[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    ХVIII-сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2019-жылдын 20-ноябры                                                                 Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын   31-декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө..

     

    Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин      VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын.
    2. Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финасылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасыныны Финансы министрлигинин 21018-жыл дын 25-декабрындагы №137- “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча ” Жобону бекитүү жөнүндөгү буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлсүн. 
    3. Сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №22-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн .
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

             Кенешинин төрагасы :                                                                                   Т.Батыралиев.

    Posted by admin @ 09:18

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]