Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин II- чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
ТОКТОМУ № 6
2026-жылдын 30- апрели Жаңы-Жол айылы.
Айыл өкмөтүнун аймагындагы кен казып жаткан ишканалардын экологияга тийгизип жаткан таасири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын аткарылышы ошондой эле тиешелүү келишимдердин талаптарынын сакталышы жөнундө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси болгон Айыл өкмөтүнун аймагындагы кен казып жаткан ишканалардын экологияга тийгизип жаткан таасири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын аткарылышы ошондой эле тиешелүү келишимдердин талаптарынын сакталышы жөнундө
Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы Молорбаевдин айыл өкмөтүнүн аймагындагы кен казып жаткан ишканалардын экологияга тийгизип жаткан таасири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын аткарылышы ошондой эле тиешелүү келишимдердин талаптарынын сакталышы жөнундөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: Т. Султамуратов
