[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    X сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2026-жылдын 30апрели                                                                      Жаңы-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан китепкана кызматкерлеринин  жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар  менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү  маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан китепкана кызматкерлеринин  жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар  менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө  Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнчатуруктуу комитеттин төрайымы  Г Бостонованын    билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

             1.Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда  орун алган китепкана башчыларынын   жумуш алып баруусу жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин .

             2.Жаңы-Жол Ф-7 китепканасынын  башчысы Таштанова Тынаранын жүргүзуп жаткан иши мезгил талабына жооп берелигин эске алуу менен бирге мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жагы  айыл өкмөт башчысына  сунушталсын.

              3.Райкомол айылындагы Ф-20 айылдык китепканасы О Ташкулов мектебинин китепканасы менен 1бөлмөдө жайгашкандыктан айылдык китепкананы бөлүү жана Ак-Жол айылындагы  китепкананы башка жайга көчүрүү жагы колго алынсын.

              4.  Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин

                                            Төрага :                                        Т. Султамуратов

    Posted by admin @ 10:22

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]