[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Бада акы жонундо буйрук отключены

    shapka

    « 09 »   __02 __   2017-ж                         № 6                            Ак-Жол  айылы тел:6-01-03                                     

    Буйрук.

     “Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө жөнүндө”

     

    Мал багуучулардын бада акыларын, жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу бада акыларын жана көчүп келүү мөөнөтөрүн белгилөө,башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү жана айдап себүүдө механизаторлордун акысын белгилөө максатында

    БУЙРУК КЫЛАМЫН:

    1. Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуу мөөнөтү 15-апрелден 30-апрелге чейин, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуу 20-майдан 1-июнга чейин белгиленсин. (Аба ырайы өзгөгүүгө дуушар болсо 7-8 күнгө уруксат берилет).
    2. Бадачылардын бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин;МРС жандыктарга 1 башка 60 сом, тузу ичинде, КРС кара малга , жылкыга 1 башка 250 сом, тузу ичинде.
    3. Күздө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин.
    4. Белгиленген мөөнөтөн мурун көчүп келген атуулдарга жана эгинге түшкөн малга айып акы салуу ар бир калктуу конуштарда өткөрүлгөн чогулуштардын токтомуна негиз салынаары эскертилсин жана айыл башчылар аркылуу жеткирилсин.ар бир калктуу конуштардагы айыл тургундарына маалыматтар кабарлансын.
    5. Ак-Жол айыл .Өкмөтүнүн жайыты өзүнүн элинин малынын башына жетпегендиктен, башка айыл Өкмөт бадачыларына көчүп келбөөсү жөнүндө маалымат жеткирилсин.
    6. Белгиленген убакыт ичинде (30-Апрелден  1-сентябрга чейин)

          а)   Эгин жайларга, чөп чабынды жерлерге түшкөн мал атайын камалуучу жайларга камалсын.

          б)   Жандыктарга ар бир баш учун 100 сом,  ал эми кара мал, эшек, жылкыларга 1000 сом         өлчөмүндө айып салынсын.

          в)   Кайталанып түшкөн жандыктарга 200 сом, ал эми кара мал, эшек, жылкылар үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып салынып, төлөтүү жагы колго алынсын.

          г)   менчигинин таризине карабастан  жерлердеги табигый жана эгилме жайыттарга зыян келтирилсе Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 186-статьясынын, жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузса Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 193-статьясынын негизинде айып пул төлөнөт.

    1. Ушул белгиленген мөөнөттүн ичинде эгин жайларга түшкөн малдарды мал камоочу жайларга камап, тез аранын ичинде айыл өкмөтүнө билдирүү жагы айыл башчыларга, жамаат башчыларына жана айыл тургундарына милдеттендирилсин.
    2. Сырттан алынып келген мал үчүн “Жайыт жөнүндө” мыйзамдын негизинде ар бир кара мал, жылкыга 200 сом, жандык үчүн 40 сом акы төлөтүү колго алынсын.
    3. Белгиленген мөөнөттөн мурда көчүп келип калган атуулдарга 10 мин сом өлчөмүндө айып төөлөтүү жагы колго алынсын.Сырттан көчүп өтүүчү атуулдар, мыйзам негизинде көрсөтүлгөн маршурт менен көчүп өтүүдө бир күндөн ашык конушка олтурушпасын жана көрсөтүлгөн мөөнөттүн убагында көчүп өтүүсү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар катталса 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып салынсын. (Тиркеме тиркелет)
    4. Жазгы талаачылык боюнча айдап себүүдө механизаторлор :

    -тегене келки жерлерди  1 га айдоо – 2000 сом,           короонун ичин айдоо-4500 сом

    -агет – 1300сом                                                                -агет – 2000 сом

    -мала – 700 сом                                                                — мала 1000 сом

    -тоют даярдоодо, эгерде солярканын баасы февраль айындагы баадан өзгөрбөсө,

    -касилка менен чөп чабуу 1 га – 1500 сом,  грабил тартуу 1 га-800сом.

    1. Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
    2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн жер адиси М.Смановго жана жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевке жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                                             Б.Мырзагулов.



    «_16_» «___02___»   2016-ж                № __6__           Ак-Жол  айылы тел:6.01.03  6.01.05                                                                                                       

    БУЙРУК

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык менчиктеги жерлерди, обьектилерди, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин көзөмөлдөө, ижарага берүү жана сатуу, жалпы жер маселелерин чечүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдары боюнча жана укуктук ченемдик актыларына ылайык

    БУЙРУК КЫЛАМЫН:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык менчиктеги жерлерди, обьектилерди, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин көзөмөлдөө, ижарага берүү, сатуу жана автомобил жолдоруна жакын жайгашкан бардык мыйзамсыз курулуштарды, короолорду демонтаждоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

     

    1)        Качыбеков А. -а/к депутаты, комиссиянын төрагасы
    2)        Сманов М. -жер адиси, комиссия мүчөсү
    3)        Мырзагулов Б. -а/ө башчысы, комиссия мүчөсү
    4)        Сейитбеков Ч. -өзгөчө кырдаалдар боюнча жет.адис, комиссия мүчөсү
    5)        Молорбаев Ы. -экономист-статист, комиссия мүчөсү
    6)        Токтоназаров Ж. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    7)        Оңолов К. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    8)        Молдобаев Э. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    9)        Токтогулов С. -Тегене айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    10)    Мырзатаев Н. -Шынаа айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    11)    Райымбеков Б. -Жолборсту айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    12)    Мырзагулов А. -Ак-Жол айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    13)    Анарбаев К. -Райкомол айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    14)    Ормонов А. -мамкаттоонун адиси, комиссия мүчөсү
    15)    Мырзагулов С. -арх. шаар куруу башк. адиси, комиссия мүчөсү
    1. Комиссиянын курамын бекитип берүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинен суралсын..

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                        Б.Мырзагулов

  • Ак-Жол айылдык кеңешинин Регламенти Комментарии к записи Ак-Жол АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ отключены

    shapka

    Ак-Жол

    АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН  РЕГЛАМЕНТИ

    [download-attachment id=»156″ title=»Ак-Жол АК Регламент-2017жыл»]

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин vıı-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылга карата И Ш П Л А Н Ы. отключены

    shapka

    Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин vıı-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылга карата  И Ш    П Л А Н Ы.

    [download-attachment id=»159″ title=»иш чара кенеш»]

     Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы :               К.Сатыбеков.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү ПЛАНЫ отключены

    shapka

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү

    ПЛАНЫ

    [download-attachment id=»153″ title=»Ак-Жол айыл кмтнн 2017-жылга социалдык-экономикалык нг планы»]

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                          Б.Мырзагулов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-чарасы отключены

    shapka

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-чарасы

    [download-attachment id=»150″ title=»2017-жылга нг планы.Абасов»]

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                  Б.Мырзагулов.

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]