[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз

    XX-сессиясынын    №1-ТОКТОМУ

    2019-жылдын 27-декабры                                                                                                                                                                                             Ак-Жол айылы

    2020-жылга бюджеттин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХX-сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк

    бекитилген кирешеси 9833,0(Тогуз миллион сегиз жүз отуз үч миң) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9(үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 8937,1(сегиз миллион тогуз жүз отуз жети миң бир жүз) сом, атайын каражаты 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп, жалпысы: 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.

    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоордук бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше бөлүгүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевге милдеттендирилсин.

    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү

    №1-тиркемелерге ылайык 18770,1(он сегиз миллион жети жүз жетимиш миң бир жүз) сом менен бекитилсин.

    4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3-пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.

    6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 187,7(бир жүз сексен жети миң жети жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

    7. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.

    8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык

    кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

    9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                 Т.Батыралиев

     2020-2021-2022-жылдарга карата кирешелер боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме            
                   
                   
      Бюджеттик классификация       план 2020 план 2021 план 2022
      кирешелердин аталышы            
    11111100 Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы       1852,0 2326,0 2473,0
    11121100 Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык       14,8 14,8 14,8
    11122100 Милдеттүү патенттин негизиндеги салык       2,0 2,0 2,0
    11122200 Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык       96,3 96,3 96,3
    11311200 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык       23,7 23,7 23,7
    11312200 Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык       370,0 370,0 370,0
    11321100 Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы       91,5 91,5 91,5
    11321200 Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы       103,2 103,2 103,2
    11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       152,7 152,7 152,7
    11412100 Сатуудан салык       1,0 0,0 0,0
    11462130 Көмүр       1247,0 1295,0 1320,0
    13321200 Тендөөчү гранттар       8937,1 8591,9 8758,2
    14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы       2215,0 2215,0 2215,0
    14152100 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы       228,0 228,0 228,0
    14152200 Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр       366,9 366,9 366,9
    14152600 Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы       2718,9 2718,9 2718,9
    14238900 Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы       120,0 120,0 120,0
    14511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө чегерүүлөр       230,0 230,0 230,0
      Жалпы       18770,1 18945,9 19284,2
                   
                   
      Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери:         Н.Мырзатаев  


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясынын

    № 2-ТОКТОМУ

    2019-жылдын 27-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХ -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Жерги ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30 –сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К. Пратова менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     



                Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз ХХ -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2019-жылдын 27-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчету жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХХ -сессиясынын күн тартибиндеги   3- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги Х Х -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу жаатында жасалган иш аракети “эн жакшы” деп баалансын.
    2. 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында айыл өкмөтүнүн кабыл алган социалдык –экономикалык өнүгүү программасына кирип ,бирок аткарылбай калган иш чаралардын кээ бир түрү  2020-жылдын аткарылуучу иш чарасына киргизилсин жана бул маселелер боюнча өз убагында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

     

     

                 

    Posted by admin @ 13:47

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]