Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин II- чакырылышынын кезектегиIX сессиясынын
ТОКТОМУ № 8
2026-жылдын 30-апрели Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Жергиликтүү жамааттын жыйындарында талкуунун жыйынтыгы менен кабыл алынган , жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ болгондуктан Ак-Жол айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы- айылдык кеңештин токтому менен бекитилсин.
2.Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: Т. Султамуратов
