[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  •                АК-ЖОЛ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК    КЕҢЕШИНИН                                                

          II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

    2026-жылдын 13- февралы     № 5                                        Жаңы-Жол айылы                                                      

    Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун негизинде  Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын орнотуу  үчүн  өздүк салымды кароого макулдук берүү жөнүндө

                Ак-Жол   айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  II -чакырылышынын  кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги он бешинчи  маселеси болгон Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун негизинде  Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын орнотуу  үчүн  өздүк салымды кароого макулдук берүү жөнүндөгү  маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысынын милдетин аткаруучу Курманалиев Азаматтын  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Ак-Жол  айыл  аймагынын айылдык  Кеңешинин  II  чакырылышынын   кезектеги  IX сессиясы токтом кылат:

                1. Ак-Жол айыл аймагына таштанды урналарын  орнотуу үчүн “ Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун Швецария өкмөтүнүн каржылоосунда Хельветас жана өнуктүрүү саясат институнун  аткаруусундагы долбоорду  аткарууга өздүк салымды кароого макулдук берилсин.

                2. Долбоордун жалпы наркы 1300 0000 сомду түзөт. Анын ичинен 900.000сом  акча каражаты Хельветас уюмунан ал эми 450.000 сом акча каражаты  айыл өкмөтүнун эсебинен бөлүнсун.

                3. Өздүк салым  70629 башкаруу аппаратынан 3112 беренесинен жумшалсын.

                4. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

                5. Бул  токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

                 Төрага:                                                                               Т. Султамуратов

    Posted by admin @ 10:12

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]