[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл Окмотундогу курулуучу жолдун жээгиндеги жашаган кожолуктардын ар биринин огородунун аянты канча жерге ээ,канча жер кошумча пайдаланат отключены

    Ак-Жол айыл Окмотундогу курулуучу жолдун жээгиндеги жашаган кожолуктардын ар биринин огородунун аянты канча жерге ээ,канча жер кошумча пайдаланат. Канчасы асфальт курулууда кыскарат.

    [download-attachment id=»172″ title=»АСФАЛЬТ -2 км»]

  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Бада акы жонундо буйрук отключены

    shapka

    « 09 »   __02 __   2017-ж                         № 6                            Ак-Жол  айылы тел:6-01-03                                     

    Буйрук.

     “Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө жөнүндө”

     

    Мал багуучулардын бада акыларын, жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу бада акыларын жана көчүп келүү мөөнөтөрүн белгилөө,башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү жана айдап себүүдө механизаторлордун акысын белгилөө максатында

    БУЙРУК КЫЛАМЫН:

    1. Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуу мөөнөтү 15-апрелден 30-апрелге чейин, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуу 20-майдан 1-июнга чейин белгиленсин. (Аба ырайы өзгөгүүгө дуушар болсо 7-8 күнгө уруксат берилет).
    2. Бадачылардын бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин;МРС жандыктарга 1 башка 60 сом, тузу ичинде, КРС кара малга , жылкыга 1 башка 250 сом, тузу ичинде.
    3. Күздө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин.
    4. Белгиленген мөөнөтөн мурун көчүп келген атуулдарга жана эгинге түшкөн малга айып акы салуу ар бир калктуу конуштарда өткөрүлгөн чогулуштардын токтомуна негиз салынаары эскертилсин жана айыл башчылар аркылуу жеткирилсин.ар бир калктуу конуштардагы айыл тургундарына маалыматтар кабарлансын.
    5. Ак-Жол айыл .Өкмөтүнүн жайыты өзүнүн элинин малынын башына жетпегендиктен, башка айыл Өкмөт бадачыларына көчүп келбөөсү жөнүндө маалымат жеткирилсин.
    6. Белгиленген убакыт ичинде (30-Апрелден  1-сентябрга чейин)

          а)   Эгин жайларга, чөп чабынды жерлерге түшкөн мал атайын камалуучу жайларга камалсын.

          б)   Жандыктарга ар бир баш учун 100 сом,  ал эми кара мал, эшек, жылкыларга 1000 сом         өлчөмүндө айып салынсын.

          в)   Кайталанып түшкөн жандыктарга 200 сом, ал эми кара мал, эшек, жылкылар үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып салынып, төлөтүү жагы колго алынсын.

          г)   менчигинин таризине карабастан  жерлердеги табигый жана эгилме жайыттарга зыян келтирилсе Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 186-статьясынын, жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузса Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 193-статьясынын негизинде айып пул төлөнөт.

    1. Ушул белгиленген мөөнөттүн ичинде эгин жайларга түшкөн малдарды мал камоочу жайларга камап, тез аранын ичинде айыл өкмөтүнө билдирүү жагы айыл башчыларга, жамаат башчыларына жана айыл тургундарына милдеттендирилсин.
    2. Сырттан алынып келген мал үчүн “Жайыт жөнүндө” мыйзамдын негизинде ар бир кара мал, жылкыга 200 сом, жандык үчүн 40 сом акы төлөтүү колго алынсын.
    3. Белгиленген мөөнөттөн мурда көчүп келип калган атуулдарга 10 мин сом өлчөмүндө айып төөлөтүү жагы колго алынсын.Сырттан көчүп өтүүчү атуулдар, мыйзам негизинде көрсөтүлгөн маршурт менен көчүп өтүүдө бир күндөн ашык конушка олтурушпасын жана көрсөтүлгөн мөөнөттүн убагында көчүп өтүүсү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар катталса 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып салынсын. (Тиркеме тиркелет)
    4. Жазгы талаачылык боюнча айдап себүүдө механизаторлор :

    -тегене келки жерлерди  1 га айдоо – 2000 сом,           короонун ичин айдоо-4500 сом

    -агет – 1300сом                                                                -агет – 2000 сом

    -мала – 700 сом                                                                — мала 1000 сом

    -тоют даярдоодо, эгерде солярканын баасы февраль айындагы баадан өзгөрбөсө,

    -касилка менен чөп чабуу 1 га – 1500 сом,  грабил тартуу 1 га-800сом.

    1. Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
    2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн жер адиси М.Смановго жана жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевке жүктөлсүн.

     

     

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                                             Б.Мырзагулов.



    «_16_» «___02___»   2016-ж                № __6__           Ак-Жол  айылы тел:6.01.03  6.01.05                                                                                                       

    БУЙРУК

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык менчиктеги жерлерди, обьектилерди, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин көзөмөлдөө, ижарага берүү жана сатуу, жалпы жер маселелерин чечүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдары боюнча жана укуктук ченемдик актыларына ылайык

    БУЙРУК КЫЛАМЫН:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык менчиктеги жерлерди, обьектилерди, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин көзөмөлдөө, ижарага берүү, сатуу жана автомобил жолдоруна жакын жайгашкан бардык мыйзамсыз курулуштарды, короолорду демонтаждоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

     

    1)        Качыбеков А. -а/к депутаты, комиссиянын төрагасы
    2)        Сманов М. -жер адиси, комиссия мүчөсү
    3)        Мырзагулов Б. -а/ө башчысы, комиссия мүчөсү
    4)        Сейитбеков Ч. -өзгөчө кырдаалдар боюнча жет.адис, комиссия мүчөсү
    5)        Молорбаев Ы. -экономист-статист, комиссия мүчөсү
    6)        Токтоназаров Ж. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    7)        Оңолов К. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    8)        Молдобаев Э. -а/к депутаты, комиссия мүчөсү
    9)        Токтогулов С. -Тегене айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    10)    Мырзатаев Н. -Шынаа айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    11)    Райымбеков Б. -Жолборсту айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    12)    Мырзагулов А. -Ак-Жол айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    13)    Анарбаев К. -Райкомол айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
    14)    Ормонов А. -мамкаттоонун адиси, комиссия мүчөсү
    15)    Мырзагулов С. -арх. шаар куруу башк. адиси, комиссия мүчөсү
    1. Комиссиянын курамын бекитип берүү жагы Ак-Жол айылдык кеңешинен суралсын..

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                        Б.Мырзагулов

  • 2017-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын токтомдору отключены

    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII  чакырылышынын   кезектеги III сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 1

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын

    рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын

    кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    биринчи маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.
    2. Аксы токой чарбасынын директорунун чарбачылдыгы , иштин көзүн таба билгендиги , элдин оозундагы алкоо сөздөрү, элдин ыраазычылыгы жетекчинин жүргүзгөн иши учур талабына жооп берерлиги белгиленсин

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 4

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү,

    негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы,

    М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген

    жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    төртүнчү  маселеси Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү  социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III –сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  аймагындагы  М.Сыдыков , Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү,А.Мырзабеков атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Айыл  Окмотунун аймагындагы О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде холодильниктин  бузук болушу , А.Жолдошов атындагы башталгыч били берүүчү мектебинде  идиш-аяктардын жетишсиздиги , тамак ичүүчү жайдын сыздыгы мектеп жетекчилигинин кемчилдиги катары баалансын.
    3. М.Сыдыков мектебинин жетекчиси К.Камбаровдун жыл ичинде жүргүзгөн иши “жакшы” деп  баалансын жана А.Жуманазаров мектебинин жетекчиси Ж.Алимбекованын жыл ичинде жүргүзгөн иши “канааттандырарлык”  деп баалансын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                          Т.Батыралиев.


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 3

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун

    каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн  Ак-Жол

    айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук

    бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн  Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө А.Сатыбалдиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү  фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо проектисине  сунуш кылуу үчүн  Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү  долбоору алгылыктуу деп табылсын .
    2. Бул долбоордун тиешелүү иш кагаздарын жана документтерин даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн соц .адиси А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


    shapka

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 2

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы,

    андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин  экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы       

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси  Н.Мырзабековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


     shapka

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 5

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл 

    Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    бешинчи маселеси Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл  Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин сактоо,депутаттык этика , мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясы            

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Аскерге каттоо жана  элге паспорт берүүдөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана 50-33/3 Жаңы-Жол паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери учур талабына туура келээрлиги белгиленсин.
    2. Калк арасындагы  сын-пикирлерди эске алуу менен  мындан ары альтернативалык кызматтагы уландардын колуна тиешелүү документтерин өз убагында бүткөрүп берүү жагы ВУС кызматкери Айталиев Максатка милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 6

    17-май 2017-ж.                                                                                               Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды

    чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги    алтынчы маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы  жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн билдируусун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III- сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  2017-жылдын 5 айына карата мамлекеттик салыктардын жана жыйымдардын топтолушу ,план тапшырмалардын аткарылышы ,салыктын кээ бир түрү толбогондугуна карабастан жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.
    2. Айыл  Өкмөтүнүн салык кызматкери Н Мырзатаевге салыктын кээ бир аткарылбаган түрлөрүнүн үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин жана элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                                      Т.Батыралиев.


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/6

    10-февраль 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Шынаа, Кара-Тыт айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде

    жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/6-  маселеси боюнча Шынаа айылынын айыл башчысы А.Мырзагуловдун жана  Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Шынаа айылынын айыл башчысы Н Сабитбековдун  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
    2. Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы канааттандыралык деп табылсын.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                         Т.Батыралиев.


    shapka 

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/2

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы

    Токторалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/2- маселеси Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин   ысымын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, спорт чебери Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын Шынаа айылындагы жаны курулган спорт комплекске  ыйгаруу боюнча кайрылган Шынаа айылынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
    2. Спорт комплекстин мындан ары иштешине, келечек муундарды татыктуу тарбиялоо үчүн спорттук секцияларды уюштуруп ,атайын штаттык бирдиктерди ачууга жардам көрсөтүү жагы Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтен суралсын. 

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                                     Т.Батыралиев


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/3

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан  эженин

    дарылануучуларынын кайрылуусун кароо  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/3- маселеси Айылдык дабагер Сатылганова Токтокан  эженин дарылануучуларынын кайрылуусун кароо  жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.  

    Элдик дарыгер Сатылганова Токтокандын жүргүзгөн иши , элди кароосу жеке тейлөөдө болгондуктан ал кишинин дарылануучуларынын кайрылуусу негизсиз деп табылып , каражат бөлүнүпберилбей тургандыгы билдирилсин. 

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                    Т.Батыралиев


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/4

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  турак-жай жана муниципалдык менчикти

    башкаруу боюнча башкы адиси  М. Смановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/4- маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси  М. Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т. 

    1. Асфальт төшөө иштери башталганы жаткандыктан Ак-Жол , Райкомол айыл тургундарынын короо-жайына туш келген , жалпысы 4068 м2 жер аянты жол куруу үчүн өткөрүлүп берилсин (тизме тиркелет).
    2. Айылдык Кеңештин жана айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                         Т.Батыралиев


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III-сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/7

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/5- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т. 

    1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору Абыкеев Алмазбек Кеңешовичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
    2. “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:               Т.Батыралиев


    shapka

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/7

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/6- маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин  “Ардактуу  атуул “ наамын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т. 

    1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Жалал –Абад облусундагы координатору Токоев Сапарбек Исабековичке Ак-Жол айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
    2. “Ардактуу атуул” наамын тапшыруу аземин уюштуруу жана тиешелуу иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                   Т.Батыралиев


    shapka

     Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги III -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 7/5

    17-май 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт маселелери боюнча  Тегене,

    Шынаа айылдарынын айыл    тургундарынын  кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясынын күн тартибиндеги  7/8- маселеси  Жол-Бакан, Көк-Кыя маселелери боюнча  Тегене , Шынаа айылдарынын айыл    тургундарынын  кайрылуусу боюнчаАк-Жол айыл Окмотунун салык  инспектору Н Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп, 3-декабрь 2014-жылдагы  Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине негиз Кыргыз Республикасынын  айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” инсититутуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициянын адистери тарабынан даярдалган Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер пайдалануусунун долбоорлоо план картасын бекиткен Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХII – сессиясын жетекчиликке алып Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  III — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т. 

    1. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ош облусунун Жаңы-Жол районунда Ак-Жол селолук советин түзүү жөнүндөгү”  1968-жылдын 25 –ноябрындагы № 421- VII указынын негизинде Ак-Жол айыл округунун картасын сызып берүүнү милдеттендирген Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 3-декабрь 2014-жылдагы чечимине таянып мындан ары жалпы талашка түшүп жүргөн   Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт участкалары Ак-Жол айыл Өкмөтүнө таандык деп таанылсын.
    2. Аты аталган участкалардагы мал жайыты боюнча болуп келген тирешүүлөрдү жөнгө салуу , талоонго түшүп жаткан токой аянттарын көзөмөлдөөнү колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
    3. Тиешелуу иш кагаздарын тактап берүү жагы Аксы райондук каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн суралсын. 

        

     Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                         Т.Батыралиев

     

     

   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]