[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Ак-Жол айыл өкмөтү Башкы, Улук жана Кенже кызмат орундарына кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. 12.06.2023-жыл. отключены

    КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР;
    1. Башкы кызмат орундары үчүн;
    1) Башкы кызмат оруну-1 штат бирдик;
    — Жогорку билим;
    -Иш стажы жана тажырыйбасы;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
    2. Улук кызмат орундары үчүн;
    1) Башкы адис-4 штат бирдик;
    Тиешелүү багыттагы жогорку билим;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
    3. Кенже кызмат орундары үчүн,
    Жетектөөчу адис- 4штат бирдик;
    Тиешелүү багыттагы жогорку билим;
    -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы иш стажы талап кылынбайт.
    — КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ
    1) Башкы орундар үчүн мыйзамдар:
    -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    -“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
    -Кыргыз Республикасынын “Мамлекетттик тили жонундо”
    -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
    Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.
    — билгичтиги:
    жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
    документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
    тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
    кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
    жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
    мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
    командада иштөө:
    көндүмдөрү:
    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
    компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
    2) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар;
    Кыргыз Республикасынын конституциясы;
    -Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
    -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”
    -Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
    -Тиешелүү тармактар боюнча мыйзамдар;
    2) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
    -Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    -Тиешелүү тармактагы мыйзамдар;
    төмөнкүлөрдү билүү:
    Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
    кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди;
    Сынакка катышуу үчүн документтер:
    -Өзүнүн арызы;
    -Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен);
    -Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен)
    -Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтин (диплом көчүрмөсү);
    -Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү;
    -Паспорттун көчүрмөсү;
    -Эркек жарандар үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү(аскердик билети жоктор аскердик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик комиссариаттан тактама);

    Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер Ак-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде 24- июнга чейин кабыл алынат.
    Тел; 0771-71-30-35
    0705-71-30-35

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]