Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
X сессиясынын
ТОКТОМУ №2
2026-жылдын 30-апрели Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башталгыч,негизги, жалпы билим берүүчү мекемелеринин жетекчилеринин жүргүзуп жаткан иштери жана келечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башталгыч,негизги, жалпы билим берүүчү мекемелеринин жетекчилеринин жүргүзуп жаткан иштери жана келечек муундарын тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнчатуруктуу комитеттин төрайымы Г Бостонованын
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-жол айыл аймагынын калктуу конуштарында жайгашкан жалпы билим берүүчү М Сыдыков ,Ж Мамытбеков, Р Темиров, Т Тыныбеков,К Керимбеков ,Т Ташкулов мектептеринин жетекчилери тарабынан мектептин окуу базаларын чыңдоо багытында коомчулук жана демөөрчүлөр менен жүргүзуп жаткан иштери учур талабына ылайык келерлиги белгиленсин.
2.Мектеп жетекчилеринин сунушуна негиз ар бир мектептердеги отканада эмгектенген кенже кызматкерлерди атайын спец кийимдер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Ак-Жол айыл аймагынын баардык мектептеринде окучуларды ысык тамак менен камсыздоо жакшы жолго коюлгандыгы мектеп жетекчилеринин келечек муундарына көргөн камкордугу деп баалансын.
4.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Султамуратов
