[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин экономика, бюджет, соода  жана байланыш маселелери комитеттин төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Байланыш кызматкерлеринин жалпы элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иши канааттандыралык деп табылсын.
    2. “Таза коом” мамлекеттик күркөсүнүн кызматкери Бектеналиев  Гүлжигиттин кызмат көрсөтүүсү талапка ылайык эместиги башкача айтканда күнүмдүк элди кабыл алуусу солгун экендиги белгиленсин.
    3. Байланыш кызматынын жетекчиси Ж.Кулжабаевге “Таза коом” күркөсүнө байланышкан маселени чечүү жагын тез арада колго алуу жагы  милдеттендирисин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.


      


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Аксы токой чарбасы менен болгон талаш  жер  аянттары жөнүндө .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Аксы токой чарбасы менен болгон талаш  жер  аянттары жөнүндө  айыл өкмөтүнүн Турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. К. Р өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы  №291-токтомуна негиз Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  жер фондусунан  Аксы  токой чарбасынын балансына 2501 га жер аянтынын ордуна 4521 га жер аянты өтүп кеткендиги белгиленсин.

     

    1. Аксы токой чарбасы сыздырып алган  жер аянттары элдин үлүш жерлерин камтыган Кара-Тыт , Нарын,  Аң-Жылга , Эчкили , Жолборсту, Коргон-Жар , Райкомол , Кош-Алмурут, Бактулак,Ак-Тикен, Жалгыз –Жангак, Кайнама, Сырт,Көк-Жайык, Тепши.Чоң-Төбө .Чалчык,Жайык,Күйгөн участкаларынан жалпысы 4522,1 га жер аянты кайрадан Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигине калтырылып айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кум-Бел  жайлоосунан (ГЗЗ) 2501,1га жер аянты  Аксы токой чарбасынын ээлигине  берилип, айыл өкмөтүнүн чек ара сызыктарынын өзгөрүүсүнө макулдук берилсин .
    2. Жер аянттарынын контрун , алмашуучу участкалардын аянтын тактоо үчүн атайын курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.         


     


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3/1

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    “А.С.А  Люкс”  ЖЧКсынын  ишмердүүлүгү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/1- маселеси “А.С.А  Люкс”  ЖЧКсынын  ишмердүүлүгү боюнча   айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевдин  10.08.2015-жылкы Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын  №2-токтомуна негиз айыл  өкмөтүнүн 21.08.2015-жылдагы  №64-токтому чыгып   ,эки тараптуу келишим тузулуп  жылына 132.0 миң сомго милдеттенген бирок 2017-жылдан баштап  Аксы лесхозу менен келишим түзүп жылына  40.0 сомго гана келишим тузуп иштеп еле жаткандыгы жөнундө  билдирүүсүн угуп талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Аксы  токой чарбасынын директорунун келишүчүлүккө барып  жылдык келишимди н көлөмүн азайткандыгы  белгиленсин.
    2. “А. С. А Люкс”  ЖЧКсынын жетекчилигинин жана Аксы токой чарбасынын директорунун ишмердүүлүгу боюнча  көзөмөл жүргүзүп териштирүү үчүн Аксы райондук прокуратурасына маалымат берилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3/2

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    “Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А. Сапарбаевдин билдирүүсүн кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/2- маселеси “Тегене” ЖЧКасынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсүнө негиз айыл өкмөтүнүн түзүлгөн жумущчу топтун актысын угуп талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. “Тегене” ЖЧКсынын аткаруучу директору А.Сапарбаевдин билдирүүсү  20.05.2019-жылдагы айылдык  КеңештинVII-чакырылышынын  кезектеги   ХIV-сессиясынын 3/2 токтомуна негиз өзгөртүүсүз   калтырылсын .
    2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3/3

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    3/3- маселеси Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы калк сыйынуучу жайдын келечеги жөнүндө айылдык Кеңештин айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кара-Тыт айылынын Ак-Моло участкасындагы Моло-Таш калк сыйынуучу жай катары баалансын жана айыл өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлүнө алынсын.
    2. Моло-Таштын айлана –тегерегинде 1га жер аянтына чалгындоо жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги                                                  ХVII-сессиясынын

     ТОКТОМУ №3/4

    2019-жылдын15-октябры                                                               Ак-Жолайылы. 

               

    «Жергиликтүү деңгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу»  долбоору “Хельветас Кыргызстан” жана өнүктүрүү саясат иниституту тарабынан аткарылып жаткан долбоорду каржылоого келген акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХVII-сесиясы 

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. «Жергиликтүү денгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылып жаткан долбоорго келген акча каражаты №1 тиркемеге ылайык “Башкаруу аппаратынын” атайын каражаты аркылуу кошумча смета түзүлүп бекитилсин.

     

    1. Бул каражатты бөлуп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Б. Туратбек уулуна милдеттендирилсин.

     

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге жүктөлсүн.

     

     

     Төрага:                                                                    Т. Батыралиев

     

    Ак-ЖолайылдыкКеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы VII-чакырылышынын  XVIIсессиясындагы №3/4 токтомуна №1 – тиркеме

    Чыгашалар Сумма
    1 Транспорт чыгашалары 8,1
    2 Уюлдук байланыш кызматына 1,2
    3 Тамак-аш азыктарын алуу 22,8
    4 Концелярдык товарларды алуу 2,8
    Жалпы сумма 34,9

     

    Ак-ЖолайылдыкКеңешинин

     бюджет комитетинин төрагасы :                                           Э. Эшалиев


     


      Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3/5

    2019-жылдын 15-октябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак_Жол айыл аймактык  Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги    8/5- маселеси Ак_Жол айыл аймактык  Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХVII-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Кыргыз Республикасынын маданият тьармагына сиңирген эмгегин баалоо менен ЭЛТР теле каналынын алып баруучусу ,”Маданияттын мыкты кызматкеери “, “Айтыш “ коомдук  фондусунун төрагасынын орун басары,Т Тыныбеков  атындагы фонддун  аткаруучу директору  көптөгөн китептин автору  Адылов Шекербек Кубанычбековичке Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
    2. Тиешелүү иш кагазалдарын даярдоо жана  “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу салтанатын уюштуруу жагы Ак-жол айыл  өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

            

    Posted by admin @ 12:45

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]