АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН II- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13- февралы №7 Жаңы-Жол айылы
Турак-жай салуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги жетинчи маселеси болгон Турак-жай салуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология ,өнөр-жай,транспорт,ишкердик,иш,электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шербек уулу Баястандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II — чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жер аянттарынан ар бир жаранга бериле турган жер тилкелеринин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү ЖОБОНУН 5-пунктуна негиз суулуу жерден 0,08га жана кайракы жерден 0,10га жер аянттарын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: Т. Султамуратов
