[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/7 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/7

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    ОсОО “А.С.А. люкс”ЖЧКсынын
    ишмердүүлүгү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/7пункту болгонОсОО“А.С.А.люкс ЖЧКсынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселе боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнун айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XVсессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Кара-Тыт айылынын Белдеме учаскасынан Каолин кенин казып жаткан”А.С.А. люкс ишканасынын жүргүзуп жаткан иши Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сесиясынын №2-токтомуна, Аксы райондук мамлекеттик администрациясына жолдонгон Ак-Жол айыл өкмөтүнун 10-август 2015-жылдагы №188 катына жана Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясына жолдонгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн №187-катына негиз иш жүргүзүп келе жаткандыгы белгиленсин.

    2. Учурда бул ишкана жер аянтына төлөнүүчү жер салыктарын Аксы токой чарбасына төлөп жаткандыктан кайрадан тиешелүү иш кагаздарын тактап салыкты айыл өкмөтүнө төлөтүү жаатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т Султамуратовко жүктөлсүн.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/6 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5/6

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынынРайкомол айылына жаңы
    курулган мечитти айыл өкмөтүнүн балансына
    өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясынынкүн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/6пункту болгон Ак-Жол айылаймагынын Райкомол айылына курулган мечитти айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнун айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XVсессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Райкомол айылынын тургуну Айтмырзаев Бекжигит Бектеналиевичтин Тагайбековичтин өз макулдугунун негизинде жеке менчигиндеги турук-жайынын ордуна курулган мечитти айыл өкмөтүнун балансын тартууга макулдук берилсин.

    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү иш кагаздарды даярдоо айыл өкмөтүнүн айыл-чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековго милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/5 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У № 5/5

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Тегене айылындагы
    ФАПка ат коюу жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/5 пункту болгон Тегене айылындагы ФАПка ат коюу жөнүндөгү маселе боюнча Тегене айылынын айыл башчысы Л.Жуманалиевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    .
    1. Тегене айылынын тургундарынын сунушунун негизинде №31/27 Тегене айылдык акушердик-фельдшердик пунктуна көп жылдык эмгегин баалоо менен Маматова Кулупа Молошовнанын ысмы ыйгарылсын.

    2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб сайтына жарыялансын.

    .

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/4 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У № 5/4

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Келишимди бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/4пункту болгон Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүүжөнүндөгү айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы М М Смановдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XV сесиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1.Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б К Узаков менен Ак-Жол айыл өкмөтүнун башчыс ТА Султамуратовтун айыл өкмөтүнүн экономист-статистинин эмгек акысы,ыйгарым укуктарды аткаруу чыгымдары(унаа чыгымдары,байланыш кызматы,ишсапар чыгымдары,коммуналдык чыгымдары(электр,жылуулук жана суу менен камсыздоож.б)зарылдыккажараша)канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарыбоюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

    2.Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтомуАк-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб сайтына жарыялансын.

    3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысына жүктөлшсүн.

    4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Т.Ч. Сейитбековго милдеттендирилсин.
    .

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/3 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У № 5/3

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы
    көчөгө Осмонбек болуштун ысмы ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/3пункту боюнча Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы көчөгө Осмонбек болуштун ысмын ыйгаруу боюнча Коңурбаев Абдыбалинин. маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XV сесиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы көчөгө белгилүү тарыхый инсан Жангарач уулу Осмонбек болуштун ысмы ыйгарылсын.

    2.Тиешелүү табличкалар жана көчөнүн аты жазылган багыттоочу көрөнөктөрдү даярдап берүү жагы Коңурбаев Абдыбалыга жүктөлсүн.

    .

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

« Previous Entries   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]