[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 8 отключены

    АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАКТЫК    КЕҢЕШИНИН  II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН

    2026-жылдын 13- февралы       № 8                                      Жаңы-Жол айылы                                                                  

    Ак-Жол айыл аймагынын  көрүстөндөрүндө  көмүү жайларын брондоо тартибин жана  көмүү жайларын     брондоо жөнүндө  типтүү    келишимин бекитип берүү жөнүндө.

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги  IX сессиясынын күн тартибиндеги сегизинчи  маселеси болгон  Ак-Жол айыл аймагынын  көрүстөндөрүндө  көмүү жайларын брондоо тартибин жана  көмүү жайларын     брондоо жөнүндө  типтүү    келишимин бекитип берүү жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн берген  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын  көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы № 502-токтомун аткарууга алуу максатында  Ак-Жол айыл аймагындагы  көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин жана көмүү жайларын брондоо жөнүндө типтүү келишими бекитилсин.

                2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

                Төрага:                                                                                  Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН II- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ №7 отключены

    АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАКТЫК    КЕҢЕШИНИН  II- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13- февралы       №7                              Жаңы-Жол айылы   

    Турак-жай салуу үчүн  жер тилкелеринин өлчөмүн  бекитүү жөнүндө

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II  чакырылышынын  кезектеги    IX сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Турак-жай салуу үчүн  жер тилкелеринин өлчөмүн  бекитүү жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн угуп  жана талкуулап                    Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II — чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жер аянттарынан ар бир жаранга бериле турган  жер тилкелеринин  өлчөмү  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2005-жылдын                      6-майындагы №177 токтому менен бекитилген  Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү ЖОБОНУН 5-пунктуна негиз  суулуу жерден 0,08га жана кайракы жерден 0,10га жер аянттарын ажыратып  берүүгө макулдук берилсин.

                2. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.

              Төрага:                                                                                    Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ № 6 отключены

    АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИНИН  II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13- февралы         № 6                                           Жаңы-Жол айылы                                                                                                                      

     Жеке менчиктеги жер тилкелерди муниципалдык  менчикке кабыл

    алуу жөнүндө.

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II чакырылышынын  кезектеги                 IX сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы  маселеси болгон  Жеке менчиктеги жер тилкелерди муниципалдык  менчикке кабыл алуу жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы Караган-Сай көчөсүндөгү№9/3үйдүн ээси Айталиев Адилеттин жана  Мырзабек Болуш Көчөсүндөгү№56 үйдүн ээси Джусупбеков Мусанын  кайрылуусу канааттандырылсын жана бул жарандардын жеке менчик учаскасына курулган мечиттер жер аянттары менен кошо муниципалдык менчикке өткөрүлүп  берилсин.

                2. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.

             Төрага:                                                                                                Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ № 5 отключены

                   АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК    КЕҢЕШИНИН                                                

          II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13- февралы     № 5                                        Жаңы-Жол айылы                                                      

    Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун негизинде  Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын орнотуу  үчүн  өздүк салымды кароого макулдук берүү жөнүндө

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги он бешинчи  маселеси болгон Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун негизинде  Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын орнотуу  үчүн  өздүк салымды кароого макулдук берүү жөнүндөгү  маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысынын милдетин аткаруучу Курманалиев Азаматтын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын  орнотуу үчүн “ Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун Швецария өкмөтүнүн каржылоосунда Хельветас жана өнуктүрүү саясат институнун  аткаруусундагы долбоорду  аткарууга өздүк салымды кароого макулдук берилсин.

                2. Долбоордун жалпы наркы 1300 0000 сомду түзөт. Анын ичинен 900.000сом  акча каражаты Хельветас уюмунан ал эми 450.000 сом акча каражаты  айыл өкмөтүнун эсебинен бөлүнсун.

                3. Өздүк салым  70629 башкаруу аппаратынан 3112 беренесинен жумшалсын.

                4. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

                5. Бул  токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

                 Төрага:                                                                               Т. Султамуратов

  • Жаңылыктар Комментарии к записи АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ №4 отключены

    АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИНИН                                                 II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13-февралы №4                                               Жаңы-Жол айылы                                                      

    Ак-Жол айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн алдындагы Муниципалдык  ишкананын  жылдык отчету, 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

                Ак-Жол айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  алдындагы түзүлгөн “Малкалды”муниципалдык ишкананын жылдык отчету, 2025-жылга карата  бекитилген бюджетинин аткарылышын кароо жана 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө “Малкалды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Чоноровдун билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II чакырылышынын   кезектеги IX сессиясы токтом кылат:

    1. Ак-Жол айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн алдындагы “Малкалды “ Муниципалдык  ишканасынын 2  025-жыл ичинде  аткарган иши канааттандырарлык  деп табылсын.
    2. “Малкалды “ Муниципалдык  ишканасынын  2026 –жылга карата кабыл алынган  бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгү  тиркемеге ылайык бекитилсин.

         3. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына  жарыялансын.

        Төрага:                                                                  Т. Султамуратов

    Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин  13-февраль 2026-жылдагы №4-токтомуна тиркеме ,
    «Малкалды» муниципиалдык ишканасынын 2026-жылга  кирешелер жана чыгашалар боюнча маалыматы
    Жалпы 2026-жылга болжолдуу кирешелер
    Аталышы Сумма Берене Эскертме
    1 Таза суу тармагынан түшкөн киреше 1519,2    
    2 Таштанды чогултуудан түшкөн киреше 830,0    
    3 Техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн киреше 1350,0    
    4 Башка кирешелер 800,0    
             
             
    Жалпы 4499,2    
    2026-жыл ичиндеги чыгашалар
    Аталышы Сумма Берене Эскертме
             
    1 Эмгек акы 2479,2 2111  
    2 Соц. Фонд 427,6 2121  
    3 Бензин АИ 92 635,0 2214  
    4 Транспорт ремонтуна 200,0 2214  
    5 Учурдагы чарбалык м-ы алууга 450,0 2222  
    6 Ар түрдүү чыгымдар 307,4 2215  
             
             
             
    Жалпы 4499,2    
    Калдык 0,0    
    Бюджет 4499,2    
    Ак-Жол айыл аймагынын алдындагы                                                                                       «Малкалды» МИ жетекчиси:                                                                     Н Чоноров

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]