[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У  № 1

    2023-жылдын 17-апрели                                                                  Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы бадачылардын,  механизаторлордун эмгек акысы ,  белгиленген айып  акылардын өлчөмүн , жер айдоо компаниясына  байланышкан  тарифтер, жакынкы, алыскы жайыттарга кочүп чыгуу,көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө жана тоют топтоодогу тарифтерди бекитүү боюнча  чыккан  айыл өкмөтүнун буйругун  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  XVсессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн катчысы М Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  XV-сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 35-б буйругу кээ бир алымча кошумчасы менен жактырылсын
    2. Айыл өкмиөтүнун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарын жакынкы жана  алыскы жайыттарга көчүрүү №35-буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу жагы  жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
    3. Айыл аймагынын калктуу конуштарына сырттан  алынып келген малдарды кайсыл территорияга айыл өкмөтүнүнбү же Аксы токой чарбасынын аймагына  алынып келеби ветеринардык  көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү экендиги  белгиленип аткаруу жагы айыл башчыларга жана  жайыт комитетине милдеттендирилсин.  
    4. Буйрукту аткарбаган атуулдарга Бузулар кодексинин №293 беренесине ылайык  айып салынары  эскертилсин.
    5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  тез аранын ичинде  тактап аткаруу жагы айыл өкмөтүнун  жер адисине милдеттендирилсин.(15 жумушчу күн )

    Ак-Жол  айылдык аймактык

              Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж.Алыбаев.

    Posted by admin @ 09:40

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]