[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XVI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2019-жылдын 10-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

    ОсОО “Тосой” фирмасынын аткаруучу директору

    Кудаяров Анарбектин кайрадан жазган арызы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги    1 маселеси ВЭТПФ “Тосой” ЖЧКасынын директорунун орун басары А.Кудаяровдун кайрадан кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин жана арыз ээси А.Кудаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана  жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик  комитетинин  уруксат кагазы жок болгондуктан  ВЭТПФ “Тосой” ЖЧКасынын директорунун орун басары А.Кудаяровдун кайрадан кайрылуусу Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги 20.05.2019-жылдагы XIV –сессиясынын № 3/3 токтому өзгөрүүсүз калтырылсын.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XVI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2019-жылдын 10-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

    Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун  мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун  мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айылдык аймагынын Кызыл-Бейит , Кур-Кокту , Күрп , Кечүү, Райкомол айылдарынын кээ бир участкалары Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкандыктан ушул айылдын тургундары турак-жайы үчүн тиешелүү документтерин ала албастан пенсияга чыкканда , кредит алганда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы белгиленсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына пайда болгон маселелерди тиешелүү инстанцияларга жана мекемелерге коюп чечүүнүн жолдорун табуу жагы жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XVI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2019-жылдын 10-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

     “Ак-Жол айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”

                 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-ж. “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министирлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгынкарап чыгып, угуп жана талкуулап, Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

     Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн   Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгына толуктоо катары

    -Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Бейит айылындагы  жайыт жер  

    маселеси Кара-Жыгач айыл өкмөтү менен .

    -Ак-Жол айыл өкмөтүнүн чектеш Көк-Кыя , Жоон-Бакан участоктору Ак-Суу ,  Үч-Коргон айыл өкмөттөрү менен болгон талаш жер аянттары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 25.11.1968-жылдагы №421-VII-указына жана Кыргыз ССРиинин Жогорку Советинин Президиумунун 27.08.1982-жылдагы № 2946-X указына кошулуп чийилген  тиркеме картага негиз жана Кызыл-Бейит , Күрп-Сай, Разан-Сай айылдарын Ак-Жол айылдык Советине өткөрүүдөгү 14.12.1994-жылдагы Жаны-Жол совхозу аркылуу түзүлгөн АКТысы эске алынсын.  

    1. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыгына кошумча киргизилген материалдарга негиз кабыл алынган айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы суралсын.
    2. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

     

    Ак-Жол айылдык

    Кеңешинин төрагасы:                                                  Т.Б. Батыралиев



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XVI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2019-жылдын 10-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

    ϴнүктүрүү саясат институту тарабынан каралып жаткан  “Хельветас” проектисине катышуу жɵнүндɵ

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  соц.адиси А.Сатыбалдиевдин жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы ЭшалиевЭсеналынын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдыкКеңешинин VII –чакырылышынынкезексиз ХVI-сесиясы                                                           

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. ϴнүктүрүү саясат институту тарабынан каралып жаткан  “Хельветас” проектисине катышуу үчүн грейдер алуу долбоору жактырылсын.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым үчүн “Башкаруу аппаратынын ” 3112 “Машиналар жана жабдуулар” элементи аркылуу 280,0 (эки жүз сексен миң)  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 
    3. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүнбашчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык

    Кеңешинин төрагасы:                                                  Т.Б. Батыралиев.

     

    Posted by admin @ 12:27

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]