[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын ТОКТОМУ № 4 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык  кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    X сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2026-жылдын 30апрели                                                                      Жаңы-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан китепкана кызматкерлеринин  жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар  менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү  маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан китепкана кызматкерлеринин  жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар  менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө  Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнчатуруктуу комитеттин төрайымы  Г Бостонованын    билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

             1.Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда  орун алган китепкана башчыларынын   жумуш алып баруусу жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин .

             2.Жаңы-Жол Ф-7 китепканасынын  башчысы Таштанова Тынаранын жүргүзуп жаткан иши мезгил талабына жооп берелигин эске алуу менен бирге мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жагы  айыл өкмөт башчысына  сунушталсын.

              3.Райкомол айылындагы Ф-20 айылдык китепканасы О Ташкулов мектебинин китепканасы менен 1бөлмөдө жайгашкандыктан айылдык китепкананы бөлүү жана Ак-Жол айылындагы  китепкананы башка жайга көчүрүү жагы колго алынсын.

              4.  Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин

                                            Төрага :                                        Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын Токтому №3 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 

    Токтому №3

    2026-жылдын 30-апрели                                                                   Жаңы-Жол айылы

          Ак-Жол айыл Окмотүнүн аймагындагы бадачылардын мал башына төлөнүүчү жана жер айдоо компаниясына  байланышкан  тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга кочүп чыгуу,көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча калктуу конуштардагы жыйындардан келип түшкөн  сунуштарды  бекитүү жөнүндө.                                              

         Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги үчүнгү маселеси болгон Ак-Жол айыл Окмотүнүн аймагындагы бадачылардын мал башына төлөнүүчү жана жер айдоо компаниясына  байланышкан  тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга кочүп чыгуу,көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча калктуу конуштардагы жыйындардан келип түшкөн  сунуштарды  бекитүү жөнүндө.                                               айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбектин билдирүүсүн угуп  Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комитеттин 29.04.2026-жылдагы № 9.№10 чечимдерине негиз жана калктуу конуштар боюнча келип түшкөн сунуштарды талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

           1.Ак-Жол айыл аймагынын баардык  айылдарынын жашоочулары  үчүн бирдей баа менен төмөндөгүдөй төлөм бекитилсин.

        —  Майда жандыктар  үчүн  бир айга  200 сом тузу ичинде

        —- Бодо малга 800 сом ,торпоктого 500 сом,букаларга 1000сом тузу ичинде.

           2.Жоготкон малга  койго козу,эчкиге улак   төлөп беруу жагы  бадачыларга   милдеттендирилсин.

            3. Жакынкы жайлоого  көчүп чыгуу 2026-жылдын 5-майынан 10-майга чейин ал эми      алыскы  жайлоого көчүп чыгуу 2026-жылдын 1-июнуна  ал эмиЖайлооодон кайтып келүү 2026-жылдын 10-сентябрына белгиленсин.

           4.  Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.   

               Төрага :                                              Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын ТОКТОМУ №2 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги

    X сессиясынын

    ТОКТОМУ №2

    2026-жылдын 30-апрели                                                         Жаңы-Жол айылы 

    Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  башталгыч,негизги, жалпы билим берүүчү мекемелеринин  жетекчилеринин  жүргүзуп жаткан иштери жана келечек муундарын  тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагында  жайгашкан  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  башталгыч,негизги, жалпы билим берүүчү мекемелеринин  жетекчилеринин  жүргүзуп жаткан иштери жана келечек муундарын  тамак аш менен камсыздоонун абалы жөнүндө Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнчатуруктуу комитеттин төрайымы  Г Бостонованын   

     билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.Ак-жол айыл аймагынын  калктуу конуштарында жайгашкан  жалпы билим берүүчү  М Сыдыков ,Ж Мамытбеков, Р Темиров, Т Тыныбеков,К Керимбеков ,Т Ташкулов мектептеринин жетекчилери тарабынан мектептин окуу базаларын чыңдоо багытында коомчулук жана  демөөрчүлөр менен жүргүзуп жаткан иштери  учур талабына ылайык келерлиги  белгиленсин.

    2.Мектеп жетекчилеринин  сунушуна негиз ар бир  мектептердеги отканада эмгектенген кенже кызматкерлерди    атайын спец кийимдер менен  камсыз кылуу жагы  айыл өкмөт башчысына  милдеттендирилсин.

    3.Ак-Жол айыл аймагынын баардык мектептеринде окучуларды  ысык тамак менен камсыздоо жакшы жолго коюлгандыгы  мектеп жетекчилеринин  келечек муундарына  көргөн  камкордугу деп баалансын.

    4.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

             Төрага:                                                                                          Т.Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын Токтому №1 отключены

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  II чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 

    Токтому №1

    2026-жылдын 30-апрели                                                                 Жаңы-Жол айылы

    Тиричилик калдыктарын  чогултуу,чыгаруу жана жок кылуу боюнча

     « Малкалды»  муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун маалыматы

    Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги X       сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси болгон Тиричилик калдыктарынчогултуу,чыгаруу жана жок кылуу боюнча « Малкалды»  муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун

     билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

           1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы « Малкалды»  муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н Чоноровдун учурдагы жүргүзгөн иши  көпчүлүктүн сунушу менен канааттандырарлык  деп  белгиленсин.

           2.Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар  аралыгында туристтер үчүн коюлган  таштанды таштоочу урналар жалпы жашоочулар тарабынан туура эмес пайдаланылып жаткандыктан убактылуу  алынып коюлсун.

            3.Эл арасында таштанды таштоочу  урналар эмне себептен коюлуп жана эмне себептен алынып коюлгандыгы жөнүндө  түшүндүрүү иштери жүргүзулсүн.

            4.  Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

                                 Төрага :                                              Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ №14 отключены

    АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК    КЕҢЕШИНИН  II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН    IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13- февралы        №14                                     Жаңы-Жол айылы                                                                                                                     

    М.Эсенгелдиев атындагы  №10 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун имаратын Аксы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө.

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II чакырылышынын  кезектеги  IX сессиясынын күн тартибиндеги он төртүнчү  маселеси болгон М.Эсенгелдиев атындагы  №10 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун имаратын Аксы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнундө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология, өнөр-жай,транспорт,ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол  айылындагы Б Өмүрбекова №26/1 дареги боюнча  жайгашкан   М.Эсенгелдиев атындагы  №10 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун имаратын Аксы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балансына өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

                2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

        Төрага:                                                                                         Т. Султамуратов

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]