[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  •  

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2020-жылдын 4-сентябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө .

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги    1- маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы А.Мырзабеков атындагы №44-негизги билим берүүчү мектебин жалпы орто билим берүүчү мектепке өткөрүү жөнүндө  Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттин төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана  талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы             

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетти сунуш кылган токтомдун долбоору жактырылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагынын Кечүү айылындагы  А.Мырзабеков атындагы №44-негизги жалпы билим берүүчү мектебин жалпы билим берүүчү орто мектепке өткөрүү мезгил талабына ылайык деп табылсын.
    3. Бул токтомду колдоп берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
    4. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2020-жылдын 4-сентябры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХVI -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси болгон Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкулап талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI –сессиясы             

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл аймагынын Карыялар Кенешинин айылдык Кенештин сессиясына жөнөткөн кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл аймагынын Аксакалдар Кенешинин төрагасы , Эл агартуунун  мыктысы, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги, Билим, илим жана Профсоюз кыймылынын отличниги , Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасынын” , “Эл сыймыгы” төш белгисинин, Билим берүүнүн ардагери,Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, Аксы районунун “Ардактуу атуулу ” сыйлыктарынын ээси, 2 жолку чакырылыштагы айылдык Кенештин төрагасы Абасов Төлөгөндүн  70 жашка толгондугуна байланыштуу ,көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен  Ак-Жол айыл  аймагынын “Кадырман карысы” ардактуу наамы ыйгарылсын.
    3. Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

                 

    Posted by admin @ 12:31

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]