Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин II- чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
ТОКТОМУ № 7
2026-жылдын 30-апрели Жаңы-Жол айылы.
Көрүстөндүн иштешин,муниципалдык жерлердин ,парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу маселкелери боюнча маалыматтарды угуу жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Көрүстөндүн иштешин,муниципалдык жерлердин ,парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу маселкелери боюнча маалыматтарды угуу жөнүндө.
Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар боюнча 19 га жер аянтында жалпысынан 29 көрүстөндүн баары ачык мусулман көрүстөндөр экендиги жана ар бир көрүстөнгө расымдык кызмат уюштурулбагандыгы, мамлекеттик акт алынбагандыгы ,дээрлик баардык көрүстөндөрдүн бат толуп бараткандыгы эске алынсын.
2.Айыл өкмөт башчысына көрүстөн үчүн жер аянттарын трансформациялоо токой жана айыл чарба жоготууларын төлөө жагы милдеттендирилсин.
3.Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: Т. Султамуратов
