[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/7 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 5/7

    2023-жылдын 17-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

       “А.С.А. люкс” Жоопкерчилиги чектелген

          коомунун  ишмердүүлүгү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/7пункту болгон “А.С.А. люкс” Жоопкерчилиги чектелген коомунун  ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселе боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнун  айыл-чарба жана муниципалдык менчикти   башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  XVсессиясы                

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айыл аймагынын Кара-Тыт  айылынын Белдеме учаскасынан  Каолин кенин казып жаткан”А.С.А. люкс ишканасынын жүргүзуп жаткан иши Ак-Жол айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сесиясынын №2-токтомуна, Аксы райондук мамлекеттик администрациясына жолдонгон  Ак-Жол айыл өкмөтүнун 10-август 2015-жылдагы №188 катына жана Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясына жолдонгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн №187-катына негиз иш жүргүзүп келе жаткандыгы белгиленсин.
    • Учурда бул ишкана жер  аянтына  төлөнүүчү жер салыктарын Аксы токой чарбасына  төлөп жаткандыктан кайрадан тиешелүү иш кагаздарын тактап салыкты айыл өкмөтүнө төлөтүү жаатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовко жүктөлсүн.

    Ак-Жол  айылдык аймактык           Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5|1 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 5|1

    2023-жылдын 17-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    “ ААР Каолин” Жоопкерчилиги чектелген коомунун

                                                             директору Р Асаналиевдин арызын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  XV сессиясынын күн тартибиндеги  ,бешинчи маселесинин 1-пункту боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  айылчарба жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Б Райымбеовдун маалыматын угупжана  талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII  чакырылышынын   кезектеги  XV сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.   “ ААР Каолин”Жоопкерчилиги чектелген коомунундиректору Р Асаналиевдин арызы канааттандырылып, ,“Каолин” кенин казуу үчүн  экологиялык  экспертизадан откөрүүгө  макулдук  берилсин.
    • ААР Каолин”  ишканасы тиешелүү иш кагаздарына ээ болгон соң  соц пакеттер топтому  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2023- жылга карата  түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планына иш чарасы кошо киргизилип,  аткарылган жумуштар боюнча жергиликтүү тургундарга өз убагында  маалымат берилип  турууу жагы айыл өкмөт башчысына  милдеттендирилсин..

    Ак-Жол айылдык аймактык

             Кеңешинин төрагасы :                                                                                   Ж.Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл айактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын ТОКТОМУ №3 отключены

    Ак-Жол айыл айактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    ТОКТОМУ №3

    2023-жылдын 17-апрели                                                                                       Ак-Жол айылы 

                                          Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш

                                              ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнчаАксы токой

     чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо.

    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнчатуруктуу комиссиянын  төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XVсессиясы 

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу      пайдалануу боюнчаАксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү абалы өз деңгеелинде  экендиги белгиленсин

    2.Аксы токой чарбасы менен айыл өкмөтүнун ортосундагы  жер талаш маселеси2О09-жылдын15-октябрь айындагы айыцлдык Кеңештин VII чакырылышынын XVII сессиясынын №2-токтомуна негиз  жумуш алып  баруу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

    3.Айыл аймактын  калктуу конуштарындагы  жергиликтүү тургундар менен Аксы токой чарбасынын  директорунун орун басары Осмонов Майрамбек Тажибаевичтин иш алып баруусу өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.

                Төрага:                                                                                           Ж.Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 1 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2023-жылдын 17-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын,  механизаторлордун эмгек акысы ,  белгиленген айып  акылардын өлчөмүн , жер айдоо компаниясына  байланышкан  тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга кочүп чыгуу,көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча  чыккан  айыл өкмөтүнун буйругун  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XVсессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XV-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 35-б буйругу кээ бир алымча кошумчасы менен жактырылсын
    2. Айыл өкмиөтүнун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарын жакынкы жана  алыскы жайыттарга көчүрүү №35-буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу жагы  жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
    3. Айыл аймагынын калктуу конуштарына сырттан  алынып келген малдарды кайсыл территорияга айыл өкмөтүнүнбү же Аксы токой чарбасынын аймагына  алынып келеби ветеринардык  көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү экендиги  белгиленип аткаруу жагы айыл башчыларга жана  жайыт комитетине милдеттендирилсин.  
    4. Буйрукту аткарбаган атуулдарга Бузулар кодексинин №293 беренесине ылайык  айып салынары  эскертилсин.
    5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  тез аранын ичинде  тактап аткаруу жагы айыл өкмөтүнун  жер адисине милдеттендирилсин.(15 жумушчу күн )

    Ак-Жол  айылдык аймактык

              Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ №6/2 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

    Токтом №6/2

    2023-жылдын 27-январы                                                                 Ак-Жол айылы.

     Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселесинин 6/2пункту болгон Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  XIII сесиясы               

    Токтом кылат:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Кесип кошун бирдигинин 16-январь 2023-жылдагы болгон отурумунун чечими негиздүү деп  табылып айыл өмөтүнүн Мал чарба адиси Т Суеркуловдун жана өзгөчө кырдаалдар боюнча  адиси Ч Сейитбековдун  көп жылдык эмгеги бааланып Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын..
    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагыайылдык  Кеңештин  жооптуу катчысы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.

    Төрага:                                              Ж.С.Алыбаев.

« Previous Entries   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]