Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
Токтому №1
2026-жылдын 30-апрели Жаңы-Жол айылы
Тиричилик калдыктарын чогултуу,чыгаруу жана жок кылуу боюнча
« Малкалды» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун маалыматы
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Тиричилик калдыктарынчогултуу,чыгаруу жана жок кылуу боюнча « Малкалды» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы « Малкалды» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун учурдагы жүргүзгөн иши көпчүлүктүн сунушу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар аралыгында туристтер үчүн коюлган таштанды таштоочу урналар жалпы жашоочулар тарабынан туура эмес пайдаланылып жаткандыктан убактылуу алынып коюлсун.
3.Эл арасында таштанды таштоочу урналар эмне себептен коюлуп жана эмне себептен алынып коюлгандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзулсүн.
4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага : Т. Султамуратов
