[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи отключены


     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2020-жылдын 4-сентябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө .

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө  Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттин төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана  талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы             

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетти сунуш кылган токтомдун долбоору жактырылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы  А.Мырзабеков атындагы №44-негизги жалпы билим берүүчү мектебин жалпы билим берүүчү орто мектепке өткөрүү мезгил талабына ылайык деп табылсын.
    3. Бул токтомду колдоп берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
    4. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2020-жылдын 4-сентябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси болгон Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы             

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Карыялар Кенешинин айылдык Кенештин сессиясына жөнөткөн кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагынын Аксакалдар Кенешинин төрагасы , Эл агартуунун  мыктысы, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги, Билим, илим жана Профсоюз кыймылынын отличниги , Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасынын” , “Эл сыймыгы” төш белгисинин, Билим берүүнүн ардагери,Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, Аксы районунун “Ардактуу атуулу ” сыйлыктарынын ээси, 2 жолку чакырылыштагы айылдык Кенештин төрагасы Абасов Төлөгөндүн  70 жашка толгондугуна байланыштуу ,көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен  Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамы ыйгарылсын.
    3. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                 

  • 2020-жылдагы кенештин чечимдери Комментарии к записи отключены


    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХХV -сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

     

    2020-жылдын 10-июну.                                                                   Ак-Жол айылы.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХV-сессиясынын күн тартибиндеги маселеси болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтомунун 1-пунктуна негиз Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода  жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХХV -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылдык Кеңешинде акы төлөө негизиндеги айылдык Кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык бирдиги бекитилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

             Кенешинин төрагасы :                                                                         Т.Батыралиев.

     

     

     

     

     

     

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]