[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • shapka

    ТОКТОМ  1/1 

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    «Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын

     бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,

    2016-жылга бюджетин бекитүү  жана 2017-2018-жылдарга

    бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  2015-жылдын  бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2017-2018-жылга бюджеттин долбоорун, 2016- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмнүн  башчысы С Ажыматовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн  2015-жылдын  бюджетинин аткарылышы жакшы  деп табылсын.
    2. Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 2668,7 (атайын каражатты кошкондо )   Теңдөочү грант  6394,9    Жалпысы: 9063,6 (тОгуз  миллион алтымыш  үч миң алты жүз  ) сом    суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл окмотунун 2016-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлөгү №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
    4. Айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылга карата болжолдуу долбоорунун бюджети № 3 тиркемеге ылайык мурунку жылдардагы фактыга негиз жактырылсын.
    5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелуучу статьяларга жумшалаары белгиленсин.
    6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес толомдордүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
    7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө»мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 89,0  сом (сексен тогуз  миң )  өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн  резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
    8. 2016-жылдын 1-январына калдык эсебинен 20,0 мин сом  накталай акча кассалык жүгүртүүгө  калтырылсын.
    9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго   милдеттендирилсин.
    10. Айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип кварталдар боюнча бөлүштүрүү жагы каржы  бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовго милдеттендирилсин.
    11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктүлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                Т.Абасов.


    №1/1 токтомуна № 2 тиркеме

     [table id=1 /]

    [table id=2 /]

    Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы               Батыралиев Темиркул


    shapka

    ТОКТОМ   №1/2

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

     «Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн  2016-жылдын 

    атайын каражатын  бекитуу жонундо»

     Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы.

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты № 1- тиркемеге ылайык киреше болүгү 120,0 сом жана чыгаша болүгү № 2 – тиркемеге ылайык 120,0 мин сомго  Башкаруу аппараты  аркылуу жумшалсын.
    2. 2016-жылдын 1-январына карата калгын калдык эсебинен 100,0 мин сомго кошумча смета түзүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн. 

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ №1/3                                    

    «2015-жылдан калган калдык акча

    каражатын бөлүштүрүү  жөнүндө »

    Ак-Жол айыл өкмөтунүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Батыралиев Темиркулдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги ХVIII-сесиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин калган калдык акча каражаты № 4-тиркемеге ылайык  бөлүнуп берилсин.
    2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүу  жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C Ажыматовго  милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Т . Батыралиевге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                     Т.Абасов.


    № 1/3 токтомуна № 4 -тиркеме 

    01.01.2016-жылга карата калган калдык каражаты 

    [table id=3 /]

    [table id=4 /]

    Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы               Батыралиев Темиркул


    shapka

     ТОКТОМ № 1/4

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    «Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата

    айыл башчы кызматын бекитүү жөнүндө»

    Ак-Жол айылдык  Кеңешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы  № 403- токтомуна  негиз, Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Батыркуловдун  жана айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы С. Ажыматовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын   ХVIII-сессиясы.

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айылдык өкмөтүнүн аймагындагы 8 калктуу конушка 8 айыл башчы кызматы бекитилип берилсин .  (тиркеме тиркелет).
    2. 2016-жылдын жылдык сметасына 8 айыл башчылардын эмгек акысы киргизилсин.
    3. Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнун башчысы С. Ажыматовго  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                   Т.Абасов


    shapka

    ТОКТОМ № 2

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  2016-жылга

    карата иш планын бекитуу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII -сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин   2016-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тикемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2016-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    № 2 — токтомуна тиркеме

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын

    2016-жылга карата кабыл алган ИШ ПЛАНЫ

    [table id=5 use_datatables=»true» datatables_lengthchange=»true» datatables_scrolly=»500px» /]

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин жооптуу катчысы :                                         К.Сатыбеков.


    shapka

    ТОКТОМ № 3

    16-февраль.2016.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга

    карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2016-жылга кабыл алынган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү  планын карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалар менен бекитилсин.
    2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т.Абасов.


    № 3-токтомуна тиркеме

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-

    экономикалык өнүгүү программасынын иш-чарасы

    [table id=6 use_datatables=»true» datatables_lengthchange=»true» datatables_scrolly=»450px» /]

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                                                                                 Б.Мырзагулов.

    Стат-экономист:                                                                                                                                                                      Ы.Молорбаев.


    shapka

    ТОКТОМ № 4

    16-февраль.2016.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт

    комитетинин жылдык отчету. 2015-жылга карата

    бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата

    бюджетти  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы , депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы 

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыралык деп белгиленсин.
    3. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
    4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    5. Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто корсотулгон малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    7. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата салык алуу жагы айыл Өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын чечимине негиз төмөндөгүдөй бекитилсин
      • Кара мал ,жылкыга 56 сом
      • Кой,эчкиге 12 сом
      • Сырттан келген кара мал жана жылкыга 200 сом
      • Сырттан келген кой,эчкиге 40 сом
    8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 5

    16-февраль 2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол

    милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин элди

    тейлөөдөгү  жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  бешинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат К.Оноловдун жана Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Үчкемпиров Иляздын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги ХVIII — сессиясы 

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы менчик автоунаа ээлерине транспорт салыгын өз учурунда төлөө максатында түшүндүрүү иштерин айыл Өкмөтүнүн салык инспекциясы менен биргеликте жүргүзүү жагы колго алынсын.
    2. Мал уурулуктун алдын-алуу,учурдагы эшек жаныбарларын ар жерден союп талаага ташталып жаткандыгы боюнча ар бир калктуу конуштар боюнча атайын топтор түзүлүп ,айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
    3. Соода түйүндөрүндө эмес ар бир үйлөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктерин токтотуубоюнча чара көрүү милиция кызматкерлерине жана айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
    4. Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан штери канааттандырарлык деп табылсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                               Т.Абасов


    shapka

    ТОКТОМ № 6

    16-февраль 2016-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Айыл Өкмөттүн  турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар

    боюнча адисинин жылдык иш планын бекитүү, жыл 

    ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы,

    турак-жай үчүн жер аянттарынын берилиши жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  алтынчы маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси М.Смановдун,Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөттүн турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин жылдык иш планы айыл Өкмөт башчысынын бекиткени боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана Турак –жай,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси М.Смановдун, Ак- Жол айыл Өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү көрсөткөн кызматы канааттандырарлык деп белгиленсин.
    3. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайы жер көчкүгө, жер жылууга дуушар болуп , узак мөөнөттүү кредит алган атуулдарды көчүрүү иштерин колго алуу жагы Ч.Сейитбековго жүктөлсүн.
    4. Айыл Өкмөтүнүн жер адистерине айылдык аймактын келечек пландарын кайрадан карап чыгуу жана айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарын инвентаризациялоо иштерин колго алуу жагы милдеттендирисин.
    5. “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин,обьектилерди көзөмөлдөө,ижарага берүү жана сатуу жалпы жер маселелери” боюнча кайрадан түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын16-февралындагы №6-буйругу жана”Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө” жөнүндөгү 2016-жылдын 15-февраль күнкү №5-буйругу  бекитилсин. 

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 7

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,

    андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  жетинчи маселеси боюнча  Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Экономика,Бюджет соода маселелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Т.Батыралиевдин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ  башчысы С.Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөтүнүн карамагындагы Ак-Жол базарын   жеке менчикке  өткөрүү    боюнча         тиешелүү иш кагаздары такталганга чейин чек системасы менен иш жүргүзүп турууга  уруксат берилсин.
    2. Базардан алына турган жыйымдар учун райондук салык инспекциясынан чектерди алып келүү жана чектердин таркатылышына ,жыйымдардын топтолушуна көзөмөл жүргүзүү айыл Өкмөтүнүн салык кызматкерине милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /1

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Аксы токой чарбасынын территориясына караган

    калктуу конуштардын жер аянтын айыл Өкмөтүнүн

    балансасына өткөрүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндөгү  келип тушкөн элдинкайрылуусуна негиз Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1.  Ак-Жол айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардын жашоочуларынан     келип түшкөн кайрылуулар негиздуу болгондуктан Райкомол, Кечүү, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарындагы жер аянттары жакынкы жайыттары менен айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.
    2.  Жогорудагы аталган айылдардын жер аянттарына тиешелүү документтерди даярдап кабыл алынган чечимди турмушка ашыруу Аксы токой чарбасынын директоруна жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
    3. Айылдык Кеңештин Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү токтомун турмушка ашыруу жаатында жасаган иш аракеттерин колдоп берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /2

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин

    жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 2-пункту болгон О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө жарандардан келип түшкөн арыздарды жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн, О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин жана АКТЕД мамлекеттик эмес эл аралык уюму менен түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык “Нива” автомашинасы Ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын  ассоцациясынын пайдалануусуна калтырылсын.
    2. Автомашинанын сапаттуу  ремонттолушуна жана пайдалануусуна такай көзөмөл жургузуу О Ташкулов мектебинин директору Ажиев Бекмамбетке милдеттендирилип жоопкерчилиги суралсын.
    3. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Н.Жуманалиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /3

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 3-пункту болгон РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө калктуу конуштардан келип түшкөн билдирүүлөр,даттануулар жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштарда Аксы Электро- тармактар ишканасынын эсепчи-контролер кызматкерлери тараптан бир топ мыйзам бузуу фактылары тез-тез катталып жаткандыгы белгиленсин.
    2. Мындай баса калмай жосунсуз жоруктарды тескеп, мындан ары болтурбоо үстүндө  иш алып баруу жагы АксыЭлектро-тармактар  ишканасынын жетекчилигине  милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кенешинин  торагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /4

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Айыл  Өкмөтүнүн  аймагында  бадачылардын бада

      багуудагы   эмгек  акыларын   бекитүү жана  жазгы

    жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон

    көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Айыл  Өкмөтүнүн  аймагында  бадачылардын бада  багуудагы   эмгек  акыларын   бекитүү,  жазгы жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жер адиси М.Смановдун билдирүүсүн жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 15-февраль 2016-жылдагы № 5 буйругун талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн тургундары  үчүн  бада  акылары  бардык  айылдарда  бирдей   баада  белгиленсин.

    Жандыктарга   —  60 (алтымыш) сом. 1.кг. тузу менен жандык башына.

    Уйларга           —   200 (эки  жүз) сом. тузу менен.

    2. Белгиленген   бада  акыларын  бузуп ,  кымбаттатып   жиберген   бадачылырга   Кыргыз  Республикасынын   «салык   мыйзамдарына»  ылайык   чара  көрүү  жагы   эскертилсин.

    3. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөп   ишке  ашыруу  жагы   айыл  Өкмөттүн  мал  жана  айыл  чарба  кызматкерлерине,  айыл  башчыларга  милдеттендирилсин.

    4. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн  тургундары  үчүн  жаздоого  көчүп  чыгуу   жайлоодон  көчүп   келүү  мөөнөттөрү  бардык  айылдарда  бирдей   мөөнөткө  коюлсун.

    Жаздоого —  15 – апрелден   30 –апрелге чейин.

    Жайлоого —  20-  майдан      1-  июнга  чейин.

    Жайлоодон  көчүп  келүү- 5- сентябрдан  кийин  деп  белгиленсин.

    5. Белгиленген   мөөнөттү  бузуп  эгин  жайга  малдарын  түшүргөн  атуулдарга  айып акы салуу үчүн  айыл Өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен,айыл башчылардан атайын комиссия түзүлсүн, айып акылардын суммасын белгилөөнү колго алышсын.

    6. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөп   ишке  ашыруу  жагы   айыл  Өкмөттүн мал  жана  айыл  чарба  кызматкерлерине,  айыл  башчыларга  милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /5

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк, Шынаа

    айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү

    жергиликтүү жамааттын токтомун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 5-пункту болгон АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк ,Шынаа айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү жергиликтүү жамааттын токтомун жана айыл аймактык Кеңешине ,айыл Өкмөтүнүн башчысынын атына жазылган элдин кайрылуусун угуп,талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Шынаа айылынын тургундарынын  28.01.2016-жылдагы жана Бел-Өрүк айылынын тургундарынын 03.02.2016-жылдагы өткөн элдик жыйындарда кабыл алган токтомдору боюнча Ак-Жол айылдык Кеңешинин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына кайрылуулары негиздүү деп табылып айыл статусу  берүү жөнүндөгү токтомдору бекитилсин .
    2. Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин 16.02.2016-жылдагы №8/5 кабыл алынган токтомуна негиз айыл статусун берүү жөнүндөгү тиешелүү иш кагаздарды колдоп берүү  жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.

     

    Posted by admin @ 16:54

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]