[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2020-жылдагы кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын чечимдери отключены


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XXI-сессиясынын

    ТОКТОМУ №1/1

    2020-жылдын 29-январы                                                                                                                     Ак-Жол айылы

    2020-жылга карата Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXI-сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.

    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү

    №2-тиркемелерге ылайык 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом менен бекитилсин.

    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адис жана “таза коом” кызматкерлеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөнүп берилсин.

    4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 283,0(эки жүз сексен үч миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.

    5. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругуна негиз жүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.

    6. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык

    кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

    7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                   Т.Батыралиев

     Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 2020-жылдын 29-январындагы кезектеги

    XXI-сессиясынын №1/1 токтомуна №2-тиркеме

         
             
        статья бөлүмдөр
      Жалпы сумма 18770,1    
    1 Эмгек акы 4047,9 21111100  
    2 Соц.фонд 607,3 21211100  
    3 Сапар чыгымы 300,0 22111100  
    4 Байлыныш кызматы 38,0 22122100 701
    5 Бензин 124,0 22141100 701
    6 Запчаст 45,0 22141200 701
    7 Учурдагы чарбалык м-ы сатып алуу 60,0 2222 701
    8 Көмүр 853,2 22241100  
    9 Эл.энергия 794,5 22311200  
    10 Материалдык жардамдар 200,0 2721 701
    11 Резервдик фонд 187,7 28241100 701
    12 Атайын каражат 120,0 22154900 701
    13 Жайыт төлөмү 244,6 22154900 704
    14 МЧСке 200,0 2215 701
    15 Орг техника 65,0 3112 701
    16 Орг техникалардын ремонтуна 15,0 2221 701
    17 Райкомол айылына столба 140,0 3111 706
    18 Мектептерди лабороториядан өткөрүү 45,0 2215 709
    19 Кечүү айылындагы спорт аянтчага газон 370,0 3111 709
    20 Ак-Жол айылына жабык мин футбол аянтча куруу 2000,0 3111 706
    21 Паркка фонтан 500,0 3111 706
    22 Ныязаалы Борош уулунун эстелигине 1388,0 3111 706
    23 Разан-Сай ФАП ремонт 70,0 3111 706
    24 Кечүү айылындагы Бир-Таман уч.столба, зым алуу 286,5 3111 706
    25 Тегене айылындагы Кызыл уч.таза суу 200,0 2222 706
    26 Тегене айылындагы Жон уч.столба, зым алуу 192,0 3111 706
    27 Кара-Тыт мектебине ашкана куруу 430,0 3111 709
    28 Ак-Жол айылына 1 км 250м тротуар 1300,0 3111 706
    29 Врачка 50,0 2721 706
    30 Улуу жеңиштн 75 жылдыгын өткөрүүгө 30,0 2215 701
    31 Баткен, Афган согуш ардагерлерине, резервдик ротага 100,0 2215 701
    32 Айыл өкмөттү ген.планына 250,0 2215 701
    33 Аксакалдар, аялдар, жаштар кеңешине 60,0 2215 701
    34 Кур-Сай уч. алыш 16,0 2215 706
    35 Сыдыков мектебине отургуч 250,0 3112 709
    36 Райкомолдогу кичи футбол аянтчага 170,0 3111 706
    37 Сыдыков мектебине орг.техника алууга 45,0 3112 709
    38 Жолдошев мектебинин алдын бетондоо 35,0 2221 709
    39 Жолдошев мектебине экспертной, корутунду чыгарып жер алууга 700,0 3141 709
    40 Шынаа спорт залына ажааткана 250,0 3111 706
    41 Райкомол мектебине комуз алуу 20 3112 709
    42 Мектептерге спорт инвентарь алуу 50,0 2222 709
    43 Жолборсту айылына жабык спорт аянтча 1100,0 3111 709
    44 Жолборсту мектебине печка алуу 200,0 3112 709
    45 Жолборсту мектбине видеокөзөмөл 40,0 3112 709
    46 Ар түрдүү чыгымдар 415,4 2215 701
    47 Жолборсту айылына труба 200түк 120,0 2222 706
    48 Кечүү айылынын ФАП заборуна 45,0 2222 706
      Бардыгы : 18770,1    
             
             
     Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш

    иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы:

      Э.Эшалиев  


    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын

    №1/2 ТОКТОМУ

    2020-жылдын 29-январы                                                  Ак-Жол айылы

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө

    Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXI-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты №1-тиркемеге ылайык киреше бөлүгү 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом жана чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомго бекитилип, сметасы түзүлсүн.

    2. 2020-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты 190,1 (бир жүз токсон миң алтымыш жети) сом 70 тыйынга кошумча смета түзүлсүн.

    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                      Т. Батыралиев.

     2020-2021-2022-жылдарга карата кирешелер боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин

    VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын №1/1, 1/2-токтомдоруна №1-тиркеме

               
                   
                   
      Бюджеттик классификация       план 2020 план 2021 план 2022
      кирешелердин аталышы            
    11111100 Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы       1852,0 2326,0 2473,0
    11121100 Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык       14,8 14,8 14,8
    11122100 Милдеттүү патенттин негизиндеги салык       2,0 2,0 2,0
    11122200 Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык       96,3 96,3 96,3
    11311200 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык       23,7 23,7 23,7
    11312200 Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык       370,0 370,0 370,0
    11321100 Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы       91,5 91,5 91,5
    11321200 Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы       103,2 103,2 103,2
    11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       152,7 152,7 152,7
    11412100 Сатуудан салык       1,0 0,0 0,0
    11462130 Көмүр       1247,0 1295,0 1320,0
    13321200 Тендөөчү гранттар       8937,1 8591,9 8758,2
    14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы       2215,0 2215,0 2215,0
    14152100 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       228,0 228,0 228,0
    14152200 Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр       366,9 366,9 366,9
    14152600 Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы       2718,9 2718,9 2718,9
    14238900 Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы       120,0 120,0 120,0
    14511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр       230,0 230,0 230,0
      Жалпы       18770,1 18945,9 19284,2
                   
                   
      Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери:         Н.Мырзатаев  


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын

    №1/3 ТОКТОМУ

    2020-жылдын 29-январы                                                      Ак-Жол айылы

    2019-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сесcиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. 2020-жылдын 1-январына карата калган 8653,5 (сегиз миллион алты жүз элүү үч миң төрт жүз сексен бир) сом 26 тыйын калдык акча каражаты №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

    2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.

    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

    Төрага:                                      Т. Батыралиев

    2020-жылдын 29-январындагы Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын № 1/3 токтомуна №3-тиркеме 
        Берене Бөлүмдөрү
      Жалпы сумма  8653,5
    1 Майрамдарга, спорттку иш чараларга  250,0 2215 706
    2 Бала бакча курууга 3646,7 3111 706
    3 Ак-Жол айылына жабык  мин футбол аянтча куруу 1200,0 3111 706
    4 Дизель күйүүчү майы 199,1 2214 706
    5 Бала-бакча 2019 каражаты 299,3 3111 706
    7 Бала бакчанын кошумча жумуштарын бүткөрүүгө 300,0 3111 709
    9 Шынаа мектебинин эл.монтажы 13,5 2215 709
    10 Разан-Сай мектебинин ремонтуна 255,0 3111 709
    11 Шынаа спорт залына ТУ, кабель, эл.эсептегич 33,0 2215 706
    12 Шынаа спорт залына лавка 15,3 3112 706
    13 Маданият үйүнө, тротуарга, кеңештин кабинетине, баладар аянтчасына, ажааткананын ПСД 375,0 2215 706
    14 Эл.эсептегичке, тех.условияга жалпы 35,0 2215 706
    15 Тегене спорт залынын жылуулук системасы 270,1 3111 709
    16 Технадзор 28,0 2215 706
    17 Компьютер алууга  25,0 3112 701
    18 Разан-Сай-Таш-Көмүр-Разан-Сай окуучулдар каттамы 117,0 2215 709
    19 Шынаа тротуар курууга 1098,7 3111 706
    20 Ар түрдүү чыгымдар 207,8 2215 706
    21 кассалык накталай акчанын көлөмү  285,0    
      Бардыгы :  8653,5    
      кассалык накталай акчанын көлөмү  285,0    
      706 7388,0    
      701 25,0    
      709 955,5    
      Жалпы 8653,5    
             
             
             
    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы:   Э.Эшалиев 


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2020-жылдын 29-январы.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин   2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  ХХI -сессиясынын күн тартибиндеги  ,экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  ХХI -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылдык  Кеңешинин   2020-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык  Кеңешинин   кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол   айылдык  Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловко милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

              Кеңешинин  төрагасы:                                                         Т.Батыралиев.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги

    ХХI -сессиясынын № 2-токтому менен бекитилди.

      Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин vıı-чакырылышынын депутаттарынын

    2020-жылга карата  И Ш    П Л А Н Ы.

               
                                   Аткарылуучу иштин мазмуну. Өтүү мөөнөтү Ким жооптуу Докладчы
    1 1. Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2019-жылдын 27-декабрында кабыл алынган 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн  бекитүү январь  туруктуу комиссия Туратбек у Б, Эшалиев Э
      2 Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин 2020-жылга карата кабыл алган иш планын бекитүү. январь  жооптуу катчы К.Сатыбеков
      3 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жыл -Региондорду  өнүктүрүү ,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата  түзүлгѳн социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү. январь  ѳкмѳт башчы Б.Мырзагулов
      4 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү.  январь туруктуу комиссия Н.Молдобаев Т.Нурманбетов
      5 Ар түрдүү маселелер: 5/1 Хельветас уюмунун 2020-жылга карата  окуу тренингдерин жана  иш чараларын өткөрүүгө бөлүп берген 188400 сомакча каражатын бекитип берүү жөнүндө январь  айыл өкмөтүнун өкүлү А Сатыбалдиев
    2 2 Ак-Жол айыл аймагындагы  калктуу конуштардын тургундарынын 2005-жылы системалык каттоо убагында туура эмес каталгандарды тактоо жөнүндө  январь  турак-жай адиси Ы Молорбаев
      3 «Тосой эл аралык соода өндүрүш фирмасы» ЖЧКсынын генералдык директору С. Т.Тургуновдун  арызын кароо жөнүндө . январь  турак-жай адиси Ы Молорбаев
      4 Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча чыккан  буйрукту  кароо ,бекитүү январь  жайыт комитети Р Молорбаев          Н Молдобаев  Т Суеркулов
      5 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган  мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө  январь  турак-жай адиси Ы Молорбаев
      6 «Ак-Жол  Плейсер » ЖЧКсынын кайрылган кайрылуусу жөнундө   январь  турак-жай адиси Ы Молорбаев
      7 Ак-Жол айыл аймагынын «Ардактуу атуулу «наамын ыйгаруу жөнүндө  январь     
    2 1 Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо. апрель туруктуу комиссия Бакеев Ж, Жусупбаев Т
      2 Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол ПОМунун кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. апрель туруктуу комиссия У.Куттубаев, участкалык инспектор
      3 Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата айыл аймагындагы мектептердеги соц.педагогдордун жүргузгөн иштери жөнүндө апрель туруктуу комиссия У.Куттубев, Г.Бектеналиев
      4 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун алдындагы  Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жургузгон иши,базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жонундо апрель туруктуу комиссия Э.Эшалиев,
    Н.Мырзабеков
      5 АК-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлүп иштер жөнүндө . апрель Айыл өкмөтү  айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия
      6 Ар түрдүү маселелер: апрель    
    3 1 Ак-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол , Райкомол айылдарында элди тейлеп жаткан тиш дарыгерлеринин элди тейлөөсү жана жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө  август туруктуу комиссия Ж.Рыспаев, Казыбекова С
      2 М.Сыдыков , О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү, Ж.Орозалиев негизги билим берүүчү,  А.Жуманазаров атындагы  башталгыч мектептеринин жаны окуу жылына карата даярдыгы жана мектеп жетекчилеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө. август туруктуу комиссия Ж.Рыспаев, мектеп жетекчилери
      3 Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ. август  туруктуу комиссия М.Азимбеков
    Ж.Бакеев
    К. Кулматов
      4 Шынаа айылындагы спорт залдын абалы ,жаштарды тейлөөсү, андан түшкөн жыйымдардын иштетилиши. август туруктуу комиссия М.Азимбеков
    Ж.Бакеев
    К. Кулматов
      5 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларынын абалы, шайлоого карата даярдыгы жонундо.  август айыл өкмөтү  Сатыбеков К, айыл башчылар
      6 Ар түрдүү маселелер. август    
    4 1 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгѳн иштеринин абалы жѳнүндѳ. ноябрь туруктуу комиссия Н.Мырзатаев, Э.Эшалиев, А.Станбеков
      2 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы. Майыптар менен иштөөнүн абалы, калктын аялуу катмарына берилип жаткан жардамдар жөнүндө. ноябрь туруктуу комиссия Ж.Рыспаев,
    С.Казыбекова
    А.Сатыбалдиев
      3 Айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун, спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер  жѳнүндѳ. ноябрь айыл өкмөтү Жаштар комитети
      4 Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бѳлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгѳн иштери, элди тейлѳѳдѳгү абалы. ноябрь туруктуу комиссия Ж.Кулжабаев  Э.Эшалиев
      5 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2020- Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүргүзгөн иши жөнүндө жылдык отчету  ноябрь   Б.Мырзагулов
               
                      Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы :                                                                                 К.Сатыбеков.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2019-жылдын 29-январы.                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл Окмотунун 2020- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана  балдарды

    колдоо жылына” карата  түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планын бекитүү.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун Ак-Жол айыл Окмотунун  “2020- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана  балдарды колдоо жылына” карата  түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

     

    1. Ак-Жол айыл Окмотунун “2020- Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата  түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планы иш чарасы менен кошо бекитилсин(тиркеме тиркелет).
    2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги

    ХХI -сессиясынын №3-токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүүжана балдарды колдоо жылына” карата Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн түзгөн социалдык-экономикалык өнүгүү иш аракеттеринин

    ПЛАНЫ

     

     

     

     

    Аткарылуучу иштердин мазмуну

     

     

    Иш-чаралар

     

     

    Күтүлүүчү жыйынтык

     

     

    Мөөнөтү

    Аткарыл-

    гандыгы тууралуу маалымат

    Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
    1 Жогорку органдардан берилген тапшырмаларды так  аткаруу

     

    -айыл аймагынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу. Стратегиялык планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө жетишүү. Айылдын экономикасын  жогорулатуу. Жыл ичинде
    2 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү ,санариптештирүү  жана балдарды колдоо жылына карата  Кыр Рес президентинин жарлыгына ылайык аракеттенүү. Айыл Өкмөттүн канторасына,мектептерге интернет улатуу.Бардык айылдарды байланыш түйүндөрү менен камсыздоо.Мигранттардын  аз камсыз болгон уй-булолордун  балдарын тактоо. Санариптештирүү колго алынып.Интернет байланышы күч алат.Элди тейлөө жакшырат.мигранттардын  балдары ,аз камсыз болгон уй-булолордун балдары коомчулуктун көз алдында болот. Жыл ичинде
    3 Бузуулар кодекси боюнча иш алып баруу . 2019-жылы жаны  ишке кирген мыйзамдар ды ишке ашыруу боюнча түшүндурүү иштерин  жүргузүү. Жаныдан  ишке кирген мыйзамдар боюнча тушундүрүү иштерин жүргүзүү..Бузуулар кодекси боюнча тнымсыз иш жүргүзүү Мыйзамды  сыйлоону, урматтону аткарууну колго алабыз. Жыл ичинде
    4 Аппарат кызматкерлеринин элди тейлөөсүн жакшыртуу максатында орг.техника менен камсыздоо. -жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом бөлүү

    -аппарат кызматкерлерин 100% орг.техника менен камсыз кылуу

    -кызматкерлердин үзгүлтүксүз, тоскоолдуксуз иштөөсүнө шарт түзүү,элди кезексиз тейлөө.

    Калкты тейлөө сапаты бир топ жакшырат. Жыл ичинде
    5 Диний кырдаалды жөнгө салуу экстремизмдин алдын алуу. Ханафий масхабы боюнча иш алып баруу. -айыл активисттери, билим берүү тармагы, коомдук уюмдар, имамдар, участкалык инспектор,ИДН менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

    -учурда көйгөйлүү маселеге айланган Сирия, Ирак, “Ислам малекети” тобу, Украина темалары боюнча калк арасында, айрыкча жаштар менен чогулуштарды байма-бай  өткөрүү.

    Чыр-чатактардын, диндик болунуп-жарылуунун алдын алуу. Экстремизмге жол бербөө.Туура эмес агымдарга бөгөт коюлат. Ар дайым
    6 Айыл аймагында эл биримдигин чыңдоо. Түрдүү, жалган ушак айыңдардын алдын алуу. -эл арасында ынтымакты чындоо максатында айыл активисттери, аялдар кенеши, жаштар уюму, аксакалдар кенеши, дин ишмерлери менен чогуу тегерек столдорду уюштуруу

    -спорттук иш чараларды өткөрүү

    -маданий иш чараларды өткөрүү, биримдикти, ынтымакты даңазалоо.

    Элдин ишеними артат,эл биримдикте болот. Экономикалык-социалдык өсүү жогорулайт. Митинг,пикеттен сырт болобуз. Ар дайым
    7 Калк арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу -ысык-суук мааракелерде ыксыз чыгымдарга жол бербөө максатында, эл арасында айыл активистери, молдо, имамдар менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

    -элди пайдасыз, натыйжасыз салт-санаалардан арылтуу.

    Элдин экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга өбөлгө болот. Ар дайым
    8 Айыл тургундары менен жер-жеринде жолугушууларды өткөрүү. Бюджетти ачык талкуулоо. -айыл Өкмөттөгү ар бир айылга чогулуш уюштуруу

    -2019-жылдагы иштердин аткарылышы, айыл Өкмөт кызматкерлеринин иши тууралуу жалпы элге маалымат жеткирүү.

    — 2020-жылдын бюджетин ачык талкууга алуу

     

    Бюджет ачык болот. Эл айыл Өкмөт иши тууралуу маалымат алат.Элдин ишеничи жогорулайт. Жыл башында
    9 Айыл тургундарынын алмаштырбай калган эски паспортторун  жаңы биометрикалык паспорт менен камсыздоо.Электрондук базага тургузуу. -калктан биометрикалык маалымат чогултууда уюштуруу иштерин жүргүзүүнү улантуу.

    -базага туруу боюнча түшүнүк берүү.

    Таза шайлоо өткөрүүгө шарттар жаратылып, жарандардын биометрикалык маалымат базасы түзүлөт. Ар дайым
    10 Айылдардагы  планга кирип башталган жумуштарга элди, жамаатты тартуу. -айыл Өкмөт аймагында иш жүргүзгөн ишканалардагы жумуш орундарына жергиликтүү калкты тартуу боюнча келишимдерге жетүү

    -айыл аймагында жүрүп жаткан жумуштарга айыл тургундарын активдүү катыштыруу.

     

    Айыл эли жумуш менен камсыз болот. Жумушсуздук азаят. Жыл ичинде
    Айыл чарба тармагы
    11 Малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу -айыл элинин негизги киреше булагы болгон малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында, түшүндурүү иштерин жүргүзүү.

    Айыл элине Раманов породасындагы койлорду

    асыроого сунуш киргизүү

     

    -малды асылдандыруу үчүн атайын селекциялык бөлүм ачуу

    -ветеринардык абалды жакшыртуу, убагында эмдөөлөрдү уюштуруу, сырттан келген малдарды текшерүүдөн өткөрүү.

    — Тегене айылындагы Чолок-Сөгөт участкасындагы булакты тазалоо. Керектелүүчү сумма 100 миң сом. Жайыт комитети менен биргеликте  ишке ашат.

    Малдын асылдуулугу жогорулайт. Киреше  көбөйөт.

     

     

    Айыл элинин  жылдык  кирешеси 2эсеге өсөт

     

     

     

    Малдын ооруу-сыркоосу азайып ,эт ,  жун ,сут багытындагы породалар багылып киреше кобөйөт.Таза продукт алктын саламаттыгын чындайт.

     

    Мал багуучу ишкерлерге шарт түзүлөт.

    Жыл ичинде

     

     

     

     

    2020-2023-ж

    12 Айыл чарба иштерине элдин жакшы көнүл буруусун колго алуу. -айыл элинин кирешеси айыл чарба тармагына байланыштуу болгондуктан, айыл чарбасын көтөрүү максатында уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Иштелбей жаткан айдоо жерлерин иштетүүнү колго алуу, калкты үрөн менен камсыз кылуу.

    — Тегене айылынын сыртындагы айдоолорду камыштан арылтуу.

    Айыл чарбаны көтөрүү, элдин экономикалык-социалдык абалын жакшыртуу, калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо. Калктын жалпы үлүш жерлери камыштан арылат.Айдоо аянттар бош калбайт. Жыл ичинде
    Өнөржайы
    13 Айыл аймагында кен казууну  көзөмөлгө алуу. -айыл аймагынын чегинде кен казып иш жүргүзгөн ишканаларды көзөмөлгө алуу

    -кен казуунун көрсөткүчтөрүн жогорулатуу

    -кен казган ишканаларды толук салыктык жана статистикалык каттоодон өткөрүү

    Кен казуунун, салык төлөөнүн көлөмү жогорулайт. Айыл аймагынын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болот. Жыл ичинде
    14 Айыл аймагында өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүү. — мөмө-жемиш кургатуучу кичи цехтерди куруу

    — Пескоблок чыгаруучу ишкананы кеңейтүү,жумушчу санын көбөйтүү.

    Ак-Жол айылындагы эски мечиттин  имаратына  кийим тигүүчү жана эшик,терезе жасап чыгаручу ишкана ачуу

    Элдин экономикасы көтөрүлөт

    Калкка жакындан кызмат көрсөтүлөт.

     

     

    Калк курулуш курууда  керектүү материалды ташып келүүден кутулат.уста акылар  азаят.каалагандай фасондогу кийимдерге тапшырык бере алат.

    умуш орун көбөйөт.

    Жыл ичинде

     

     

     

     

    2020-ж

    Макроэкономикалык калыптануу жана тездетилген өсүштү камсыздоо
    15 Айыл Өкмөттүн ички дүң продукциясын өстүрүү -айыл чарбасынын өсүшүн камсыздоо. Иштелбей жаткан айыл чарба жерлерин иштетүү. Ирригация маселесин чечүү. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишкана-цехтерди курууну колго алуу.

    -кен казуу тармагын өркүндөтүүгө шарт түзүү.

    Макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо. Жыл ичи
    16 Элдин техникага болгон муктаждыгын чечүү.Түшүмдүн сапаттуулугун,түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.

     

     

    -Элдин үлүш жерин айдап себүү үчүн сатып алынган МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторун бардык айылдарда иштетүү.

    Пресс подборщикти эл муктаждыгына карата иштетүү,тоют топтоону уюшкандыкта өткөрүү.

    Айыл эли техника менен камсыз болот. Айыл чарбада өсүш камсыздалат.Тушум жогорулайт. 2020-жылы
    Бюджет тармагы
    17 Бюджеттин киреше болугун көбөйтүү боюнча иш алып баруу. -кошумча салык базаларын түзүү жана табуу.

    -көмүскө ишмердүүлүктү легалдаштыруу

    -жаңы жуут пунктун иштетуу менен, жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшүрүү

    -айыл аймагында парк уюштуруп, бюджетке каражат түшүүчү  акы төлөнгөн техникалык каражаттарды коюуу.

    Бюджеттин кирешеси өсөт. 2020-жылы
    Курулуш, ирригация жана коммуникациялык чарба тармагы
    18  

    Айыл аймагында жаны социалдык объектилерди куруу

     

     

    Ак-Жол айылына баасы 500,0мин сомдук фонтан  эс алуучу паркка куруу

    — Ак-Жол айылынын Шынаа айылына тротуар куруу. Жергиликтуу бюджеттен ,2,3.млн. сом болунот.

     

    Райкомол айылына мини футбол аянтчасын бүтөрүү

    Жергиликтү бюджеттен 200.0 минкаралат.

     

    Ак-Жол айылына Бала-бакча куруу.(2даана)Жалпы сметасы 16млн 500,0мин каралат

    Анын ичинен 50пайыз АРИСуюмунан, 25пайызы

    Жерг-үү бюджет 25пайызы Областык Өнүктүрүү фондунан

     

    Райкомол айылынын О Ташкулов мектебине спорт залбутөрүү.

    Рес-к бюджет 13млн

     

    Кара-Тыт айылынын мектебине ашкана үчун кошумча корпус куруу

     

    У Кыдыралиев атындагы спорт комплексине кошумча Ажааткана куруу.Жер-үү бюджет 250мин

     

    Ак-Жол айылынын  Шынаа учаскасына жаны мектептин корпусун куруу .

    Респ-к бюджет 15млн

     

    Райкомол айылындагы О Ташкулов мектебине  ашкана куруу Респ-к бюджет 1 млн

     

    Жолборсту айылындагы Ж Орозалиев атындагы негизги мектепке жабык түрдөгү спорот аянтчасын куруу

    Жер-үү бюджет 1 млн.

     

    Ак-Жол айылындагы Маданият үйүнүн ордуна  жаныдан заманбап

    учур талабына  жооп бере турган  Маданият үйүн  куруу

    Респ бюджет 3млн

    Жер-үү бюджет 7 млн

     

    Тегене айылына ФАП куруу

    Жер-үү бюджет  1 млн

     

     

    Ак-Жол айылынын борборуна кичи футбол аянтын куруу

    Жер-үү бюдждет 3млн

     

     

     

    Калктын,балдардын эс алуусуна шарт түзүлөт.

     

    Калктын коопсуздугу сакталат.Тейлөө сапаты жакшырат.

    Муну менен жергиликтүү тургундарды бир канча убакытка жумуш менен камсыздоо.

     

     

     

    Жаш наристелердин учур талабына ылайык тарбия алуусуна  шарт түзулөт

     

     

     

     

     

    Мектеп окуучуларынын  билим алуусуна жана эс алуусуна шарт  түзүлөт.

     

    Окуучулардын ден-соолугу

    үчүн кам көрүлөт

     

     

    Санитардык  абал  жакшырат

     

     

     

    Мектеп  окуучулары заманбап

    бардык шарты бар  окуу корпусуна ээ болот.Билим, тарбия алуусу жакшырат

     

    Окуучулардын ден-соолугу

    үчүн кам көрүлөт

     

     

    Мектеп окуучуларынын жана айл жаштарынын спорт менен машыгууг  шарт түзүлөт

     

     

     

    Жалпы айыл тургундары  үчүн

    Исскуство,маданият тармагынын жетишкендиктерименен таанышууга жана көнүлдүүэс алууга шарт түзүлөт.

     

    Медициналык жактан  тейлөөнүн сапаты жакшырат

     

     

    Жаштардын спортко болгон байланышы чындалат.Бош убактыларын пайдалуу иш аракеттер коштойт.

     

     

    2020-жылы

     

     

    2020-жылы

     

     

     

    2020-2021.ж.ж

     

     

     

    2020-2021.ж.ж..

     

     

     

     

    2020-2022-ж

     

     

    2020-ж

     

     

    2020-ж

     

     

     

    2020-2022-ж

     

     

     

     

    2023-2025-ж

     

     

     

    20212022-ж

     

     

     

    2020-2021-ж

     

     

     

     

     

    2021-2022-ж

     

     

     

     

     

     

     

    2021-2022-ж

     

     

    2020-ж

    19 Айыл аймагында кооптуу болгон жерлерди жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында МЧС менен биргеликте иш алып баруу.  Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга сел тосмо куруу.

    Үйлөрдү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин ыкчамдатуу.

    -Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга Габион орнотуу Ж .бюджет 200,0мин

     Рес-к бюджет 1 млн сом талап кылынат. МЧСтен келген габиондорду кооптуу жерлерге таш толтуруп төшөө иштерин уюштуруу.

    -МЧС тарабынан кооптуу деп табылган жайлардагы үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгаруу. Алар үчүн жаңы участка бөлүп берүү.  Алардын мамлекет тарабынан ссуда алуусуна көмөк көрсөтүү.

    -Мекемелерди өрткө каршы щит менен камсыздоо

    Өзгөчө кырдаалдын алды алынат.

     

     

     

    Өзгөчө кырдаалга даяр болуу, адам өмүрүн сактоо.

     

    2020-21.ж.ж.

     

     

     

     

     

     

     

     

     

    2020-ж

    20 Калктын электр энергияга болгон муктаждыгын толук чечүү   Жаны конуштарга 0,4 линяларга электро  мамычаларын орнотуу.

    Жер-үү бюджет 500,0минсом

    .

    -Кызыл-Бейит,Күрп-Сай айылдарына күн системасы менен иштеген аппарат орнотуу.

    Респ-к бюджет  2млн

    айыл тургундарынын электр тогуна болгон  муктаждыгы чечилет.

     

    Калктын электр тогуна болгон муктаждыгы чечилет

     

     

    2020-ж

     

     

    2020-2021-ж

     

    21 Айыл чарба продукцияларынын көлөмүн жогорулатуу, сугат жерлердин аянтын көбөйтүү максатында, каналдарды казуу жана тазалоо. -Кур-Сай учасксынсугат суу менен 5 га жер аянтын      камсыздоо

    Жер-үү бюджет 36,0мин

     

     

     

    Тегене — айылындагы Кызыл- участкасына   булактан таза- суу чыгаруу Жамаат салымы 120,0мин

    Жер-үү бюджет 200,0мин

    Айыл чарба жерлери суу менен камсыз болот. Айыл чарба продукцияларынын көлөмү көбөйөт.

     

     

    Айыл эли  ичүүчү суу менен камсыз болот

           2020-ж

     

     

     

     

     

     

     

    2020-ж

    22

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

    Жашоо үчүн турак-жай алууга кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө участка маселесин чечүү. — Кызыл-Мойнок, Жон, Как участкаларынан калктуу конуш үчүн 28.га  жер аянтын трансформациялоо   генпландарын иштеп чыгуу боюнча  уюштуруу, практикалык иштерин жургузуу жана тийешелүү документтерди жогорку органдарга жөнөтүү. Турак-жайсыз 400 үй-бүлөнүн маселеси чечилет. Жаш үй-бүлөлөр турак-жай менен камсыз болушат. 2020-жыл
    23 Ак-Жол айыл аймагы боюнча таза суу маселесин чечүү -Ак-Жол айыл аймагы боюнча таза суу маселесин чечүү

     -Жолборсту айылына таза суу тартып келүү

    -Ак-Жол айылынын таза суу маселесин чечүү

    -Кечуу айылынын таза суу маселесин чечүү

    Грант КНР 98 млн сом

    Калк таза суу менен камсыз болот. 2020-2022-ж
     

    Транспорт, байланыш жана коммуникациялар тармагы

    24 Айыл аймагында  жолдорду, көпүрөлөрдү куруу жана кап.ремонттон чыгаруу.

    Ак-Жол –Райкомол авто жолун асфальттоо Респ бюджет 10млн.

     

     

    Ички жолдорду жакшыртуу максатында Хельветас –Кыргызстан  уюмунан Грейдер техникасын алуу. Жер-үүбюджет 4млн

    Өкмөттүк эмес уюм 7млн

     

     

     Жолборсту айылындагы 2-көпүрөнү куруу. 1 млн 300 мин сом керек болот. Өкмөттүк эмес уюмдар каржылайт.

    алыскы жайыттарга каттоону камсыз кылуу үчүн, жолдордун кээ бир жерлерин ремонттоо. Жергиликтүү бюджеттен 400 мин сом каралат. Жайыт комитети менен биргеликте ишке ашырылат.

     

    — Курп-Сай айылына автоунаа өтүүчү, баасы 1,5 млн сомдук  көпүрө куруу.

     Тегене айылына баруучу жолду капиталдык ремонттоо. 150 миң сом жерг.бюджеттен бөлүнөт.

     Жолборсту-Теген  айылындагы 3 км жолду асфальттоо. Республикалык бюджеттен 18 млн сом керектелет.

     Ак-Жол – Райкомол автожолунун жээгине 3км тротуар салуу. Бул үчүн жерг.бюджеттен 2 млн сом каралат.

    айыл ичиндеги автоунаа жолдорунун жээктерине жарык берүүчү чырактарды орнотуу

    -Күрп-Сай айылына баруучу жолду кап.ремонттон өткөрүү

    -Демөөрчүлөр аркылуу 2млн

    Жол каттамы жакшырат. Жол кыймылынын коопсуздугун, транспорт байланышын чындоо.

     

    Жол коопсуздугун сактоо. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн коопсуздуктун алдын алуу.

    Чабан, фермерлер үчүн шарт түзүү.

     

    .

     

    Жаан-чачында кара жолдон кыйналып келген айыл эли жаны, асфальтталган жолго ээ болот.

     

    Жол коопсуздугун сактоо. Жол каттамдары жакшырат.

     

     

     

     

     

     

     

    Жол каттамы жакшырат

     

     

    Жол каттамы жакшырат

     

     

     

    Жол каттамы жакшырат

     

    2020-.ж.ж.

     

     

     

     

     

    2021-2022.ж.ж.

     

     

     

     

     

     

    2023-жыл

     

     

     

    2022-жыл

     

     

     

     

     

     

     

     

    2021-2022-жыл

     

    2022-жыл

     

     

     

    2022-2023жыл

     

     

     

     

    2022-жыл

     

     

     

     

     

     

     

    2020-ж

    26 Айыл тургундарынын техникалык-байланыш маселесин чечуу -Тегене айылына уюлдук телефон менен байланышуу учун антенна куруу.  Ишкана аркылуу 500,0мин

    айыл Өкмөттүн базасында бытовой техникаларды оңдоочу жай куруу 1млн  Өнуктүрүү фонд аркалуу

    Айыл элинин байланыш маселеси жакшырат.

     

    2020-2021.ж.ж.

     

     

     

    2020-ж

    Социалдык жактан коргоо жана саламаттыкты сактоо тармагы
     27 Айыл аймагында саламаттыкты сактоо тармагын күчтөндүрүү -саламаттыкты сактоо тармагында кадр маселесин чечүү. Медициналык окуу жайды бүткөн адистерди сүйлөшүү менен айылдарга алып келүү жана аларга шарт түзүү.

    Айылдык ден-соолук комитетине жардам берүү.  АДК менен долбоорлорду иштеп чыгуу

    .

    -ГСВ 10 айылдык врачтык амбулаториянын кызматкерлерине материалдык  жардам көрсөтүү  Жер-үү бюджет

    -тен 50мин  .

    Калктын саламаттыгы жогорулайт. Дени сак улут – күчтүү мамлекет.

     

     

    Айыл калкына жардам болот.

     

    Объектилер документтештирилет.

     

     

    Саламаттык сактоо кызматкерлерине  моралдык колдоо болот

    2020-ж
    28 Жарандарды,жаш наристелерди  үзгүлтүксүз өз убагында  эмдөө -балдарды эмдөөдө каршылык көрсөткөн дин өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл активисттери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери, дин өкүлдөрү менен биргеликте чогулуштарды уюштуруу.

    -айыл тургундарына жугуштуу оорулар тууралуу туура маалымат жеткирүү.

    Балдардын саламаттыгын сактоо. Жугуштуу оорулардын алдын алуу.

     

     

     

     

    Жугуштуу оорулардын алдын алуу

    Өз убагында
    29 Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү -ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ар тараптан колдоого алуу, бул үчүн жерг.бюджеттен 250 миң сом каралат.

    -каттоодо турган майыптарды райондо, областта өткөн ден соолугу чектелгендердин спартакиадасына катыштыруу, алардын барып келүү чыгашаларын каржылап, шарт түзүү

    -майыптар кунун белгилоо

    -ден соолугу чектелген жарандардан ар дайым кабар алып туруу, аларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү

    Майыптар колдоого алынат. Ар дайым
    30 Жакырчылыктын деңгээлин азайтуу -айыл аймагында кошумча иш орундарын түзүү үчүн ишкана-цехтерди ишке киргизүү

    -кредиттерди алууда  жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү

    Жарандардын жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү Жыл ичинде
    Билим берүү тармагы
    31 Мектепке чейинки билим берүү көйгөйүн чечүү -бала бакча үчүн жер маселесин чечүү

    -Ак-Жол айылына 100 орундуу баасы 16 млн сомдук бала бакча куруу.

    Мектепке чейинки билим берүү маселеси чечилет. Мектеп жашына чейинки балдар бала бакчага бара башташат. 2020-жыл
    32 Билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу -М Сыдыков мектебинин окуу класстарын заманбап  мебель менен камсыздоо  .Жер-үү бюджет 250мин 

     

    Айыл өкмөтүнун аймагындагы мектептерди  музукалык аспаптар менен камсыздоо .  Жер-үү бюджет 50мин

     

    Ж Орозалиев мектебине видео  көзөмөл орнотуу

     

     

    А Жолдошов мектебинин жаны курулган ашканасына  демөөрчүлөр тарабынан эмерек алуу Демоөрчу 200.0мин

     

    Кечүү айылындагы А Мырзабеков атындагы  негизги мектептин спорт аянтчасын полдоо

    Окуучуларга жакшы билим алууга шарт түзүлөт,

     

     

     

    Музукага шыгы бар балдар үчүн татыктуу билим алууга шарт түзүлот

     

     

    Билим алуусу, класстан тышкаркы бош убактылары,журум-турумдары  көзөмөлгө алынат.

    Окуучулардын тамактануусу  үчүн атайын ынгайлуу шарт түзүлөт

     

     

    Мектеп окуучуларына жана айылдагы жаштарга  эс алуу жана спорт менен машыгууга  шарт түзүлөт.

    2020-жыл

     

     

     

     

    2020-ж

     

     

     

     

     

    2020-ж

     

     

    2020-ж

     

     

     

     

    2020-ж

    Маданият тармагы
    33 Айыл маданиятын көтөрүү -Айрым мектептерди музыкалык аспаптар менен камсыздоо

    8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата конкурстук концерт уюштуруу

    айылга гастролго келчү маданият өкүлдөрүнө, айылдык маданият үйүнө шарттарды түзүү.

    Маданиятты которуу

     

     

    Элге майрамдык маанай тартуулоо.

     

    Маданиятты көтөрүү

    2020-жыл

     

     

    2020-жыл

    март айы

    34 Мамлекеттик тил күнүн белгилөө -мамлекеттик тил күнүн белгилөө үчүн иш чара түзүү жана аткаруу

    -мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо

    -коомдук мекемелерде, көчөлөрдө көрнөк-жарнактардын, жарыялардын мамлекеттик тилде жазылуусуна көзөмөл жүргүзүү.

    Мамлекеттик тилди өнүктүрүү Жыл ичинде
     

     

    Дене-тарбия жана спорт

    35 Спорттук жайларды куруу -Райкомол айылындагы баасы 15. млн сомдук  спорт залын бүткөрүп, ишке берүү

    Кечүү айылындагы мектептин спорт аянтчасын полдоо ну  бүткөрүү.

     

    мектеп окуучуларына шарт түзүлөт,

     

     

    жаштардын спортко кызыгуусу күчөйт.

    20220-жылы

     

     

     

    2020-жылы

     

     

    36 Спорттук иш чараларды өткөрүү -Нооруз майрамын уюшкандыкта өткөрүү.       -1-май Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Казан-Чуңкур стадионунда спорттук оюндарды уюштуруу.

    Энелер күнүн жогорку денгээлде белгилөө.

    -Эгемендүүлүк күнүн жогорку денгээлде өткөрүү.

    -Жаштар жумалыгын уюшкандыкта өткөрүү.

    -3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундары арасында спорттук иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү.

    Элге майрамдык маанай тартууланат. Спортко кызыгуу күчөйт.

    Окуучулардын спортко болгон кызыгуусун күчөтүү

    2020-жылы

    май айы

     

     

     

     

    2020жылы

     

    2020-жылы

     

     Башчы :                                       Б.Мырзагулов.


     


     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясынын

    ТОКТОМУ       №  4

    2020-жылдын 29-январы.                                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл  Өкмөтүнүн алдындагы  Жайыт

    Комитетинин жылдык отчету. 2019-жылга карата

    бюджетинин  аткарылышы жана  2020- жылга карата

    бюджетти  бекитүү  жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги ХХ I-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү  маселеси  боюнча  айыл  аймактык  Кеңешинин  туруктуу

    комиссиясынын  төрагасы, депутат  Эшалиев Эзендин  жана  Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн алдындагы  Жайыт  комитетинин  төрөгасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана

    талкуулап Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  ХХI-сессиясы

    Т О К Т О М              К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасынын жылдык отчету канаттандырарлык деп табылсын.
    2. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын.
    3. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү( №1-тиркеме),чыгаша бөлүмү(№2-тиркеме) тиркемедегилерге ылайык бекитилсин.                                                                                                        
    4. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№-3тиркеме)
    5. Жайыт комитетинин төрөгасынын жана эсепчисинин айлык акысы (№4-тиркеме) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
    6. Жайыт комитетинен пайдаланууга берилген жерден жер салыгы алынсын(5-тиркеме)
    7. Жайыт мыйзамынын жоболорун жана жайыт планын,Айыл өкмөтүнүн №27- буйругун бузган,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын” Бузуулар “кодексинин 293-беренесине негиз каралсын.
    8. Базада,чарба китепте катталбаган малдарга Айыл өкмөтүнүн №27 -буйругунда көрсөтүлгөн баада алынсын.
    9. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы(вет.справка) айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    10. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлук малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына жана ар бир атуулдун каттатпаган малына,жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-“Жайыттар жөнүндө”мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307-токтомуна негиз, жайыттан түшкөн салыктын 3/1 айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын

     

    Ак-Жол айылдык  аймактык

    Кеңешинин  төрөгасы:                                                                Т.Батыралиев.

     

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык  Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XХI-сесиясынын №-4 токтомуна № 1-тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше  сметасы

     

     

    Малдын түрү

    Саны

     

     

    ГЛФ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма Саны

     

     

    ГЗЗ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма баары
    Бодо мал 1357 38 51566 700 56 39200 90766
    Торпок 445 30 13350 208 40 8320 21670
    Жылкы 761 40 30440 357 60 21420 51860
    Эшек 217 38 8246 44 56 2464 10710
    жандык 10962 8 87696 3593 12 43116 130812
    Катталбаган малдан түшүүчү киреше   61082
    Дефитцить      0
    Малдан тушкон киреше     191298     114520 366900
    Жууттан тушот 15000
    Кыркым кайчыдан 5000
    Пресподборщиктен 60000
    Жалпы киреше             446900

    (Төрт жүз кырк алты миң тогуз жүз) сом

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы:                                                                                                 Э.Эшалиев

    Ак-Жол  ЖПБ  төрагасы:                                                                                                                 Н.Молдобаев

    Эсепчиси:                                                                                                                            Т.Нурманбетов

     

     

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХI

     сесиясынын №4 –токтомуна № 2-тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджети

     

    чыгымдардын статьялары саны баасы суммасы
    1.       Эмгек акы төрага 12 7000 88011
    2.       Эмгек акы эсепчи 12 6800 95407
    3.       Ишкананы камсыздандыруу үчүн төлөм (соцфонд.налог) 17,28% 12 28556 28556
    4.       Иш сапар чыгымдары 12 38076 30 000
    5.       Иш кагаз чыгымдары 12 11000 10902
    6.       Жайыт салыгы 42459
    7.       Айыл Өкмөтүнө 3\1        122300 
    8.       Кыргыз жайыт 3000
    10 Жайытка мониторинг жургузуу     5 000
    11 Прочий       4000
    12 Жайыт жакшыртуу             10 000
    13 АРИСке салым     7265
                     446900

           (Төрт жүз кырк алты миң тогуз жүз) сом

     

    Эскертүү: кыйыр салыктар эске алынбай жүргүзүлгөн бюджети.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы:                                                                                Э.Эшалиев

     

    Ак-Жол ЖПБ төрагасы                                                                                   Н.Молдобаев

    Эсепчиси                                            Т.Нурманбетов

     

     

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХI-сесиясынын №4- токтомуна № 3- тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга салык алуу боюнча маалыматы

    малдын түрү Саны

    ГЛФ

    Которуу коэфиценти  шарттуу мал түрү

    ГЗЗ

    жайыт билет акысы
    ГЗЗ ГЛФ
    1)       Бодо мал 1453 1 700 56 38
    2 Торпок 340,2 0,7 145,6 40 30
    3 Жылкы 794 1 357 65 43,3
    3 Эшек 223 1 44 56 38
    4 Жандык 2346,2 0,2 718,6 12 8
      баары: 5156,4   1965,2    

     

     

    Ак-Жол  айылдык  Кеңешинин

    Бюджет комитетинин төрагасы:                                                                  Э.Эшалиев

    ЖПБ төрагасы :                                                                                            Н.Молдобаев

    Эсепчиси  :                                                                                                 Т.Нурманбетов

     

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.                                                                                                                                            

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХI-

    сесиясынын №4- токтомуна № 4- тиркеме

    Бир айга

    Аты-жөнү назначение под налог сф 8% сф2% сумма к выдачи
    1 Молдобаев Нурбек 7000 565 560 140 5735
    2 Нурманбетов Тургуналы 6800 560,6 544 0 5695,4
    13800 1125,6 1 104 140 11430,4

    Бир жылга

    Аты-жөнү назначение под налог сф 8% сф2% сумма к выдачи
    1 Молдобаев Нурбек 84000 6780 6720 1680 68820
    2 Нурманбетов Тургуналы 81600    6727,2   6528 0 68344,8
        165600 13507,2 13248 1680 137164,8
    2111 137164,8
    2121 28435,2
    Жалпы: 165600

     

    Жайыт комитетинин торогасы:                                             Н.Молдобаев

                                     Эсепчиси:                                                Т.Нурманбетов

     

     Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.                                                                                                                                            

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХI-сесиясынын №4- токтомуна № 5- тиркеме

    Ак-Жол айыл округунун  жайыт пайдалануучулар бирикмесине төмөндө аталган жайыт жерлерге өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысына ылайык жайыттын инфраструктурасына тиешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин.

    Жайыттын аталышы Ченем бирдиги (га) Жалпы жайыт Анын ичинен тоо-таш 45 гр жогору Пайдаланууга жарактуу жайыт Анын ичинен 2020-жылга пайдаланууга берилет. 1 га жерге жайыт салыгы Жалпы жайыт салык суммасы
    1. Кышкы жайыт га 200 200 200 13,60 2720
    2. Ортоңку

    жайыт

    га 6112 2597 3515 1540 13,60 20944
    3. Алыскы жайыт га 4087 2737 1350 1350 13,60 18360
    Жалпы баары:

     

      10399 5334 5065 3090 13,60 42024

    Алыскы жайыт:                                                   Жаздык-Куздук жайыт:

    Четин-Кыпчыкей-Төр              496га                                          Кара-Тыт                      323га

    Балтыркан                               104га                                           Тегене                          199га

    Чоң-Таш                                    383га                                          Шынаа                         130га 

    Кум-Бел                                     367га                                          Ак-Жол                        281га

    Кышкы жайыт:                                                                              Жолборсту                   98га

    Терс                                           200га                                          Райкамол                      85га

                                                                                                           Кечүү                             178га

                                                                                                           Кызыл-Бейит                 125га

                                                                                                            Разан                            96га

     

     

    Ак-Жол Айыл өкмөтунүн жер адиси                                          Р.Молорбаев

    Ак-ЖОЛ ЖПБ төрагасы                                                              Н.Молдобаев

    Ак-Жол ЖПБ эсепчиси:                                                               Т.Нурманбетов



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/1

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

    “Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө 188 400 сомго акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/1- маселеси боюнча айыл Өкмөттүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин “Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө 188 400 сомго акча каражаттарын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ОКТОМ КЫЛАТ.

     

    1. “Хелветас” уюмунун 2020-жылга карата окуу тренингдерин жана иш чараларын өткөрүүгө пландаштырылган 188 400 сомго акча каражаты бекитилип берилсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Хелветас” уюмунун жергиликтүү координатору А.Сатыбалдиевке окуу –тренигдерин уюштуруу жагы милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/2

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын 2005-жылы системалык

    каттоо жүргөн убагында туура эмес катталган атуулдарды тактоо жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/2-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын 2005-жылы системалык каттоо жүргөн убагында туура эмес катталган атуулдарды тактоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

     

    1. 2005-жылы жер аянттарын системалык каттоо жүргөндө айыл тургундарынын арасынан бир эле адам эки жолу жазылып, эки жерге ээлик кылып калгандыгы белгиленсин.
    2. Жогорудагыдай системалык каттоодо кайталанган жер ээлеринин жеке менчик укугун тактоо жагы мамлекеттик каттоо кызматынан суралсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.



      Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/3

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

    “Тосой эл аралык соода өндүрүш фирмасы” ЖЧКсынын генералдык директору С.Т.Тургуновдун арызын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/3-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин “Тосой эл аралык соода өндүрүш фирмасы” ЖЧКсынын генералдык директору С.Т.Тургуновдун арызын кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ушул эле фирмага 2019-жыл ичинде айылдык Кенеш тарабынан 2 жолу арызы каралып, жер аянтын бербөө жөнүндө Кенештин чечими чыккандыгы эске алынсын.
    2. Айылдык Кенештин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгондугуна байланыштуу “Тосой эл аралык соода өндүрүш фирмасы” ЖЧКсынын генералдык директору С.Т.Тургуновдун арызы канааттандырылсын .

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5/4

    2020-жылдын 29-январы.                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын , механизаторлордун эмгек акысы жана белгиленген айып акылардын өлчөмү жана жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, төрт түлүк малды эмдөө иштеринин баалары боюнча 24.01.2020-жылы чыккан айыл өкмөтүнүн №27-б буйругун кароо жана бекитүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI — сессиясынын күн тартибиндеги  5/4- маселеси боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин, айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдердин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын , механизаторлордун эмгек акысы жана белгиленген айып акылардын өлчөмү жана жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, төрт түлүк малды эмдөө иштеринин баалары боюнча 24.01.2020-жылы чыккан айыл өкмөтүнүн №27-б буйругу бекитилсин.
    2. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    3. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

      

    Ак – Жол    айылдык  аймактык            Кеңешинин  төрагасы:                                                       Т.Батыралиев.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

    БУЙРУК

    РАСПОРЯЖЕНИЕ

    Ак-Жол айылы                                                                                                            с.Ак-Жол

    24.01.2020-ж/г.                                               № 27

     

    “2020-жылга карата айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн, бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн, айып акыларды, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды белгилөө жөнүндө”

     

    Жазгы айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүү акыларын, мал багуучулардын бада акыларын, жазгы, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу, көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө, башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү, эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү акыларын, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды белгилөө максатында, Ак-Жол айыл өкмөтү буйрук кылат:

     

    1. Жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар эске алынып, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын ( 1 га жерге):
    жер айдоо -2000 сом
    агет салуу -1000 сом
    малалоо -800 сом

     

    1. Айыл ичиндеги жер аянттары короо-жайдын ичи болгондугуна байланыштуу, төмөндөгү баа туура деп табылсын (1 га жерге):
    жер айдоо -4500 сом
    агет салуу -2000 сом
    малалоо -1000 сом

     

    1. Жайкы чөп чабуу мезгилинде механизаторлордун эмгегин эске алуу менен, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
    • косилка менен чөп чабуу – 1500 сом
    • грабил тартуу – 800 сом
    • пресстөө – 15 сом (даанасына)Айыл өкмөтүнүн техникасына.Башка жактан келгендер үчүн-18 сом(даанасына)
    1. Ак-Жол айыл аймагында 1 жылга карата ижара акысы АКФнын жерлеринен суулуу айдоо 1000 сом, кайракы айдоо 300 сом, чөп чабынды 300 сом, кысыр аңыз 300 сом, коммерциялык максатта пайдаланууга ижарага айыл чарбага жараксыз жердин 1 кв.м 20 сом, ал эми муниципалдык менчиктеги жерди сатууда 1 кв.м жердин баштапкы баасы 100 сом, ал эми айыл аймактагы өзгөчө кырдаалга кептелген жер участкаларын ижарага берүүдө 100 кв.м жер аянтына 50 сом болуп бекитилсин.
    2. Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуусунун акыркы мөөнөтү 30-апрелге, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуунун акыркы мөөнөтү 1-июнга белгиленсин. Күзүндө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин (бул мөөнөттөр маршурту биздин территориядан өткөн бөлөк айыл өкмөттөрдүн бадачыларына да тиешелүү).
    3. Жазгы жайыттар айылдарга карата төмөндөгүдөй бөлүнсүн: Шынаа айылына Жоон-Бакан, Булуңдун-Сырты, Эшме, Саргоо, Кара-Суу, Ак-Жол айылына Бактуу-Булак, Ак-Терек, Жалгыз-Жаңгак, Баткак, Топ-Жаңгак, Өрдөш, Шаркыратма, Кайнама, Тегене айылына Кара-Кыр, Беш-Тал, Төо-Кыр, Кара-Тыт , Чарча, Ак-Таш, Коён-Шүкүр, Жыл-Булак, Төшкү-Башат, Райкомол, Ак-Жол айылына Көк-Кумай, Боз-Тектир, Баш-Талаш, Кызыл-Алма, Бел-Алма, Чер- Баш-Талаш, Керди-Башат, Манастын-Ою, Кош-Дөбө, Уй-Өлөт, Жылан-Журт, Жолборсту, Ак-Жол айылына Өрдөш, Көк-Башат, Алма-Чечек, Алма-Тектир, Алты-Айры, Чалчык, Тогонай-Белес ,Аюша жайыттары.
    4. Бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин:

    — жандык малга 1 башка 70 сом (тузу ичинде).

    — кара малга, жылкы 1 башка 280 сом (тузу ичинде).

    Мал ээси тарабынан берилген туз малга сөзсүз берилүүсү жана жоголгон мал башка баш, жашка жаш төлөнүп берилүүсү бадачыга милдеттендирилсин.

    1. Белгиленген мөөнөттөн мурун көчүп келген атуулдарга, белгиленген мөөнөт ичинде чөп чабынды жана эгин талаасында жүргөн мал ээлерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 293- беренесине негиз чара көрүлөрү эскертилсин.
    2. Жайыттын тартыштыгына байланыштуу башка айыл аймактардан мал алып келбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мал чарба адиси Т.Суеркуловго, Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жана Т.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
    3. Катталбаган бодо мал, жылкыга ар бир башка 100 сом, жандык малга 25 сомдон жайыт акысы мал ээлеринен төлөтүлсүн. Эгерде, сырттан алынып келген мал болсо, ал үчүн КРнын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын негизинде ар бир кара мал, жылкыга 500 сом, жандык малга 100 сом акы төлөтүү колго алынсын.
    4. Жандык малдарды жуутка түшүрүү акысы 1 баш жандык 10 сомдон, 1 баш жандыкты кыркуу 35 сомдон белгиленсин. Жуулбаган жандык малды бадага кошпоо жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
    5. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн участкалык жеке ветеринарларынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү малдарды эмдөө баалары (мамлекеттен бекер келген вакцинаны саюу акысы) кара малга 30 сом, жандык малга 10 сом, итке 30 сом, базада катталбаган бодо малдар үчүн эмдөө баасы 60 сом, каттоодо жок жандык мал үчүн 20 сом болуп бекитилсин. Башка эмдөөлөргө малды дарылоо келишим баада болот. Айыл аймактан айдалып өткөн сырттан келген малдын эмделгендиги тууралуу кагазы жок болсо, эмдөө акысы бодо малга 100 сом, жандык малга 20 сом болуп бекитилсин.
    6. Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине, мал чарба адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
    7. Бул буйрукту бекитип берүү жагы айыл аймактык кеңешинин сессиясынан суралсын.
    8. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевге жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айыл

    өкмөтүнүн башчысы:                                                                          Б.Мырзагулов

     


     


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/5

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/5-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө.

     билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. 2020-жылга такталган Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестри бекитилсин.
    2. Жыл ичинде жаныдан курулуп жаткан социалдык объектилер өткөрүп алуу актысынын негизинде муниципалдык менчикте турган мүлктөрдүн реестрине киргилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.




     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/6

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

    “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/6 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын жетекчисинин кайрылган кайрылуусун кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

     

    1. Бул “Ак-Жол плейсер” ЖЧКсынын кызматкерлери менен Шынаа айылынын тургундарынын жолугушуусунун кабыл алынган элдик жыйындын токтому негиздүү деп табылсын.
    2. Жергиликтүү тургундардын макулдугусуз жер аянтын бөлүп берүү боюнча иш аракеттер жүргузүлбөсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/7

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/7 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Тегене айылынын тургуну Оңолов Келсинбек Турсуналиевичке  Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
    2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, наамды тапшыруу аземин уюштуруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/8

    2019-жылдын 29-январы                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусу жөнүндө .

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  XXI- сессиясынын күн тартибиндеги  5/8 -маселеси боюнча Ак-Жол айылдык кенешинин депутаты Базарбаев Жолдошбектин билдирүүсүн жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын кайрылуусун угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  XXI- сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Эл депутаттарынын Аксы райондук Кенешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган № 2/9 токтому Жалал-Абад областык Кенеши аркылуу белгисиз себептерден улам каралбай калып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине бул маалыматтын жетпей калгандыгы анык деп табылсын.
    2. Аксы райондук Кенешинин 26.06.1995-жылдагы II-сессиясында кабыл алынган    № 2/9 токтомунун 3-пункту менен Кара-Жыгач-Ак-Жол айылдык кенештеринин Кызыл-Бейит айылын мыйзамдуу өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү маселеси калктуу конуштар менен гана чектелип калып , жайыт жерлери камтылбай, учурда жайыт аянттары айыл өкмөттөр аралык талашка түшкөндүгү белгиленсин.
    3. Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит участкаларында жашаган атуулдардын Ак-Жол айыл аймагындагы башка бардык айылдар менен жакын туугандык мамилеси, уруулаш, танапташ эл экендиги, ысык-суугу бир жана бир эл экендигин эске алып  Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан бул маселени оң жагына чечип берүү жагы суралсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т .Батыралиев.

     

     

  • 2019-жылдагы кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын №1-ТОКТОМУ отключены


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    XX-сессиясынын    №1-ТОКТОМУ

    2019-жылдын 27-декабры                                                                                                                                                                                             Ак-Жол айылы

    2020-жылга бюджеттин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХX-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк

    бекитилген кирешеси 9833,0(Тогуз миллион сегиз жүз отуз үч миң) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9(үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 8937,1(сегиз миллион тогуз жүз отуз жети миң бир жүз) сом, атайын каражаты 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп, жалпысы: 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.

    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоордук бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше бөлүгүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевге милдеттендирилсин.

    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү

    №1-тиркемелерге ылайык 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом менен бекитилсин.

    4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3-пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.

    6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 187,7(бир жүз сексен жети миң жети жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

    7. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.

    8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык

    кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

    9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                 Т.Батыралиев

     2020-2021-2022-жылдарга карата кирешелер боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме            
                   
                   
      Бюджеттик классификация       план 2020 план 2021 план 2022
      кирешелердин аталышы            
    11111100 Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы       1852,0 2326,0 2473,0
    11121100 Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык       14,8 14,8 14,8
    11122100 Милдеттүү патенттин негизиндеги салык       2,0 2,0 2,0
    11122200 Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык       96,3 96,3 96,3
    11311200 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык       23,7 23,7 23,7
    11312200 Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык       370,0 370,0 370,0
    11321100 Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы       91,5 91,5 91,5
    11321200 Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы       103,2 103,2 103,2
    11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       152,7 152,7 152,7
    11412100 Сатуудан салык       1,0 0,0 0,0
    11462130 Көмүр       1247,0 1295,0 1320,0
    13321200 Тендөөчү гранттар       8937,1 8591,9 8758,2
    14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы       2215,0 2215,0 2215,0
    14152100 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       228,0 228,0 228,0
    14152200 Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр       366,9 366,9 366,9
    14152600 Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы       2718,9 2718,9 2718,9
    14238900 Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы       120,0 120,0 120,0
    14511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр       230,0 230,0 230,0
      Жалпы       18770,1 18945,9 19284,2
                   
                   
      Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери:         Н.Мырзатаев  


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясынын

    № 2-ТОКТОМУ

    2019-жылдын 27-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХ -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Жерги ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30 –сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К. Пратова менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     



                Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2019-жылдын 27-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчету жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХ -сессиясынын күн тартибиндеги   3- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу жаатында жасалган иш аракети “эн жакшы” деп баалансын.
    2. 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында айыл өкмөтүнүн кабыл алган социалдык –экономикалык өнүгүү программасына кирип ,бирок аткарылбай калган иш чаралардын кээ бир түрү  2020-жылдын аткарылуучу иш чарасына киргизилсин жана бул маселелер боюнча өз убагында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     

     

                 

  • 2019-жылдагы кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз ХIХ -сессиясынын ТОКТОМУ отключены


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХIХ -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2019-жылдын 17-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен келген “Максаттуу трансферт” каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХIХ -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен келген “Максаттуу трансферт” каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчыс Туратбек уулу Бакбергендин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Карожы министрлигинен келген “Максаттуу трансферт” каражаттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин .
    2. Бул каражатты бөлүп берүү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитеттинин төрагасы э.Эшалиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз                                                  ХIX-сессиясынын
     1-тиркемеси.
    Сумма Бөлүмү статья
    1 Мекеме ишканаларга кондиционер алуу 416,7 706 3112
    Жалпы сумма 416,7
    Ак-Жол айылдык кеңешинин
    бюджет комитетинин төрагасы: Э.Эшалиев

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]