[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Т О К Т О М У №5 /2 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги

    III сессиясынын

                                                                Т О К Т О М У  №5 /2

    2024-жылдын 19-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

                                     Ак-Жол айыл аймагынын  “Ардактуу атуул”

    наамын  ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айыылдык кеңешинин  III чакырылышынын  кезектеги  III -сессиясынын күн тартибиндеги 5/2 маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын  “Ардактуу   атуул” наамын  ыйгаруу жөнүндө жөнүндөгү маселе боюнча  Ак-Жол айылынын депутаттарынын  сунуштарынугуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  I чакырылышынын  кезектеги  III  сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Маданияттын  мыкты  кызматкери,”Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамдарынын ээси Сартмырзаева Күлсада  Кадыровнага маданият  тармагына  кошкон  бараандуу салымын эске алуу менен Ак-Жол айыл  аймагынын айылдык  кеңешинин  “Ардактуу  атуул” наамы  ыйгарылсын.
    2. Бул токтомдун  турмушка  ашырылуусуна  көзөмөл жасоо жана тиешелүү иш кагаздарын тактап  сыйлыкты  тапшыруу аземин  уюштуруу жагы  жооптуу катчы  К Сатыбековго  милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык

                            кеңешинин  төрагасы:                                                            Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Т О К Т О М У №5 /1 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кенешинин III чакырылышынын кезектеги

    III сессиясынын

                                                                Т О К Т О М У  №5 /1

    2024-жылдын 19-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

     Ак-Жол айыл аймагынын  аймагында спирт  ичимдиктеринин  сатылышын тартипке  келтирүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айыылдык кеңешинин  III чакырылышынын  кезектеги  III -сессиясынын күн тартибиндеги 5/1 маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын  аймагында спирт  ичимдиктеринин  сатылышын тартипке  келтирүү жөнүндөгү маселе боюнча  Тегене айылынын депутаттарынын  сунуштарынугуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  I чакырылышынын  кезектеги  III  сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы  калктуу конуштар боюнча лицензиясы  бар спирт ичимдигин  сатуучу бардык  точкаларда  төмөндөгүдөй  тартип  киргизилсин:
    2. Эртең мененки  саат 10-00дөн
    3. Кечки  саат  19-00дөн башка убактарда спирт ичимдиктерин сатууга  болбостугун бардык  соода точкаларынын  ээлерине эскертилсин.
    4. Жашы  жете элек өспүрүмдөргө спирт ичидигин  сатууга  тыйуу салынсын.
    5. Лицензиясы жок  спирт ичимдиктерин  саткан атуулдарга  катаал чара көрүлөрү боюнча эскертүү айыл  башчылар  жана  аймактык  учаскалык инспекторлор  аркылуу   элдин калың массасына  жетекирилсин.

    Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык

                            кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Т О К Т О М У № 4 отключены

    Ак-Жол айыл  аймагынын айылдык  кенешинин III чакырылышынын кезектеги

    III сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 4

    2024-жылдын 19-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    .Кара-Булуң насостук  станциясын Аксы УОСтун балансына  өткөрүп  берүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айыылдык кеңешинин  III-чакырылышынын  кезектеги  III -сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Кара-Булуң насостук  станциясын Аксы УОСтун балансына  өткөрүп  берүү жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  жооптууц катчысы Үркүнбай  уулу Нураалынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  I -чакырылышынын  кезектеги  III-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Булуң учаскасындагы АРИС программасынын алкагында курулган  насостук станция  Аксы УОСтун  балансына  өткөрүлүп  берилсин. 
    2. Тиешелүү иш.кагаздарын  даярдоо жана өткөрүп  берүүнү уюштуруужагы айыл өкмөтүнүн башчысы А К Абылаевке  жүктөлсүн.  жүктөлсүн.

    Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык

                            кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Т О К Т О М У №3 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кенешинин I чакырылышынын кезектеги

    III сессиясынын

    Т О К Т О М У  №3

    2024-жылдын 19-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    .Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 2024-жылга карата  иш планын  талкуулоо жана  бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин I-чакырылышынын  кезектеги  III -сессиясынын күн тартибиндеги III- маселеси болгон  Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 2024-жылга карата  иш планын  талкуулоо жана  бекитүү жөнүндө Айыл аймагынын  туруктуу комитеттеринин берген сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  I -чакырылышынын  кезектеги  III-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин туруктуу комитеттеринин  айылдык  кеңештин  берген сунуштары 2024-жылга карата  иш чара катары жактырылсын жана кабыл алынсын. 
    2.  Кабыл алынган  иш чаралар планы өз мезгилинде  аткарууну көзөмөлгө алуу   айылдык  кеңештин   орун басарына  милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

              Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Т О К Т О М У № 2 отключены

    Ак-Жол айыл  аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги

    III  сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 2

    2024-жылдын 19-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    .Ак-Жол айыл аймагына караган  калктуу конуштар  боюнча  жакынкы жана  алыскы  жайыттарга көчүп чыгуу жана көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө,Бадачылардын  кара-мал жана жандыктарга  алынуучу бада пул акысын  тактоо, механизаторлордун  эмгек акысын  белгилөө жана  айып  акылар боюнча  айыл өкмөтүнөн  түшкөн  сунуштарды кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  I-чакырылышынын  кезектеги  III-сессиясынын күн тартибиндеги’экинчи маселеси боюнча  жайыт комитетинин  төрагасы А

    Абдырамановдун  жана айыл чарба жана муниципалдык  менчикти  башкаруу боюнча  башкы  адис Ы Молорбаевдин жана ошондой эле  айыл  башчылардын  берген маалыматын угуп  жана  талкуулап Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  I чакырылышынын  кезектеги  IIIсессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айыл аймагындагы калктуу конуштар боюча болуп өткөн коомдук  угуулардын  жана бадачылар жана механизаторлорменен болгон  жыйындын  чечимдерине негиз жана  Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы А Абдырамановдун жана айыл чарба жана муниципалдык  менчикти башкаруу боюнча башкы адис  Ы Молорбаевдин берген билдирүүлөрү алымча  кошумчасы менен бекитилсин.
    2. Айыл аймагынан сырттан  алынып келген малдардын ээлеринен  малы эмделгени  жөнүндөгү тактама  талап кылынсын .Малдын эмделгени жөнүндөгү тактама  жок болсо  милдеттүү түрдө айыл аймактын  ветеринары  тарабынан  эмдөө колго алынсын.
    3. Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына  айылдык  кеңешке келип түшкөн сунуштардын негизинде айыл өкмөтүнүн  ички  тартибине ылайык  тескеме  даярдап  аны  аткаруу жагы жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  орун басары К Бейшеналивке  жүктөлсүн.

    Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык           кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж.Алыбаев.

« Previous Entries   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]