ТОКТОМ 1/1
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
«Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын
бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,
2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга
бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2017-2018-жылга бюджеттин долбоорун, 2016- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмнүн башчысы С Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 2668,7 (атайын каражатты кошкондо ) Теңдөочү грант 6394,9 Жалпысы: 9063,6 (тОгуз миллион алтымыш үч миң алты жүз ) сом суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
- Ак-Жол айыл окмотунун 2016-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлөгү №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылга карата болжолдуу долбоорунун бюджети № 3 тиркемеге ылайык мурунку жылдардагы фактыга негиз жактырылсын.
- Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелуучу статьяларга жумшалаары белгиленсин.
- Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес толомдордүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
- «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө»мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 89,0 сом (сексен тогуз миң ) өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
- 2016-жылдын 1-январына калдык эсебинен 20,0 мин сом накталай акча кассалык жүгүртүүгө калтырылсын.
- Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип кварталдар боюнча бөлүштүрүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктүлсүн.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
№1/1 токтомуна № 2 тиркеме
№ ДТ КТ статья
бардыгы : 9063,6 9063,6 0,0
1 Эмгек акы 2884,6 21111100
2 соц.фонд 434,5 21211100
3 Сапар чыгымы 250 22111100
4 бензин 100 22141100
5 запчаст 60 22141200
6 связ 20 22122100
7 эл энергия 794,9 22311200
8 резер фонд 89 28241100
9 көмүр алууга 650 22241100
10 Спорт зал Шынаа 500 31113290
11 Ар түрдүү чыгымдар 727,6 22154900
12 Жолборсту мектеп ремонт иштери 20 22211100
13 Конц товары 100 22221200
14 Архитектура 100 22154900
15 Гос регстр 50 22154900
16 Спорт инвентар 50 22221200
17 Ички жолдорду шагалдоо 400 22211100
18 Кышкы жолдорду сүрдүрүү 50 22211100
19 Мектептердин ремонт иштер үчүн 250 22211100
20 Сейф сатып алуу 20 31123220
21 Резервный рота , Авганист жана Баткенчилерге 50 22154900
22 Райкомол, Кур-Сай , Шынаа сугат суу 100 22211100
23 Райкомол зубный 100 22211100
24 Мектептерди лабароторядан өткөрүү 25 22154900
25 Спорт оюндарына 100 22154900
26 Эшек арт жолун түшүрүү 240 22211100
27 АДК уюумунун бюджетин жогорулатууга 40 22154900
28 Музыкалык аспап алуу 30 31123290
29 Орг техника 100 31123230
30 Таза суу жана забор куруу 100 22211100
31 Элктро линяларды ремонттоо 100 22211100
32 Көпүрө ремонттоого 100 31113330
33 Көчөт алууга 208 31131200
34 Программа 1 С 100 22154900
35 атайын каражат 120 22154900
Жалпы сумма 9063,6
Жалпы
9063,6
2111 2884,6
2121 434,5
2211 250
2214 160
2212 20
2231 794,9
2221 1360
2222 150
2224 650
2215 1192,6
3111 600
3112 150
3113 208
2824 89
1423 120
Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы Батыралиев Темиркул
ТОКТОМ №1/2
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
«Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын
атайын каражатын бекитуу жонундо»
Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты № 1- тиркемеге ылайык киреше болүгү 120,0 сом жана чыгаша болүгү № 2 – тиркемеге ылайык 120,0 мин сомго Башкаруу аппараты аркылуу жумшалсын.
- 2016-жылдын 1-январына карата калгын калдык эсебинен 100,0 мин сомго кошумча смета түзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ №1/3
«2015-жылдан калган калдык акча
каражатын бөлүштүрүү жөнүндө »
Ак-Жол айыл өкмөтунүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Батыралиев Темиркулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги ХVIII-сесиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин калган калдык акча каражаты № 4-тиркемеге ылайык бөлүнуп берилсин.
- Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Т . Батыралиевге милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
№ 1/3 токтомуна № 4 -тиркеме
01.01.2016-жылга карата калган калдык каражаты
№ Иштин мазмуну сумма статья
5154,7
1 Кызыл-Бейит айылындагы кайыкчыга үй куруп берүү 200 31111220
2 Шынаа айылындагы сугат сууга труба алып берүү 15 22211100
3 Эс алуу жайына 1849,7 31113290
4 Ак-Жол айылына тратуар 1300 31113220
5 А Мырзабеков атындагы негизги мектепке спорт плашатка 250 31113290
6 Эчкили айылына таза-суу 150 22211100
7 Тарых жана маданият жылына карата 100 22154900
8 Туруктуу коммиссиянын чыгымы 30 22154900
9 Т Абасовдун кубогуна 15 22154900
10 Эчкили айылына Габион орнотууга 30 22211100
11 Кызыл-Бейит айылына жөө көпүрө салууга 100 31113230
12 Разан-Сай айылындагы ФАПты ремонттоо 65 22211100
13 Кечуу , Разан-Сай , Райкомол , Жолборсту мектептерге темир решотка 20 22211100
14 Ак-Жол айыл Окмотунун кире-беришине арка орнотуу 500 31113290
15 Ак-Жол айылына көчөлөрдү жарыктандырууга 300 31113290
16 Разан-Сай айылындагы алыштын башына 15 22211100
17 Кантордун айланасын короолоо 15 22211100
18 Айыл Окмотунун картасына 100 22154900
19 Ген план айыл Өкмөтү 100 22154900
Жалпы
5154,7
2221 310
2215 345
3111 4499,7
Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы Батыралиев Темиркул
ТОКТОМ № 1/4
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
«Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата
айыл башчы кызматын бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403- токтомуна негиз, Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Батыркуловдун жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын ХVIII-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жол айылдык өкмөтүнүн аймагындагы 8 калктуу конушка 8 айыл башчы кызматы бекитилип берилсин . (тиркеме тиркелет).
- 2016-жылдын жылдык сметасына 8 айыл башчылардын эмгек акысы киргизилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнун башчысы С. Ажыматовго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов
ТОКТОМ № 2
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2016-жылга
карата иш планын бекитуу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII -сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2016-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тикемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2016-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
№ 2 — токтомуна тиркеме
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын
2016-жылга карата кабыл алган ИШ ПЛАНЫ
№ Аткарылуучу иштин мазмуну. Өтүлүү мөөнөтү Ким жооптуу Докладчы
1.1 1.Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү. февраль туруктуу комиссия С.Ажыматов
Т.Батыралиев
2 Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү. февраль жооптуу катчы К.Сатыбеков
3 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү. февраль Өкмөт башчы Б.Мырзагулов
4 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү. февраль туруктуу комиссия Н.Молдобаев
Т.Нурманбетов
5 Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаңы-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. февраль туруктуу комиссия А.Качыбеков
К.Оңолов
6 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин 2016-жылга карата иш планын бекитүү. Элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө. февраль туруктуу комиссия А.Качыбеков
М.Сманов
Ч.Сейитбеков
7 Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө. февраль туруктуу комиссия Н.Мырзабеков Т.Батыралиев
8 Ар түрдүү маселелер. февраль
2.1 .Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. май туруктуу комиссия П.Жабайкулов
А.Качыбеков
2 Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, элди тейлөөдөгү абалы, турак-жай үчүн жер аянтарынын берилиши жөнүндө.
май туруктуу комиссия А.Качыбеков
М.Сманов
3 Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаңы-Жол РЭС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө.
май туруктуу комиссия А.Качыбеков
М.Эгизалиев
4 Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы, мектептердин тазалыгы жөнүндө.
май туруктуу комиссия Н.Жуманалиев Директорлор.
5 Аскердик каттоо жана атуулдарга паспорт берүүдөгү айыл Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
май туруктуу комиссия Б.Жундубаев
Э.Озоев
К.Оңолов
6 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.
май туруктуу комиссия О.Мусабеков
К.Онолов
7 Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө .
май туруктуу комиссия С.Сансызбаев
А.Качыбеков
8 Ар түрдүү маселелер .Разан,Күрп-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин абалы.
май
3.1 Ак-Жол айылынын аймагындагы кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдары жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө.
август туруктуу комиссия А.Качыбеков
Кен ээлери.
2 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн социалдык жана ветеринардык адистердин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө.
август туруктуу комиссия К.Оңолов
А.Сатыбалдиев
Т.Суеркулов
3 Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө.
август туруктуу комиссия Н.Жуманалиев
Жетекчилер.
4 Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы элди тейлөөсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу .
август туруктуу комиссия Н.Жуманалиев
Китепканачылар
5 Айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жөнүндө.
август туруктуу комиссия К.Оңолов
Уюм жетекчилери.
6 Ак-Жол, Кызыл-Бейит ,Кечүү айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу.
август туруктуу комиссия А.Мырзагулов
С.Алыбаев
7 Ар түрдүү маселелер.
август
4.1 Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы. октябрь туруктуу комиссия Ж.Кулжабаев
А.Качыбеков
2 Ак-Жол айыл аймагындагы кары-картаңдар, майыптар менен иштөөнүн абалы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар жөнүндө.
октябрь туруктуу комиссия Н.Жуманалиев
А.Сатыбалдиев
К.Сатыбеков
3 Ак-Жол айыл аймагындагы социалдык маданий объектилердин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
октябрь туруктуу комиссия Н.Жуманалиев
Жетекчилер.
4 Ак-Жол Өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын (аксакалдар Кеңеши, аялдар Кеңеши, айылдык Соттун ) төрагаларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу.
октябрь туруктуу комиссия К.Оңолов
Төрагалар.
5 Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Б.Мырзагуловдун 9 айлык отчетун угуу.
октябрь Б.Мырзагулов
6 Ак-Жол айыл аймагындагы негизги жана башталгыч класс жалпы билим берүүчү мектептердин директорлорунун жылдык билдирүүсүн угуу.
октябрь туруктуу комиссия Н.Жуманалиев
Мектеп жетекчилери.
7 Шынаа, Жолборсту айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу.
октябрь Н.Мырзатаев
Б.Райымбеков
8 Ар түрдүү маселелер.
октябрь
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин жооптуу катчысы : К.Сатыбеков.
ТОКТОМ № 3
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга
карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2016-жылга кабыл алынган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалар менен бекитилсин.
- Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
№ 3-токтомуна тиркеме
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-
экономикалык өнүгүү программасынын иш-чарасы
№ Иш чаралардын аталышы жалпы респ. бюджет жерг. бюджет ишкана спонсор өкм. эмес уюм жамаат күтүлүүчү жыйынтык жооптуулар
1 Тегененин сыртындагы айдоолорду камыштан арылтуу 1200,0 1200,0 жалпы элдин айдоо аянты камыштан тазаланат Айыл чарба департаменти
2 Үлүш жерлерге баруучу Аң-Жылга участкасына жол салуу 200,0 150,0 50,0 жол каттамы жакшырат А/Ө, жамаат
3 Тегене айылындагы спорт сарайын бүткөрүп, ишке берүү 5500,0 5500,0 мектеп окуучуларына шарт түзүлөт А/Ө, жамаат
4 Кечүү айылындагы мектептин спорт аянтчасын бүткөрүү 100,0 100,0 мектеп окуучуларына шарт түзүлөт А/Ө, жамаат
5 Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн балансасына бульдозер сатып алуу 1500,0 1500,0 айыл элин техника менен камсыздоо А/Ө, жамаат
6 Тегене айылындагы Чолок-Сөгөт участкасындагы булакты тазалоо 50,0 50,0 мал багуучу ишкерлерге шарт түзүү А/Ө, жамаат
7 Шынаа айылындагы спорт комплексин толук ишке берүү 4000,0 4000,0 айыл элине жана мектеп окуучуларына шарт түзүлөт АРИС
8 Жолборсту айылына көпүрө куруу 1300,0 1300,0 жол каттамы жакшырат МЧС
9 Жолборсту айылына баруучу көпүрөлөрдү кап.ремонттон чыгаруу 50,0 50,0 жол каттамы жакшырат А/Ө, жамаат
10 Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга сел тосмо куруу 2500,0 2500,0 өзгөчө кырдаалдын алдын алуу СПЛМ
11 Аппарат кызматкерлерин элди тейлөөсүн жакшыртуу максатында орг.техника менен камсыздоо 100,0 100,0 тейлөө сапатын жакшыртуу А/Ө, жамаат
12 Райкомол айылына Лагерь, Лесхоз, Кош-Алмурут участкаларын камсыз кылган трансформатор алып берүү 500,0 500,0 эл электр тогу менен камсыз болот РЭС
13 Коргон-Төбө айылына баруучу жолду кап.ремонт кылуу 100,0 100,0 жол каттамы жакшырат ОСОО Алфа Микс
14 Ак-Жол, Райкомол айылдарындагы 7 км жолду асфальттоо 66000,0 66000,0 жол каттамы жакшырат Транспорт минстрлиги
15 Ак-Жол айылына бала бакча куруу 10000,0 10000,0 социалдык маселе чечилет Стим грант
16 Ак-Жол айылындагы базарга даараткана куруу 150,0 150,0 социалдык маселе чечилет А/Ө, жамаат
17 Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү 3 орто мектептин экиден алты кабинетинин полун алмаштыруу 200,0 200,0 окуучуларга шарт түзүлөт А/Ө, жамаат
18 Эскилиги жеткен 04түк электр линияларынын жараксыз столбаларын алмаштыруу 4000,0 4000,0 электр тогу менен камсыз болот А/Ө, жамаат РЭС Аксы
19 Ак-Жол айыл Өкмөтү боюнча таза суу маселесин чечүү 37000,0 37000,0 элдин ден соолугунун алдын алуу А/Ө, жамаат
20 Күрп-Сай айылына баруучу жолду кап.ремонттон чыгаруу 200,0 200,0 жол каттамы жакшырат А/Ө, жамаат
21 Ак-Жол айыл Өкмөтү боюнча кезекте турган 174 үй-бүлөгө жер участкасын берүү социалдык маселе чечилет А/Ө, жамаат
22 Эски жуут пунктун ремонттоо 100,0 100,0 малдын асылдуулугун жогорулатуу АРИС
23 Шынаа айылын сугат суу менен камсыздоо 100,0 100,0 суу менен камсыз болот А/Ө, жамаат
24 Тегене айылына уюлдук телефон менен байланышуу үчүн антенна куруу 250,0 250,0 социалдык маселе чечилет БИЛАЙН
25 Алыскы жайыттарга каттоону камсыз кылуу үчүн, жолдордун кээ бир жерлерин ремонттоо 400,0 400,0 жол каттамы жакшырат А/Ө, жамаат
26 М.Сыдыков атындагы орто мектебине көмүркана куруу 1200,0 1200,0 көмүрдүн сапатын сактоо максатында А/Ө, жамаат
27 Кызыл-Бейит айылындагы кайыкчынын үйүн жаңы салып берүү 500,0 500,0 жумушчу орунун сактоо максаты А/Ө, жамаат
28 Тегене айылынын таза суу маселесин чечүү 2500,0 2500,0 калкты таза суу менен камсыздоо А/Ө, жамаат
29 Күрп-Сай айылына автоунаа өтүүчү көпүрө куруу 1500,0 1500,0 жол каттамы жакшырат ОсОО "Ориэль"
30 Куру-Сай участкасына сугат суу чыгаруу 150,0 150,0 сугат суу менен камсыз болот А/Ө, жамаат
31 Шынаа айылындагы сугат каналынын бузулган бөлүгүн ремонттоо 10,0 10,0 сугат суу менен камсыз болот А/Ө, жамаат
32 Айрым мектептерди музыкалык аспаптар менен камсыздоо 50,0 50,0 мектеп окуучуларына шарт түзүлөт А/Ө, жамаат
33 Ак-Жол айылына эс алуучу парк куруу 2500,0 2500,0 айыл элинин эс алуусуна шарт түзүлөт А/Ө, жамаат спонсорлор
34 Малды асылдандыруу үчүн атайын селекциялык бөлүм ачуу 300,0 300,0 малдын асылдуулугу артат АРИС жайыт комитети
35 Жыгачты кайра иштетүүчү ишкана куруу 1200,0 1200,0 калкка кызмат көрсөтүлөт А/Ө, жамаат
36 Айыл Өкмөттүн базасында жана бытовой техникаларды оңдоочу жай куруу 700,0 700,0 калкка кызмат көрсөтүлөт А/Ө, жамаат
37 Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолунун боюна 8 км тротуар куруу 2000,0 2000,0 жол каттамы жакшырат, айыл тургундарынын жол коопсуздугу сакталат А/Ө, жамаат
38 Айыл ичиндеги автоунаа жолдорунун боюна жарык берүүчү чырактарды орнотуу 1200,0 1200,0 калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт А/Ө, жамаат
39 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга жардам көрсөтүү 200,0 200,0 ден соолугу чектелген жарандарга көңүл бөлүнөт А/Ө, жамаат
40 Кызыл-Бейит айылына мини ГЭС куруу 5000,0 5000,0 калк электр тогу менен камсыз болот А/Ө, АРМА
41 Күрп-Сай айылына электр линиясын тартуу 10000,0 10000,0 калк электр тогу менен камсыз болот А/Ө, жамаат
42 Кээ бир мекемелерде өрткө каршы щит менен камсыз кылуу 100,0 100,0 Коопсуздук сакталат А/Ө, жамаат
43 Коргон-Төбө айылына булактан таза суу алып келүү 300,0 30,0 70,0 200,0 калк таза суу менен камсыздалат А/Ө, жамаат
44 Райкомол айылынын Көк-Чырыч участкасындагы жолду шагылдоо 200,0 100,0 100,0 жол каттамы жакшырат А/Ө, жамаат
45 Эчкили-Сай айылына таза суу тартуу 150,0 Таза суу маселеси чечилет. А/Ө, жамаат
46 Разан-Сай айылындагы алыштын башын бекемдөө 15,0 Калк сугат суу менен камсыздалат. А/Ө, жамаат
47 Разан-Сай айылындагы башталгыч мектепке, ФАПка көмүркана куруу жана бул объектилерди ремонттоо 65,0 Айыл тургундарына, окуучуларга шарт түзүлөт. Көмүр сапаттуу сакталат А/Ө, жамаат
48 Кара-Тыт айылына арка куруу 500,0 Элдин духун, маданиятын көтөрүү максатында А/Ө, жамаат
Жалпы: 165840,0 144900,0 11170,0 650,0 3420,0 5300,0 400,0
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы: Б.Мырзагулов.
Стат-экономист: Ы.Молорбаев.
ТОКТОМ № 4
16-февраль.2016.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт
комитетинин жылдык отчету. 2015-жылга карата
бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата
бюджетти бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы , депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыралык деп белгиленсин.
- Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
- Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
- Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
- Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто корсотулгон малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
- Жайыт комитетинин 2016-жылга карата салык алуу жагы айыл Өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын чечимине негиз төмөндөгүдөй бекитилсин
- Кара мал ,жылкыга 56 сом
- Кой,эчкиге 12 сом
- Сырттан келген кара мал жана жылкыга 200 сом
- Сырттан келген кой,эчкиге 40 сом
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 5
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол
милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин элди
тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат К.Оноловдун жана Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Үчкемпиров Иляздын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы менчик автоунаа ээлерине транспорт салыгын өз учурунда төлөө максатында түшүндүрүү иштерин айыл Өкмөтүнүн салык инспекциясы менен биргеликте жүргүзүү жагы колго алынсын.
- Мал уурулуктун алдын-алуу,учурдагы эшек жаныбарларын ар жерден союп талаага ташталып жаткандыгы боюнча ар бир калктуу конуштар боюнча атайын топтор түзүлүп ,айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Соода түйүндөрүндө эмес ар бир үйлөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктерин токтотуубоюнча чара көрүү милиция кызматкерлерине жана айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан штери канааттандырарлык деп табылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов
ТОКТОМ № 6
16-февраль 2016-ж. Ак-Жол айылы.
Айыл Өкмөттүн турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар
боюнча адисинин жылдык иш планын бекитүү, жыл
ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы,
турак-жай үчүн жер аянттарынын берилиши жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси М.Смановдун,Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл Өкмөттүн турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин жылдык иш планы айыл Өкмөт башчысынын бекиткени боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана Турак –жай,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси М.Смановдун, Ак- Жол айыл Өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү көрсөткөн кызматы канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайы жер көчкүгө, жер жылууга дуушар болуп , узак мөөнөттүү кредит алган атуулдарды көчүрүү иштерин колго алуу жагы Ч.Сейитбековго жүктөлсүн.
- Айыл Өкмөтүнүн жер адистерине айылдык аймактын келечек пландарын кайрадан карап чыгуу жана айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарын инвентаризациялоо иштерин колго алуу жагы милдеттендирисин.
- “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин,обьектилерди көзөмөлдөө,ижарага берүү жана сатуу жалпы жер маселелери” боюнча кайрадан түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын16-февралындагы №6-буйругу жана”Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө” жөнүндөгү 2016-жылдын 15-февраль күнкү №5-буйругу бекитилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 7
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,
андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Экономика,Бюджет соода маселелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Т.Батыралиевдин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл Өкмөтүнүн карамагындагы Ак-Жол базарын жеке менчикке өткөрүү боюнча тиешелүү иш кагаздары такталганга чейин чек системасы менен иш жүргүзүп турууга уруксат берилсин.
- Базардан алына турган жыйымдар учун райондук салык инспекциясынан чектерди алып келүү жана чектердин таркатылышына ,жыйымдардын топтолушуна көзөмөл жүргүзүү айыл Өкмөтүнүн салык кызматкерине милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 8 /1
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
Аксы токой чарбасынын территориясына караган
калктуу конуштардын жер аянтын айыл Өкмөтүнүн
балансасына өткөрүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндөгү келип тушкөн элдинкайрылуусуна негиз Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардын жашоочуларынан келип түшкөн кайрылуулар негиздуу болгондуктан Райкомол, Кечүү, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарындагы жер аянттары жакынкы жайыттары менен айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.
- Жогорудагы аталган айылдардын жер аянттарына тиешелүү документтерди даярдап кабыл алынган чечимди турмушка ашыруу Аксы токой чарбасынын директоруна жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Айылдык Кеңештин Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү токтомун турмушка ашыруу жаатында жасаган иш аракеттерин колдоп берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 8 /2
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин
жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселесинин 2-пункту болгон О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө жарандардан келип түшкөн арыздарды жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн, О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин жана АКТЕД мамлекеттик эмес эл аралык уюму менен түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык “Нива” автомашинасы Ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын ассоцациясынын пайдалануусуна калтырылсын.
- Автомашинанын сапаттуу ремонттолушуна жана пайдалануусуна такай көзөмөл жургузуу О Ташкулов мектебинин директору Ажиев Бекмамбетке милдеттендирилип жоопкерчилиги суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Н.Жуманалиевке милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 8 /3
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселесинин 3-пункту болгон РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө калктуу конуштардан келип түшкөн билдирүүлөр,даттануулар жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштарда Аксы Электро- тармактар ишканасынын эсепчи-контролер кызматкерлери тараптан бир топ мыйзам бузуу фактылары тез-тез катталып жаткандыгы белгиленсин.
- Мындай баса калмай жосунсуз жоруктарды тескеп, мындан ары болтурбоо үстүндө иш алып баруу жагы АксыЭлектро-тармактар ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кенешинин торагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 8 /4
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
Айыл Өкмөтүнүн аймагында бадачылардын бада
багуудагы эмгек акыларын бекитүү жана жазгы
жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон
көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Айыл Өкмөтүнүн аймагында бадачылардын бада багуудагы эмгек акыларын бекитүү, жазгы жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер адиси М.Смановдун билдирүүсүн жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 15-февраль 2016-жылдагы № 5 буйругун талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн тургундары үчүн бада акылары бардык айылдарда бирдей баада белгиленсин.
Жандыктарга — 60 (алтымыш) сом. 1.кг. тузу менен жандык башына.
Уйларга — 200 (эки жүз) сом. тузу менен.
2. Белгиленген бада акыларын бузуп , кымбаттатып жиберген бадачылырга Кыргыз Республикасынын «салык мыйзамдарына» ылайык чара көрүү жагы эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы айыл Өкмөттүн мал жана айыл чарба кызматкерлерине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн тургундары үчүн жаздоого көчүп чыгуу жайлоодон көчүп келүү мөөнөттөрү бардык айылдарда бирдей мөөнөткө коюлсун.
Жаздоого — 15 – апрелден 30 –апрелге чейин.
Жайлоого — 20- майдан 1- июнга чейин.
Жайлоодон көчүп келүү- 5- сентябрдан кийин деп белгиленсин.
5. Белгиленген мөөнөттү бузуп эгин жайга малдарын түшүргөн атуулдарга айып акы салуу үчүн айыл Өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен,айыл башчылардан атайын комиссия түзүлсүн, айып акылардын суммасын белгилөөнү колго алышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы айыл Өкмөттүн мал жана айыл чарба кызматкерлерине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
ТОКТОМ № 8 /5
16-февраль 2016.ж. Ак-Жол айылы.
АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк, Шынаа
айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү
жергиликтүү жамааттын токтомун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи маселесинин 5-пункту болгон АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк ,Шынаа айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү жергиликтүү жамааттын токтомун жана айыл аймактык Кеңешине ,айыл Өкмөтүнүн башчысынын атына жазылган элдин кайрылуусун угуп,талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХVIII — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Шынаа айылынын тургундарынын 28.01.2016-жылдагы жана Бел-Өрүк айылынын тургундарынын 03.02.2016-жылдагы өткөн элдик жыйындарда кабыл алган токтомдору боюнча Ак-Жол айылдык Кеңешинин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына кайрылуулары негиздүү деп табылып айыл статусу берүү жөнүндөгү токтомдору бекитилсин .
- Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин 16.02.2016-жылдагы №8/5 кабыл алынган токтомуна негиз айыл статусун берүү жөнүндөгү тиешелүү иш кагаздарды колдоп берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Абасов.
Recent Comments