[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  •  


    Эл депутаттарынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын №1/1 Токтому       

     «23» январь    2018-жыл                                                       Ак-Жол айылы. тел: 6-01-56.

                                       «Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл  алуу, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2021-жылдарды болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»

    Ак-Жол айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1.  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы  жакшы деп табылып, бекитилсин.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүкбекитилген киреше 6599,8 (алты миллион беш жүз токсон тогуз миң сегиз жүз ) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9 ( үч жүз алтымыш алты миң тогуз        жүз ) сом,Теңдөөчү грант 7166,9 (Жети миллион бир жүз алтымыш алты миң тогуз        жүз )сом, Атайын каражат 691,8 (Алты жүз токсон бир миң сегиз жүз )сом   кошулуп,    жалпысы: 13933,6( Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз) сом суммасында       №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун  бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше болүгүнүн  2019-2021-жылдардын болжолдуу    долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Мырзатаевге милдеттендирилсин.
    4. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 13933,6( Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
    5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз  Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3   пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган   статьяларга, коммуналдык чыгымдарга,    калган сумма  башка  керектелүүчү статьяларга   жумшалаары жана коммуналдык    чыгымдын толук каржылоосуна айыл окмоту жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
    6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин   салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча   аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.
    7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 137,1(Бир жүз отуз жети миң бир жүз ) сом өлчөмүндө   Айыл Окмотунун резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
    8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча      каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү   кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 342,0( үч жүз кырк эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
    9. Айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги озгортуу                толуктоолорду айыл окмотунун буйругу менен озгортуу толуктоо киргизуу жагы   каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовго   милдеттендирилсин.
    10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин
    11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет                 жана  каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
    12. Токтом: WWW Akjol.el.kg web сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

          Төрага:                                                                                                Т. Батыралиев

          Катчы:                                                                                                       К.Сатыбеков.

    [table id=9 /]

    [table id=10 /]



      «23» январь    2018-жыл                                                       Ак-Жол айылы. тел: 6-01-56.

    ТОКТОМ   №1/2                                

    «Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө»

     Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги VII чакырылышынын VI сессиясы.

    Т О К Т ОМ  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты 23-январь 2018-жылдагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин №1/1 токтомунун № 1- тиркемесине ылайык киреше бөлүгү 691,8 ( Алты жүз токсон бир миң сегиз жуз ) сом жана чыгаша бөлүгү 23-январь 2018-жылдагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин №1/1 токтомунун № 2 – тиркемесине ылайык 691,8 ( Алты жүз токсон бир миң сегиз жуз ) сомго башкаруу аппараты аркылуу жумшалсын.
    2. 2018-жылдын 1-январына карата калган калдык эсебинен 237,1(эки жуз отуз жети миң бир жуз ) сомго кошумча смета түзүлсүн .
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет       жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

     

        Төрага:                                                                                               Т. Батыралиев

     

          Катчы:                                                                                             К. Сатыбеков



    «_23__» январь    2018-жыл                                             Ак-Жол айылы. тел: 6-01-05

    ТОКТОМ №1/3                                   

                «2017-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө »

    Ак-Жол айыл өкмөтунүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы           С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сесиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1.  Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлүгүнөн 2018-жылга калган 8149,7( сегиз миллион бир   жүз кырк тогуз миң жети жүз ) сом калдык акча каражаты № 3 тиркемеге ылайык жумшалсын.
    2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C . Ажыматовго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.

     

        Төрага:                                                                                                Т. Батыралиев

         Катчы:                                                                                                 К. Сатыбеков.

    [table id=11 /]



    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

     23-январь 2018-ж.                             Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин   2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VI I чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин   2018-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Батыралиев.

    [table id=19 /]



    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII  чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    23-январь 2018-ж.                                                                                       Ак-Жол айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүкүрүү жылына карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI  сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып , талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII  чакырылышынын   кезектеги VI  сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүктүрүү жылына карата даярдалган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.
    2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
    3. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                         Т .Батыралиев.

    [table id=20 /]


    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    23-январь 2018-ж.                                                                                       Ак-Жол айылы.

     

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат СтанбековАлмазбектин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
    3. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№1тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2-тиркеме )кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин._
    4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    5. Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    7. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№3-тиркеме тиркелет)
    8. АРИСтен берилуучу гранттык каражатка ФПСтин жана элдин үлүш жерлерине эспарцептин үрөөнүн себүүгө болжолдуу 620,0 сом ,20% же53,9сом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинен,5% же 25,0сому жайыт комитетинин бюджетинен каралсын.
    9. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебинде(3\1)2017-жылдан калган 61,2сом акча каражаты жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.(№4-тиркеме)
    10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
    11. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .

    Ак – Жол   айылдык аймактык       Кеңешинин төрагасы:                         Т.Батыралиев.

    [table id=12 /]

    [table id=13 /]

    [table id=14 /]

    [table id=15 /]


     


    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5/1

    23-январь 2018-ж.                                                                                       Ак-Жол айылы.

     

    Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI  сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 5/1- маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адис Р. Молорбаевдин жана Аксы токой чарбасынын Райкомол токой бөлүмүнүн бөлүм башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

    1. К.Р.Өкмөтүнүн 22.06.1992-жылдагы №291-токтомун,К.Р.Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик токой инспекциясынын 03.07.1992-жылкы №15-буйругун аткарууга жасаган Аксы токой чарбасынын жүргүзгөн иш аракеттери калктын кызыкчылыгына туура келбегендиктен жана К.Р.Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632-токтомунун жобосуна негиз өткөрүлгөн жерлер Жолборсту айылынан 1000га, Ак-Жол айылынан 560 га, Тегене айылынан 96 га жер аянттары аймактагы жашаган калктын үлүш жер аянттарына жана жакынкы жайыт аянттарына туш болгондуктан мурдакы бойдон жалпы элдин пайдалануусуна калтырылсын.
    2. Бул токтомдун турмушка ашырылышына тиешелүү тармактар аркылуу жардам көрсөтүү Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиликтеринен суралсын.
    3. Бул токтомдун   аткарылышынын үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана Аксы токой чарбасынын башчысы П.Жабайкуловго милдеттендирилсин.
    4. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .

     

    Ак – Жол   айылдык аймактык

                     Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII чакырылышынын   кезектеги VI сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5/2

    23-январь 2018-ж.                                                                                       Ак-Жол айылы.

    №10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөткөн жардамы жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги ар турдуу маселенин 5/2- маселеси болгон №10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөткөн жардамы жөнүндө Ак-Жол айыл аймагынын № 10 УБД тобунун жетекчиси А.Чонорованын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI — сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

     

    1. №10 УБД тобунун тез жардам автоунаасынын калкка көрсөтүп жаткан кызматында бир топ кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
    2. Кетирилген кемчиликтердин үстүндө иш алып баруу жагы №10 УБД тобунун     башчысы А.Чоноровага милдеттендирилсин.
    3. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий   веб.сайтына жарыялансын .

    Ак – Жол   айылдык аймактык

                     Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык   Кеңешинин VII чакырылышынын  

    кезектеги VI сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5/3

    23-январь 2018-ж.                                                                                       Ак-Жол айылы.

    Муниципалдык менчиктеги жер аянттарынын тарифтери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 5/3- маселеси болгон муниципалдык менчиктеги жер аянттарынын тарифтери жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

    Т О К Т О М     К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу жана жерге жайгаштыруу боюнча адисинин билдирүүсү алымча –кошумчасын эске алуу менен бекитилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн akjol.el.kg дарегине расмий   веб.сайтына жарыялансын .

    [table id=18 /]

    Ак – Жол   айылдык аймактык

                     Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Батыралиев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз  I-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    03.02.2017-жыл                                                        Ак-Жол айылы .

    Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык Кенешинин  токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнỲндѳ

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз  I-сессиясынын кỲн тартибиндеги биринчи маселеси болгон айылдык Кенештин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнỲндѳ  Ак-Жол айыл ѳкмѳтỲнỲн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирỲỲсỲн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз  I-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл аймагынын  айылдык Кенешинин  токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
    2. Аталган токтом Ак-Жол айыл ѳкмѳтỲнỲн www. akjol.el.kg  дарегине, расмий веб.сайтына  жарыялансын.
    3. Бул токтомду райсмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекетти реестрине киргизỲỲ жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жỲктѳлсỲн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин тѳрагасынын орун басары К.Оноловко милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин

    тѳрагасы :                                                     Т.Батыралиев

     

     

    Posted by admin @ 11:00

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]