Эл депутаттарынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №1/1 Токтому
«23» январь 2018-жыл Ак-Жол айылы. тел: 6-01-56.
«Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2021-жылдарды болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылып, бекитилсин.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүкбекитилген киреше 6599,8 (алты миллион беш жүз токсон тогуз миң сегиз жүз ) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9 ( үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз ) сом,Теңдөөчү грант 7166,9 (Жети миллион бир жүз алтымыш алты миң тогуз жүз )сом, Атайын каражат 691,8 (Алты жүз токсон бир миң сегиз жүз )сом кошулуп, жалпысы: 13933,6( Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз) сом суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше болүгүнүн 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Мырзатаевге милдеттендирилсин.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 13933,6( Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
- Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл окмоту жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
- Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 137,1(Бир жүз отуз жети миң бир жүз ) сом өлчөмүндө Айыл Окмотунун резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 342,0( үч жүз кырк эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги озгортуу толуктоолорду айыл окмотунун буйругу менен озгортуу толуктоо киргизуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
- Токтом: WWW Akjol.el.kg web сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага: Т. Батыралиев
Катчы: К.Сатыбеков.
[table id=9 /]
[table id=10 /]
«23» январь 2018-жыл Ак-Жол айылы. тел: 6-01-56.
ТОКТОМ №1/2
«Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө»
Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги VII чакырылышынын VI сессиясы.
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты 23-январь 2018-жылдагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин №1/1 токтомунун № 1- тиркемесине ылайык киреше бөлүгү 691,8 ( Алты жүз токсон бир миң сегиз жуз ) сом жана чыгаша бөлүгү 23-январь 2018-жылдагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин №1/1 токтомунун № 2 – тиркемесине ылайык 691,8 ( Алты жүз токсон бир миң сегиз жуз ) сомго башкаруу аппараты аркылуу жумшалсын.
- 2018-жылдын 1-январына карата калган калдык эсебинен 237,1(эки жуз отуз жети миң бир жуз ) сомго кошумча смета түзүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага: Т. Батыралиев
Катчы: К. Сатыбеков
«_23__» январь 2018-жыл Ак-Жол айылы. тел: 6-01-05
ТОКТОМ №1/3
«2017-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө »
Ак-Жол айыл өкмөтунүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сесиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнөн 2018-жылга калган 8149,7( сегиз миллион бир жүз кырк тогуз миң жети жүз ) сом калдык акча каражаты № 3 тиркемеге ылайык жумшалсын.
- Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C . Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Төрага: Т. Батыралиев
Катчы: К. Сатыбеков.
[table id=11 /]
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 2
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI I чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2018-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
[table id=19 /]
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 3
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүкүрүү жылына карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып , талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүктүрүү жылына карата даярдалган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.
- Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т .Батыралиев.
[table id=20 /]
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат СтанбековАлмазбектин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
- Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№1тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2-тиркеме )кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин._
- Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
- Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
- Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
- Жайыт комитетинин 2018-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№3-тиркеме тиркелет)
- АРИСтен берилуучу гранттык каражатка ФПСтин жана элдин үлүш жерлерине эспарцептин үрөөнүн себүүгө болжолдуу 620,0 сом ,20% же53,9сом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинен,5% же 25,0сому жайыт комитетинин бюджетинен каралсын.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебинде(3\1)2017-жылдан калган 61,2сом акча каражаты жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.(№4-тиркеме)
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
[table id=12 /]
[table id=13 /]
[table id=14 /]
[table id=15 /]
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/1
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 5/1- маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адис Р. Молорбаевдин жана Аксы токой чарбасынын Райкомол токой бөлүмүнүн бөлүм башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- К.Р.Өкмөтүнүн 22.06.1992-жылдагы №291-токтомун,К.Р.Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик токой инспекциясынын 03.07.1992-жылкы №15-буйругун аткарууга жасаган Аксы токой чарбасынын жүргүзгөн иш аракеттери калктын кызыкчылыгына туура келбегендиктен жана К.Р.Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632-токтомунун жобосуна негиз өткөрүлгөн жерлер Жолборсту айылынан 1000га, Ак-Жол айылынан 560 га, Тегене айылынан 96 га жер аянттары аймактагы жашаган калктын үлүш жер аянттарына жана жакынкы жайыт аянттарына туш болгондуктан мурдакы бойдон жалпы элдин пайдалануусуна калтырылсын.
- Бул токтомдун турмушка ашырылышына тиешелүү тармактар аркылуу жардам көрсөтүү Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиликтеринен суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышынын үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана Аксы токой чарбасынын башчысы П.Жабайкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Ак – Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/2
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
№10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөткөн жардамы жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги ар турдуу маселенин 5/2- маселеси болгон №10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөткөн жардамы жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын № 10 УБД тобунун жетекчиси А.Чонорованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- №10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөтүп жаткан кызматында бир топ кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
- Кетирилген кемчиликтердин үстүндө иш алып баруу жагы №10 УБД тобунун башчысы А.Чоноровага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Ак – Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/3
23-январь 2018-ж. Ак-Жол айылы.
Муниципалдык менчиктеги жер аянттарынын тарифтери жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 5/3- маселеси болгон муниципалдык менчиктеги жер аянттарынын тарифтери жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу жана жерге жайгаштыруу боюнча адисинин билдирүүсү алымча –кошумчасын эске алуу менен бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
- Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
[table id=18 /]
Ак – Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Т.Батыралиев.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
03.02.2017-жыл Ак-Жол айылы .
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнỲндѳ
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын кỲн тартибиндеги биринчи маселеси болгон айылдык Кенештин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнỲндѳ Ак-Жол айыл ѳкмѳтỲнỲн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирỲỲсỲн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
- Аталган токтом Ак-Жол айыл ѳкмѳтỲнỲн www. akjol.el.kg дарегине, расмий веб.сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду райсмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекетти реестрине киргизỲỲ жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жỲктѳлсỲн.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин тѳрагасынын орун басары К.Оноловко милдеттендирилсин.
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин
тѳрагасы : Т.Батыралиев
Recent Comments