
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
ТОКТОМУ № 1
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы .
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин экономика, бюджет, соода  жана байланыш маселелери комитеттин төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
- Байланыш кызматкерлеринин жалпы элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иши канааттандыралык деп табылсын.
 
- “Таза коом” мамлекеттик күркөсүнүн кызматкери Бектеналиев  Гүлжигиттин кызмат көрсөтүүсү талапка ылайык эместиги башкача айтканда күнүмдүк элди кабыл алуусу солгун экендиги белгиленсин.
 
- Байланыш кызматынын жетекчиси Ж.Кулжабаевге “Таза коом” күркөсүнө байланышкан маселени чечүү жагын тез арада колго алуу жагы  милдеттендирисин.
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.
  
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
ТОКТОМУ № 2
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
Аксы токой чарбасы менен болгон талаш  жер  аянттары жөнүндө .
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Аксы токой чарбасы менен болгон талаш  жер  аянттары жөнүндө  айыл өкмөтүнүн Турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
 
- К. Р өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы  №291-токтомуна негиз Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  жер фондусунан  Аксы  токой чарбасынын балансына 2501 га жер аянтынын ордуна 4521 га жер аянты өтүп кеткендиги белгиленсин.
 
 
- Аксы токой чарбасы сыздырып алган  жер аянттары элдин үлүш жерлерин камтыган Кара-Тыт , Нарын,  Аң-Жылга , Эчкили , Жолборсту, Коргон-Жар , Райкомол , Кош-Алмурут, Бактулак,Ак-Тикен, Жалгыз –Жангак, Кайнама, Сырт,Көк-Жайык, Тепши.Чоң-Төбө .Чалчык,Жайык,Күйгөн участкаларынан жалпысы 4522,1 га жер аянты кайрадан Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигине калтырылып айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кум-Бел  жайлоосунан (ГЗЗ) 2501,1га жер аянты  Аксы токой чарбасынын ээлигине  берилип, айыл өкмөтүнүн чек ара сызыктарынын өзгөрүүсүнө макулдук берилсин .
 
- Жер аянттарынын контрун , алмашуучу участкалардын аянтын тактоо үчүн атайын курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
 
- Бул токтомдун аткарылышын турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго милдеттендирилсин.
 
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.         
 
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
ТОКТОМУ № 3/1
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
“А.С.А  Люкс”  ЖЧКсынын  ишмердүүлүгү жөнүндө
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/1- маселеси “А.С.А  Люкс”  ЖЧКсынын  ишмердүүлүгү боюнча   айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевдин  10.08.2015-жылкы Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын  №2-токтомуна негиз айыл  өкмөтүнүн 21.08.2015-жылдагы  №64-токтому чыгып   ,эки тараптуу келишим тузулуп  жылына 132.0 миң сомго милдеттенген бирок 2017-жылдан баштап  Аксы лесхозу менен келишим түзүп жылына  40.0 сомго гана келишим тузуп иштеп еле жаткандыгы жөнундө  билдирүүсүн угуп талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
 
- Аксы  токой чарбасынын директорунун келишүчүлүккө барып  жылдык келишимди н көлөмүн азайткандыгы  белгиленсин.
 
- “А. С. А Люкс”  ЖЧКсынын жетекчилигинин жана Аксы токой чарбасынын директорунун ишмердүүлүгу боюнча  көзөмөл жүргүзүп териштирүү үчүн Аксы райондук прокуратурасына маалымат берилсин.
 
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
 ТОКТОМУ № 3/2
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
“Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А. Сапарбаевдин билдирүүсүн кароо жөнүндө.
 
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/2- маселеси “Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсүнө негиз айыл өкмөтүнүн түзүлгөн жумущчу топтун актысын угуп талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
- “Тегене” ЖЧКсынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсү  20.05.2019-жылдагы айылдык  КеңештинVII-чакырылышынын  кезектеги   ХIV-сессиясынын 3/2 токтомуна негиз өзгөртүүсүз   калтырылсын .
 
-  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.
 
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

 Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
 ТОКТОМУ № 3/3
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө.
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/3- маселеси Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө айылдык Кеңештин айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
- Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы Моло-Таш калк сыйынуучу жай катары баалансын жана айыл өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлүнө алынсын.
 
- Моло-Таштын айлана –тегерегинде 1га жер аянтына чалгындоо жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынсын.
 
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги                                                  ХVII-сессиясынын
 ТОКТОМУ №3/4
2019-жылдын15-октябры                                                               Ак-Жолайылы. 
           
«Жергиликтүү деңгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу»  долбоору “Хельветас Кыргызстан” жана өнүктүрүү саясат иниституту тарабынан аткарылып жаткан долбоорду каржылоого келген акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХVII-сесиясы 
Т О К Т О М  К Ы Л А Т:
 
- «Жергиликтүү денгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылып жаткан долбоорго келген акча каражаты №1 тиркемеге ылайык “Башкаруу аппаратынын” атайын каражаты аркылуу кошумча смета түзүлүп бекитилсин.
 
 
- Бул каражатты бөлуп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Б. Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
 
 
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.
 
 
 
 Төрага:                                                                    Т. Батыралиев
 
Ак-ЖолайылдыкКеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы VII-чакырылышынын  XVIIсессиясындагы №3/4 токтомуна №1 – тиркеме
| № | 
Чыгашалар | 
Сумма | 
| 1 | 
Транспорт чыгашалары | 
8,1 | 
| 2 | 
Уюлдук байланыш кызматына | 
1,2 | 
| 3 | 
Тамак-аш азыктарын алуу | 
22,8 | 
| 4 | 
Концелярдык товарларды алуу | 
2,8 | 
 | 
Жалпы сумма  | 
34,9 | 
 
Ак-ЖолайылдыкКеңешинин
 бюджет комитетинин төрагасы :                                           Э. Эшалиев
 

  Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын 
 ТОКТОМУ № 3/5
2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.
Ак_Жол айыл аймактык  Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    8/5- маселеси Ак_Жол айыл аймактык  Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               
Т О К Т О М      К Ы Л А Т.
 
- Кыргыз Республикасынын маданият тьармагына сиңирген эмгегин баалоо менен ЭЛТР теле каналынын алып баруучусу ,”Маданияттын мыкты кызматкеери “, “Айтыш “ коомдук  фондусунун төрагасынын орун басары,Т Тыныбеков  атындагы фонддун  аткаруучу директору  көптөгөн китептин автору  Адылов Шекербек Кубанычбековичке Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
 
- Тиешелүү иш кагазалдарын даярдоо жана  “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу салтанатын уюштуруу жагы Ак-жол айыл  өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
 
 
 
Ак-Жол  айылдык аймактык
  Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.
        
                		 
                                
Recent Comments