолугуна кам көрүлөт жана жаштар спортко тартылат. 2022 Айыл өкмөтү
    13 Тегене айылындагы спортзалдын раздевалкасын бүтүрүү Тегене айылындагы спортзалдын раздевалкасын бүтүрүү Жергиликтүү бюджет Мектеп окуучуларынын кийинип-чечинүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. 2022 Айыл өкмөтү
    14 Кечүү айылындагы спортзалды полдоо Кечүү айылындагы спортзалды полдоо Стимгрант

    1500,0

    Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат. 2022 Айыл өкмөтү

    3.4. Курулуш, ремонттоо жумуштары

    15 Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолуна асфальт төшөтүү Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолуна асфальт төшөтүү Республикалык бюджет,

    Айыл өкмөтү,

    ДЭУ-38

    Каттам жакшырат,

    Калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.

    2022 Республикалык бюджет,

    Айыл өкмөтү,

    ДЭУ-38

    16 Ак-Жол айылына

    1км тротуар куруу.

    Ак-Жол айылына

    1км тротуар куруу.

    Жергиликтүү бюджет

    1000,0

    Айыл тургундарынын жолдо басууда коопсуздугу сакталат. 2022 Айыл өкмөтү.
    17 Ичкижолдордунабалын жакшыртуу Айылдын ички жолдорун шагалдоо, тегиздөө. Жергиликтүү бюджет

    500,0

    Айыл тургундары үчүн каттам жакшырат.

    Ички жолдор шагылданып, тегизделет.

    Калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.

    2022 Айыл өкмөтү,

    ДЭУ-38,

    Жергиликтүү жамаат.

    18 Кызыл-Бейит айылына моторлуу кайык алуу Кызыл-Бейит айылына моторлуу кайык алуу 200,0 Кызыл-Бейит, Кур-Кокту айылдарынын тургундары үчүн каттам коопсуз болуп, жакшырат. 2022 Айыл өкмөтү
    19 Разан-Сай – Сары-Таш жолун оңдоо Разан-Сай – Сары-Таш жолун оңдоо Жергиликтүү бюджет Айылдын жолу жакшырат,

    каттам жеңилдейт.

    2022 Айыл өкмөтү
    20 Күрп-Сай айылынын тургундары үчүн аялдама куруу Күрп-Сай айылынын тургундары үчүн аялдама куруу Жергиликтүү бюджет Айыл эли үчүн жакшы шарт түзүлөт 2022 Айыл өкмөтү

    4.      Энергетика жана жарыктандыруу жумуштары

    21 Айыл өкмөтүндөгү жаңы конуштарга трансформатор коюу. Айыл өкмөтүндөгү жаңы конуштарга трансформатор коюу Жергиликтүү бюджет

    800,0

    Энергия системасы жакшырат.

    Айыл тургундары электр жарыгы менен камсыз болот.

    Социалдык-экономикалык абалы жакшырат.

    2022 Айыл өкмөтү,

    Аксы РЭСи.

    22 Айылдардагы эски

    0,4 электро линияларын алмаштыруу.

    Айылдардагы эски

    0,4 электро линияларын алмаштыруу.

    Жергиликтүү бюджет

    1000,0

    Энергия үзгүлтүккө учурабай берилет.

    Айыл тургундары электр жарыгы менен камсыз болот.

    Социалдык-экономикалык абалы жакшырат.

    2022 Айыл өкмөтү,

    Аксы РЭСи.

    23 Тегене айылындагы 1 км жолду жарыктандыруу. Тегене айылындагы 1 км жолду жарыктандыруу. Жергиликтүү бюджет

    200,0

    Кечкисин баскан адамдарга жакшы шарт түзүлөт. 2022 Айыл өкмөт.
    24 Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдарын электроэнергия мененкамсыздоо Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдарын электроэнергия мененкамсыздоо Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдары электроэнергия мененкамсыз болот. 2022-2025 Айыл өкмөтү,

    “Ориель Голд” компаниясы

    Демөөрчүлөр

    5.      Калкты таза суумененкамсыздоо

    25 Райкомол – Кечүү – Ак-Жол – Шынаа айылдарына

    таза суу проектисин ишке ашыруу

    Райкомол – Кечүү – Ак-Жол – Шынаа айылдарына

    таза суу проектисин ишке ашыруу

    Чет элдик инвестор

    100 млн

    Айыл жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыз болот.

    Ар кандай оорулардын алды алынат.

    2022-2026 Айыл өкмөтү

    Демөөрчүлөр

    26 Кур-Сай айылына ичүүчү таза суу чыгаруу Кур-Сай айылына ичүүчү таза суу чыгаруу Айыл тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот 2022 Айыл өкмөтү

    6.      Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүү

    27 Ак-Жол айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алуу. Ак-Жол айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алуу. Жергиликтүү бюджет, 2000,0,

    ХЕЛЬВЕТАС

    7000,0

    Айылдарда ички жолдорду сүрүп тазалап турат.

    Каттам жакшырат.

    1. “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн автогрейдер сатып алынат.

    2. Ички жолдор убагында кардан тазаланып турат.

    3. 2 жумуш оруну түзүлөт.

    2022 Ак-Жол,Жаңы-Жол,Жерге-Тал, Авлетим айыл өкмөттөрү,

    ХЕЛЬВЕТАС уюму,

    “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасы

    28 Алыскы жайыттаргажол каттамын жакшыртуу, көпүрөлөрдү салуу. Алыскы жайыттарга жол каттамын жакшыртуу, көпүрөлөрдү салуу. Жайлоого баруучу жол каттам жакшырат. 2022 Айыл-өкмөт,

    АРИС,

    жайыт комитети.

    29 Айыл өкмөттүн базасында ЖКХ уюштуруу. Айыл өкмөттүн базасында ЖКХ уюштуруу. Жергиликтүү бюджет

    368,0

    Ички жумуштарды аткаруу колго алынат. 2022 Айыл өкмөтү.
    30 Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу Калкты тейлөөнүн сапаты жакшырат.

    Алардын негизги маселелери чечилет

    Айыл өкмөтү

    7.      Туризмди өнүктүрүү

    31

    8.      Билим берүү  тармагын ѳнүктүрүү

    32 Ак-Жол айылындагы М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын жаңылоо Ак-Жол айылындагы М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын жаңылоо Стимгрант

    3 млн

    Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат. 2022 Айыл өкмөтү
    33 Тегене айылындагы Т.Тыныбеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу Тегене айылындагы Т.Тыныбеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу Стимгрант

    3 млн

    Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат 2022 Айыл өкмөтү
    34 О.Ташкулов мектебинин ашканасын куруу О.Ташкулов мектебинин ашканасын куруу Стимгрант

    3 млн

    Окуучуларга тамактануучу жай курулат.

    Жакшы шарт түзүлөт

    2022 Айыл өкмөтү
    35 Кечүү айылындагы А.Мырзабеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу Кечүү айылындагы А.Мырзабеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу 850,0 Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат 2022 Айыл өкмөтү

    9.      Саламаттыкты сактоо тармагын ѳнүктүрүү

    36 Жолборсту айылына ФАП куруу Жолборсту айылына ФАП куруу Калктын саламаттыгы жакшырат. 2022 Айыл өкмөтү
    37 Шынаа айылына ФАП куруу Шынаа айылына ФАП куруу Айыл тургундарынын саламаттыгы жакшырат. 2022 Айыл өкмөтү

    10.  Социалдык өнүктүрүү

    38 Кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү Кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү Жаш үй-бүлөлөр турак-жай менен камсыз болот. 2022 Айыл өкмөтү
    39 Авто май куйуучу жай куруу. Авто май куйуучу жай куруу. Ишкер 10 млн Айыл эли жакын жерден май куйууга шарт түзүлөт. 2022 Бешкемпиров Абдыманап,

    Айыл өкмөтү

    40 Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу. Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу. Евросоюз 38 000 евро Аймактын санитардык абалы, калктын гигиеналык маданияты, саламаттыгы жакшырат. 2022 Айыл өкмөтү

    “Ак-Жол – Тазалык” МИ

    Евросоюз

    41 Таштанды пресстөөчү, автогрейдерди токтотуучу навестерди куруу Таштанды пресстөөчү, автогрейдерди токтотуучу навестерди куруу 226миң Катуу таштандылар пресстелет.

    Автогрейдер жабык навесте токтоп турат

    2022 Айыл өкмөтү

    11.  Балдарга колдоо кѳрсѳтүүнү жакшыртуу

    42 Ак-Жол айылындагы жаңы бүткөн бала-бакчаны ишке киргизүү, штаттык бирдиктерин чечүү. Ак-Жол айылындагы жаңы бүткөн бала-бакчаны ишке киргизүү, штаттык бирдиктерин чечүү. Наристелердин мектепке чейинки билим тарбия алуусу жолго коюлат. 2022 РБББ,

    Айыл өкмөтү

    43 1-июнь балдарды коргоо күнүн жогорку деңгеелде өткөрүү. Майрамдык иш чара өткөрүү. Жергиликтүү бюджет

    100,0

    Наристелердин көңүлү көтөрүлөт. 2022 Айыл өкмөтү,

    ата-энелер.

    12.  Маданият жана спорт тармагын ѳнүктүрүү
    44

    13.  Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, эколгоиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо

    45 Көчкү коркунучу бар үй-бүлөлөр менен иш алып баруу. Коопсуз жайларга көчүрүү. Тургундар коопсуз жайларга көчүрүлөт. 2022-жыл ӨКМ

    Айыл өкмөтү

    14.  Укук коргоо тармагы жана коррупциянын алдын алуу

    46

    15.  Дин саясаты

    47 Ак-Жол айыл аймагында ар түрдүү диний агымдарга бөлүнүүгө каршы жыйындарды өткөрүү. Ханафий масхабын жана салттуу динибиз боюнча түшүндүрүү. Элдин ислам дини боюнча түшүнүгү тереңдейт. 2022 Имамдар,

    Айыл өкмөтү

     

     



    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын

    ТОКТОМУ       №  4

    31-январь.2022.ж.                                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл  Өкмөтүнүн алдындагы  Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2021-жылга карата бюджетинин  аткарылышы жана  2022- жылга карата бюджетти  бекитүү  жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  VII-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчу  маселеси  боюнча  айыл  аймактык  Кеңешинин  туруктуу комиссиясынын  төрагасы, депутат  Сейитбеков Табышалы  жана  Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн алдындагы  Жайыт  комитетинин  төрөгасы А.Коңурбаевдинберген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  VII-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасынын жылдык отчету канаттандырарлык деп табылсын.
    2. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын.(1-тиркеме)
    3. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата Жайыт комитетинин бир жылдык иш планы бекитилсин. Бюджетинин киреше бөлүгү( №2-тиркеме),чыгаша бөлүмү(№3-тиркеме) тиркемедегилерге ылайык бекитилсин.
    4. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына мал башынын  шарттуу  бирдигине негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.

    Бодо малга-56,                          ГЛФга Бодо малга -38

    Жылкы-70,                                Жылкы-48

    Жандык-12                                Жандык-8

    Эшек-56                                     Эшек-38

    Торпок-40со                             Торпок-30

     ГЗЗ учун

    1. Жайыт Комитетинин эсебинен төмөндөгу жумуштар аткарылсын:

    1)Жайлоого кеткен жолдорду оңдоп түздөө.

    2)Терс участкасындагы жайытты чегирткеге каршы дарылоо.

    3)Жайлодон качып келген мал-жандыктар үчүн Райкомол айылына мал камак (тосмо) жасоо.

    1. Жайыттардын абалын баалоо планы бекитилсин.
    2. Жайыт комитетинин төрөагасынын жана эсепчисинин айлык акысы (№4-тиркеме) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
    3. Жайыттарды чөп чабындыгаижарага берүү Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт комитетине кайрылган жарандардын турмуш шартына карап ,1 га  чөп чабынды жер айантынан ашырбастан берүү жагы колго алынсын. 1 га чөп жайыт 600(алты) жүз сомдон
    4. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлук малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына,жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-“Жайыттар жөнүндө”мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307-токтомуна негиз, жайыттан түшкөн салыктын 3/1 болугу айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын

    Ак-Жол айылдык  аймактык

    Кеңешинин  төрөгасы:                                                   Ж.Алыбаев.


    Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын

    №-4 токтому менен бекитилди.  (№1-тиркеме)

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджети

     

    чыгымдардын статьялары саны баасы суммасы
    1. Эмгек акы төрага 12 10000 120 000
    2. Эмгек акы эсепчи 12 3800 45 600
    3. Ишкананы камсыздандыруу үчүн төлөм (соцфонд.налог) 17,28% 12 28556 28556
    4. Иш сапар чыгымдары 12 2584 30 085
    5. Иш кагаз чыгымдары 12 1000 10 000
    6. Жайыт салыгы 42459
    7. Айыл Өкмөтүнө 3\1 122300
    8. Жайыт жакшыртуу 47206
    9 Жайытка мониторинг жургузуу      20 000
    10 Взнос Кыр.Жайыт     1000
      Жалпы     467206

    Эскертүү: кыйыр салыктар эске алынбай жүргүзүлгөн бюджети.

     Ак-Жол айылдык Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы:                                  Т.   Сейитбеков

     Ак-Жол ЖПБ төрагасы                                                   А.Коңурбаев

    Эсепчиси                                                                               Т.Нурманбетов


    Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын

    №-4 токтому менен бекитилди.  (№2-тиркеме)

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше  сметасы

     

     

    Малдын түрү

    Саны

     

     

    ГЛФ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма Саны

     

     

    ГЗЗ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма баары
    Бодо мал 2266 38 86108 567 56 31752 117860
    Торпок 563 30 16890 141 40 5640 22530
    Жылкы 1078 48 51744 270 70 18900 70644
    Эшек 242 38 9196 61 56 3416   12612
    жандык   11414 8 91312 2854 12 34248 125560
    Сырттан келген малдан түшүүчү киреше 10000
    Чөп чабынды 4000
    2021-ж. калдык 21 000
    Малдан тушкон киреше   255250    93956  385206
    Жууттан тушот 20000
    Кыркым кайчыдан 3000
    Пресподборщиктен 60 000
    Жалпы киреше 467206

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы                           Т.Сейитбеков

    Ак-Жол  ЖПБ  төрагасы:                                        А.Коңурбаев

    ЭсепчисиТ.Нурманбетов


    Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сессиясынын

    №-4 токтому менен бекитилди.  (№3-тиркеме)

     

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга салык алуу боюнча маалыматы

     

    малдын түрү Саны

    ГЛФ

    Которуу коэфиценти  мал түрү

    ГЗЗ

    жайыт билет акысы
    ГЗЗ ГЛФ
    1) Бодо мал 2387 1 597 56 38
    2 Торпок 590 0,7 148 40 30
    3 Жандык 12435 0,2 3109 12 8
    3 Жылкы 1116 1 280 70 48
    4 эшек 248 1 63 56 38
      баары: 6279   1572    

    ЖАЛПЫ                                                           7851

     

    Ак-Жол  айылдык  Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы:                                                             Т.Сейитбеков

    ЖПБ төрагасы :                                                                                            А.Коңурбаев

    Эсепчиси  :                                                                                                      Т.Нурманбетов


    Ак-Жол айылдык кеңешинин31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын

    №-4 токтому менен бекитилди.  (№4-тиркеме)

    Жайыт комитетинин тргасынын жана эсепчисинин эмгек акысы

    Бир айга

    Аты-жөнү назначение под налог сф 8% сф2% сумма к выдачи
    1 Коңурбаев Абдыбалы 10000 1000 748 200 8052
    2 Нурманбетов Тургуналы 3800 380 252 252 2916
    13800 1380 1000 452 10968

    Бир жылга

    Аты-жөнү назначение под налог сф 8% сф2% сумма к выдачи
    1 Коңурбаев Абдыбалы 120 000 12000 8976 2400 97824
    2 Нурманбетов Тургуналы 45600 4560 3024 3024 34992
        165600 16560 12000 5424 132816

     

    2111 137164,8
    2121 5424
    Жалпы: 17424

     

    Жайыт комитетинин торогасы:                                             А.Коңурбаев

                                     Эсепчиси:                                                    Т.Нурманбетов


    Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынын VII-сессиясынын №-4 токтому менен бекитилди. 5 тиркеме.

     

    Ак-Жол айыл округунун  жайыт пайдалануучулар бирикмесине төмөндө аталган жайыт жерлерди өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысына ылайык жайыттын инфраструктурасына тиешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин.

    Жайыттын аталышы Ченем бирдиги (га) Жалпы жайыт Анын ичинен тоо-таш 45 гр жогору Пайдаланууга жарактуу жайыт Анын ичинен 2022-жылга пайдаланууга берилет. 1 га жерге жайыт салыгы Жалпы жайыт салык суммасы
    1. Кышкы жайыт га 200 200 200 13,60 2720
    2. Ортоңку

    жайыт

    га 6112 2597 3515 1540 13,60 20944
    3. Алыскы жайыт га 4087 2737 1350 1350 13,60 18360
    Жалпы баары:

     

      10399 5334 5065 3090 13,60 42024

    Алыскы жайыт:                                                                        Жаздык-Куздук жайыт:

    Четин-Кыпчыкей-Төр              496га                                          Кара-Тыт                      323га

    Балтыркан                               104га                                               Тегене                          199га

    Чоң-Таш                                    383га                                              Шынаа                         130га

    Кум-Бел                                     367га                                              Ак-Жол                        281га

    Кышкы жайыт:                                                                      Жолборсту                   98га

    Терс                                           200га                                              Райкамол                      85га

                                                                                                                 Кечүү                             178га

                                                                                                                 Кызыл-Бейит                 125га

                                                                                                                  Разан                            96га

    Ак-Жол ЖПБ төрагасы :                     А.Коңурбаев

    Ак-Жол ЖПБ эсепчиси :                           Т.Нурманбетов

    Ак-Жол айыл

    өкмөтунүн жер адиси :                        Ы.Молорбаев



    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

     Токтом №5/1

    2022-жылдын 31-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

     

    “Келишимди бекитип берүү жөнүндө”.

    Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Жол айылдык Кеңеши

    Токтом кылат:

    Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Узаков менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун айыл өкмөтүнүн экономист-статистинин эмгек акысы, ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдары (унаа чыгымдары, байланыш кызматы, иш сапар чыгымдары, коммуналдык чыгымдары (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.) зарылдыкка жараша), канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдары боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Т.Ч.Сейитбековго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                              Ж.С.Алыбаев.



    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

     Токтом №5/2

    2022-жылдын 31-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын депутаттары күн тартибиндеги 5/2 маселеси болгон М.Сыдыков  атындагы   №17-жалпы билим берүүчү мектептин  педагогикалык жамаатынын  2021-жылдын 20-январындагы №3 -токтомун кароо жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси Т.Нурдинованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

    Токтом кылат:

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы М.Сыдыков атындагы   №17-жалпы билим берүүчү мектептин мугалими Жүндүбаев Туратбек Мамыровичти айылдын “Ардактуу атуулу” ардактуу наамына көрсөткөн педагогикалык жамаатынын  2021-жылдын 20-январындагы №3 –токтому негиздүү деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетинин төрайымы Г.Т.Бостоновага милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                              Ж.С.Алыбаев.




    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектегиVII-сессиясынын

     ТОКТОМУ №5/3

    2022-жылдын 31-январы                                                                                                       Ак-Жол айылы.  тел: 6-01-05

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө

              Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана кетирилген кемчилдиктерге баа берип Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII–чакырылышынын кезектеги VII-сесcиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы канаттандыраарлык деп табылсын.
    2. Жайыт жерлеринен түшүүчү акча каражаттарынан 2020-жылга карата толбой калган 21,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты өндүрүлүп, жергиликтүү бюджетке чегерүү жагы жаңы төрагага милдеттендирилсин..
    3. Муниципалдык менчикте турган имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдө, КРнын Өкмөтүнүн 17.06.2015-жылдагы №374-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптары сакталсын жана келишимдерди кайра түзүү жагы каралсын.
    4. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана ал кемчилдиктерди кайталабоо жагы тапшырылсын.
    5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетининтөрагасы Сейитбеков Табышалыгажүктөлсүн.

     

     Төрага:                                            Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

     Токтом №5/4

    Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө.

    “Жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жол карта жөнүндөгү” КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасында 2021-жылдын 10-декабрында болуп өткөн Кеңешменин  №25-45 протоколун аткаруу максатында Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

    Токтом кылат: 

    1. Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилчү жер тилкелеринин өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
    • Кайракы жер аянтынан 0,10га өлчөмүндө;
    • Суулуу жер аянтынан 0,08га өлчөмүндө.
    1. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча боюнча комитетинин төрагасы Т.Султамуратовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                              Ж.С.Алыбаев.

  • 2021-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын токтомдору отключены


    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын 6-декабры                                                                            Ак-Жол  айылы.

     Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жүргузгөн иши, базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жөнүндө.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендинжана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынынбилдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-тиркемеге негиз жүргүзүлсүн.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

     Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарбоюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл  башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери  жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл  башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери  жөнүндө  туруктуу комиссиянын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  калктуу конуштар боюнча  айыл башчылар жана  айыл активдери тарабынан  ысырапкорчулукка каршы жүргүзүлуп жаткан иштер канааттандырарлык  деп  табылсын.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын угуп  ,калктын  калың катмарына ыксыз чыгымдарды жою максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында  атайын  жумушчу топторду түзүү жагы колго алынсын.
    3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымына  жүктөсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин кышка карата  даярдыгы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин  кышка карата  даярдыгы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын   кезектеги Vсессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин  кышка карата  даярдыгы  өз деңгеелинде экендиги  белгиленсин.
    2.  М Сыдыков, Т Тыныбеков  атындагы жалпы билим  берүүчү мектептердин жана Ж Орозалиев атындагы негизги мектептин кышка карата даярдыктары өзгөчө  экендиги  баса белгиленип башка мектептерге  улгу деп табылсын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти  башкаруу  адисинин билдирүүсү жонүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясынын күн тартибиндеги    4-маселеси ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча  айыл өкмөтүнүн        айыл чарба    жана муниципалдык    менчикти  башкаруу  адиси Ы Молорбаевдин   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги V сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПЗ нын жер аянттарынын арендага берилиши  жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Аренда акысын  өз мөөнөтүндө  төлөбөгөн  атуулдарга  кийинки жылга   келишим  бузула тургандыгы  эскертилсин жана аткарууга алынсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин..

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы   башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы   башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү      мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги V сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймагындагы башталгыч,негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилишинде таттуу токоч,пряниктер жана булочкалар мөөнөтү сакталбай жеткирилип жаткандыгы баса белгилнсин.
    2. Мектеп жетекчилигине райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мындай терс көрүнуштөрдү тез аранын ичинде колго алуу жагы эскертилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/1

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айылындагы Акматбек Султанмуратов атындагы №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 8/1-маселеси болгон Акматбек Султанмуратов №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча  адиси Нурдинова Таттыбүнүн билдирүүсүн жана Билим берүү ,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясы

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл аймагынын  Ак-Жол айылында №30- мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
    2. Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы”наамдарынын ээси Султанмуратов Акматбек Султанмуратовичтин көп жылдар бою Жергиликтүүөз алдынча башкаруу  органына сиңирген эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа  айылындагы №30-мектепке чейинки билим берүү уюмуна   анын ысмы  ыйгарылсын.
    3. Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруу маселесин чечүү  Ак-      Жол айыл Өкмөтүнун башчысы  Т Султамуратовго милдеттендирилсин.
    4. Ак-Жол айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго  ылайык  келтирсин
    5. Бул токтомду мамлекеттик  реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал-Абад облустук юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев

  • 2021-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи отключены


     

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

     Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо

    Ак-Жол айылдык кешинин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын трагасы Т.Султамуратовдун жана Аксы токой чарбасынын директору П.Жабайкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
    2. Кызыл-Бейит,Кур-Кокту айылдарынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылып, Аксы токой чарбасынын директоруна салынып жаткан жолдон зыян тарткан  арча дарактарын кайрадан  отургузуу жагы  милдеттендирилип келтирилген зыяндын ордун  толуктоо багытында иш алып баруу жагы  жүктөлсүн..
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев


     

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө  айыл өкмөттүн башчысы Т.Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясы

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-2024-жж. кабыл алган социалдык-экономикалык өнүгүү багыты боюнча түзүлгөн иш аракеттер планы жактырылсын.
    2. Кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча мезгил-мезгили менен эл алдында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                              Ак-Жол  айылы.

    “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезектеги III-сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги III-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Осмонбек” ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Ыбрайымовдун кирпич заводун куруу жөнүндөгү көтөргөн маселеси мезгил талабына үндөш келерлиги белгиленсин.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына ылайык айыл өкмөттүн аймагына кирпич заводун курууга макулдук берилсин.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

     

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин калк арасында КОВИД -19 оорусунунун алдын алуу багытында жүргүзүп жаткан иштери алгылыктуу деп табылсын.
    2. Калк арасында вакцинациялоо иштерин алып барып, калктын калың катмарына КОВИД-19 илдетинин кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Кубатбек уулу Теңдиктин калктын калың катмары менен иш алып баруусу өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
    2. Альтернативдик кызмат өтөгөн уландар менен белгиленген нормадагы жумушту жасоо жаатында айыл өкмөт башчысы менен биргеликте тыгыз иш баруу жагы милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясынын күн тартибиндеги    6-маселеси Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Тегене айылынын айыл башчысы А.Коңурбаевдин жалпы айыл эли менен иш алып баруусу жанамамлекеттин саясатын жүргүзүү жаатында жасалган иштери жакшы деп табылсын.
    2. Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзгөн жумуштары канааттандыраарлык деп белгиленсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.1

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү  жобону бекитүү

     

    Бул Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү деилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.

    Жогорудагылардын негизинде Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” жобо бекитилсин.
    2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу 11 адамдан түзүлсүн. (тиркеме тиркелет).
    3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин akjol.el.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Сатыбеков Келдейбайга тапшырылсын.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев


    Тиркеме 1

    Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнүн тизмеси

     

    ФИО Кызмат орду Жашаган дареги Жумушчу топтогу ээлеген кызматы
    1 Сейитбеков Табышалы А/К депутаты Райкомол айылы БМжБ тобунун төрагасы
    2 Султамуратов Таалай А/К депутаты Ак-Жол айылы Мүчө
    3 Бостонова Гүлнара А/К депутаты Райкомол айылы Мүчө
    4 Оңолов Келсинбек А/К депутаты Тегене айылы Мүчө
    5 Мырзагулов Айдаралы Ак-Жол айылынын айыл башчысы Ак-Жол айылы Мүчө
    6 Токтобаев Индусбек Райкомол айылынын айыл башчысы Райкомол айылы Мүчө
    7 Райымбеков Базаралы Жолборсту айылынын айыл башчысы Жолборсту айылы Мүчө
    8 Коңурбаев Абдыбали Тегене айылынын айыл башчысы Тегене айылы Мүчө
    9 Раманов Күлчоро Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы Кызыл-Бейит айылы Мүчө
    10 Жанаев Асылбек Кечүү айылынын айыл башчысы Кечүү айылы Мүчө
    11 Омораалиев Толкунбек Айыл өкмөттүн салык кызматкери Ак-Жол айылы

    Мүчө



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.2

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    №2336 жана №2341 участкалык шайлоо комиссияларга жаңы кирген мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7.2-маселеси №2336 жана №2341 участкалык шайлоо комиссияларга жаңы кирген мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. №2336-2341 — участкалык шайлоо комиссияларына мучөлүккө кошумча киргизилген жергиликтүү тургундардын тизмеси жактырылсын.
    2. №2336-2341 — участкалык шайлоо комиссияларына мүчөлүккө кирген тургундардын тизмеси Аксы райондук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.

     

     

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.3

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7.3-маселеси Тегене айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө кенештин депутаты К.Оноловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ: 

    1. Тегене айылынын Мазар участкасындагы Т.Тыныбеков жалпы билим берүүчү орто мектебине жанаша курулуучу спортзалга макулдук берилсин..
    2. Курулуучу спортзалдын тиешелүү иш-кагаздарын тактап, долбоордун сметасын чийдирүү Тегене айылынын айыл башчысы А.Коңурбаевге жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин.

     

     Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7.4

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Тегене айылындагы ФАПтын жанына айылдык Китепкана жана  сквер куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7,4-маселеси болгон Тегене айылындагы ФАПтын жанына айылдык  Китекана жана  сквер куруу үчүн жер    аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  жер адисинин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Тегене айылына айылдык Китепкана  куруу жана сквер куруу демилгеси  учур  талабы деп табылсын жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин..
    2. Бул көтөрүлгөн  маселе боюнча иш алып баруу жана тиешелүү ишкагаздарын даярдоо жагы  айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы Молорбаевге  жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев

  • 2021-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын токтомдору отключены

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы

    Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына

    айыл статусун ыйгаруу жөнүндө

                   

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX-сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Шынаа жана Бел-Өрүк айылдарына  айыл статусун ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана   талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Бел-Өрүк, Шынаа айылдары айыл статусун алууга талап кылынган нормалары туура келгендиктен аталган айылдарга айыл статусу ыйгарылсын.
    2. Тиешелүү инстанцияларга даярдалган документтерди тактап жөнөтүү айыл өкмөтүнүн катчысына милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго жүктөлсүн.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндө

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругун бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 15.02.2021-жылдагы №23-б буйругунда көрсөтүлгөн 2021-жылга карата айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн, бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн, айып акыларды, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды бекитүү жөнүндөгү буйругу негиздүү деп табылсын.
    2. Кабыл алынган буйруктагы бардык көрсөткүчтөр, кызмат көрсөтүү тарифтери элдин калың катмарына жеткирилсин.
    3. Бул буйрукту аткарбаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык жаза чарасы колдонулаары жөнүндө маалымат баардык атуулдарга жеткирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

     

    ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Айыл өкмөтүнүн  борборундагы айылдык  маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаны курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү жөнүндө.

     

                   Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси айыл өкмөтүнүн  борборундагы айылдык  маданият үйүнүн эскилиги жетип авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаңы курулуш куруу үчүн аны бузууга уруксаат берүү боюнча ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

     

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн борборундагы айылдык маданият үйүнүн эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиги туура экендиги белгиленсин.
    2. Жаңы маданият үйүн куруу үчүн эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюуга макулдук берилсин.
    3. Эски маданият үйүнүн курулуш материалдарын базар наркында сатыкка коюу үчүн жумушчу комиссия түзүлсүн жана жумушчу комиссиянын курамына аксакалдар кеңешинен, аялдар кеңешинен, айылдык кеңештин депутаттарынан, жаштар уюмунан тартылсын.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы”учаскасына эмгек ардагери Алыбаев  Алимбектин ысмын  ыйгаруу жөнүндө.

     

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXХ -сессиясынын күн тартибиндеги    4 маселеси Ак-Жол айылынын “Моңолдун сайы”учаскасына эмгек ардагери Алыбаев  Алимбектин ысмын  ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXХ-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Эмгектин ардагери, маркум Алыбаев Алимбектин мамлекетке жана элге жасаган үзүрлүү эмгегин баалоо менен “Моңол-Сай” учаскасындагы көчөгө ысымы ыйгарылсын.
    2. Ыйгарылган көчөнүн тазалыгына, сакталышына кам көрүү жагы эмгек ардагери Алыбаев Алимбектин уул-кыздарына милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ №5

    2021-жылдын 17-февралы                                                             Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы көп жылдан берки үзүрлүү эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Токтобаев Анаркулга ыйгарылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 17-февралы                                                                                             Ак-Жол  айылы.

     

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 6-маселеси Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Көк бөрү” федерациясынын мүчөлөрүнүн айылдык Кеңешке, айыл өкмөтүнө кайрылган кайрылуусу негиздүү деп табылып, Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысымы ыйгарылсын.
    2. Моңол-Сай учаскасындагы ат майданынын учур таладына ылайык сакталышына жоопкер болуп иш алып баруу жагы уулу Сапаралиев Мырзабекке жүктөлсүн.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7

    2021-жылдын 17-февралы                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXXсессиясынын күн тартибиндеги 7 маселеси Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Тегене айылынын тургундарынын ден-соолугунун чың-болуусу үчүн көп жылдык эмгегин, ден-соолугун арнаган атуул Маматова Гүлипа Молошовнанын ысмы өзү эмгектенген Тегене айылындагы ФАПка ыйгарылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Оңолов Келсинбекке милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев.

     


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    №8/1 ТОКТОМУ

    2021-жылдын 17-февралы              Ак-Жол айылы

     

    Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу жана төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

     

    Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Ак-Жол айылындагы балдар бакчасын уюштуруу максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизХXХ-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айылындагы балдар бакчасына бара турган балдарды тамак-аш жана башка керектөөлөрү менен камсыз кылуу үчүн ар бир балага бир күнгө ата-энелери тарабынан 20(жыйырма) сом өлчөмүндөгү төлөм бекитилсин.
    2. Балдар бакчасындагы балдарды үч маал ысык тамак менен жана башка керектөөлөрү менен өз убагында камсыздоо Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
    3. Балдардын катышына карап акча каражатынын чогулуусун камсыз кылуу Ак-Жол айылдык балдар бакчасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
    4. Чогулган акча каражатын максаттуу пайдалануу жана сатып алууларды жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин
    5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевгемилдеттендирилсин.
    7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    №8/2 ТОКТОМУ

    2021-жылдын 17-февралы                                     Ак-Жол айылы

     

    Ак-Жол айылындагы муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык объектилерди ижарага берүү максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизХXХ-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айылындагы базарга сатуучулардын, соодагерлердин жана сатып алуучулардын аз санда келип жаткандыгын эске алуу менен Ак-Жол айыл өкмөтүнө төгүлүүчү ижара акынын көлөмү бир айга 3,0(үч миң) сомдон 1,0(миң) сомго түшүрүлсүн.
    2. Базардын ижара акысын ар бир айда Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебине төгүп туруу жагы Ак-Жол базарынын базаркому Н.Мырзабековго милдеттендирилсин.
    3. Ак-Жол айылындагы эски мечиттин имаратында пластикалык айнек, терезе жасоо менен алектенген Абайдын ишкердигин колдоо жана жеңилдик берүү максатында бир жылга ижара акысынан бошотулсун.
    4. Ак-Жол айылында тиш дарылоочу жай үчүн Ак-Жол айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан берилген бөлмөнү ижарага берүүдө, тиш дарыгер Н.Жабаев тарабынан 7(жети) жашка чейинки балдарга жана 70(жетимиш) жаштагы пенсионерлерге акысыз кызмат көрсөтүү жагын милдеттендирүү менен ижара акысынан бошотулсун.
    5. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевгежүктөлсүн.
    7. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

    ТОКТОМУ  №8/3

    2021-жылдын 17-февралы                          Ак-Жол  айылы.  тел: 6-01-05

     

    “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнчаМАК  КЖАПтын өздүк салымын бекитүү жөнүндө жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз ХXХ-сесcиясы

     

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жолайылөкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен МАК (муниципалитеттер аралык кызматташуу) КЖАПты ишке ашыруу үчүн өздүк салым 1000,0(бир миллион) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен “Ак-Жол тазалык” муниципалдык ишканасына 368,7,0(үч жүз алтымыш сегиз миң жети жүз жыйырма) сом субсидия багытында акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    3. “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюму тарабынан МАК КЖАПты ишке ашыруу үчүн берилүүчү 5000,0(беш миллион) сом өлчөмүндөгү грантты бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
    4. Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышкан айыл өкмөттөрдүн өздүк салымдарын; Жерге-Тал айыл өкмөтү 350,0(үч жүз элүү миң) сом, Авлетим айыл өкмөтү 400,0(төрт жүз миң) сом, Жаңы-Жол айыл өкмөтү 250,0(эки жүз элүү миң) сом жалпысынан 1000,0(миллион) сом акча каражатын кириштөө максатында бюджеттинкиреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планына отургузулсун.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
    6. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     

     

       

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                        Т.Батыралиев

  • 2021-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын токтомдору отключены

    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз

    III-сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын  23-июлу                                                                                         Ак-Жол айылы

                                                               

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы  Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-тиркемеге негиз жүргүзүлсүн.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

     

                Төрага:                                                                                             Ж.Алыбаев


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2021-жылдын 23-июлундагы кезексиз
    III-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме
    Кыскаруу Кошуу
    Аткарылуучу иштер Сумма. Мин сом берене Бөлүм Аткарылуучу иштер Сумма. Мин сом берене Бөлүм
    1 Балдар бакчасынын башка чыгымдары 500000 2215 709 Балдар бакчасы(доп)жаны 182000 3111 709
    2 Балдар бакчасынын жабдууларына 55500 3112
    3 Балдар бакчасынын очок канасы, туалет 139800 3111
    4 Балдар бакчага чарба материалдарды алуу 22700 2222
    5 Жаны балдар бакчасынын жабдууларына 100000 3112
    6 Ак-Жол айылдык маданият үйүнүн курулушу 4600700 3111 708 Таза суу Шынаа уч.шланга 700000 3111 706
    7 Н.Борош уулунун эстелигине(кошумча) 170000 3111 706
    8 Ан-Жылга уч.дагы жыл сайын сел алып, жолдун жээгин жеп жаткан жерди алын алуу жана калыбына келтирүү иштерине 78000 2215 706
    9 Погурузчик иштетүү жолдорду ондоо 27300 2215 706
    10 Трансформатор Кечүү 165000 3111 706
    11 Курулуш материалдарына 50000 2222 706
    12 Раң уч. Трубаны которуу 61000 2222 706
    13 Тегене китепканасына компьютер 30000 3112 708
    14 Ж.Орозалиев мектебинин жана короосунун ремонтуна 60000 2222 709
    15 Кур-Сай уч. Суу алып келууго 157600 3111 706
    16 Эчкили уч. 200дук труба алуу 145 м 391500 3111 706
    17 Разан-Сай трансформатор 165000 3111 706
    18 О.Ташкулов мектебине печка алуу 100000 3112 709
    19 Райкомол айылына копуро куруу 300000 3111 706
    20 Жолборсту айылына 250лук труба 15 м 45000 3111 706
    21 Жолборсту айылыдагы сел алган көпүрөлөрдү калыбына келтирүү 610500 3111 706
    22 Тегене капташка кошумча 50000 3111 706
    23 Тегене айылындагы жаны конушка трансформатор 165000 3111 706
    24 Разан-Сай эл.чубалгы 2км 89800 3111 706
    25 Таштанды престөө өздүк салым 150000 3112 706
    26 Разан-Сай түнкү жарык 35000 3111 706
    27 Ар түрдүү чыгымдар 200000 2215 706 О.Ташкулов мектебине ашкана 1200000 3111 709
    Жалпы 5300700 Жалпы 5300700
    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын трагасы:  

     

    Т.Сейитбеков


     




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    ОсОО “Ак-Жол  плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө

                    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “Ак-Жол  плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКсынын жетекчилигине Ак-Жол айылынын жергиликтүү тургундары менен көтөрүлгөн маселе боюнча бир пикирге келүү жагы сунушталсын.
    2. Жалпы айыл тургундарынын макулдугунун негизинде гана тиешелүү чечим чыгарылып берилери жөнүндө “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКнын жетекчилигине маалымдалсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Алыбаев Ж




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Осмонбек” ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Ыбрайымовдун кирпич заводун куруу жөнүндөгү көтөргөн маселеси мезгил талабына үндөш келерлиги белгиленсин.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына ылайык айыл өкмөттүн аймагына кирпич заводун курууга макулдук берилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Алыбаев Ж.




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

    ОсОО ”ИВМ”ишканасынын  ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    4-маселеси ОсОО ”ИВМ”ишканасынын  ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. ОсОО “ИВМ” ишканасынын ген.директору Д.А.Балтабаеванын кайрылуусу канааттандырылсын.
    2. Бөлүнүп берилген жер аянтын жер кодексинин мыйзамдарына негиз иштетүү ОсОО “ИВМ” ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                         Ж.Алыбаев




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусу канааттандырылсын.
    2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Ж.Алыбаев.




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    6-маселеси “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бухгалтери Т.Нурманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын түзгөн “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасынын долбоору жактырылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин..

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                                Ж.Алыбаев

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]