[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 5 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2022-жылдын 09-сентябры                                                                  Ак-Жол  айылы.

                                            Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы кен казып жаткан

                                ишканалардын (менчигинини  түрүнө карабастан)

      экологияны  сактоо  жаатында  жүргүзгөн иштери  жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  5- маселеси болгон Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы кен казып  жаткан  ишканалардын (менчигинини  түрүнө карабастан)экологияны  сактоо  жаатында  жүргүзгөн иштери  жөнүндө айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдунжана туруктуу комиссиянын төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн жана айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун  мүчөлөрүнүн  кен казып жаткан  ишканалардын  жасаган жумуштарын толук кыдырып көрө албагандыктан  коюлган маселе кийинки сессияга  калтырылсын.

    2. Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш,     электр энергия маселелери боюнча труктуу комиссиянын төагасы  Т Султамуратовго

    кезектеги сессияга калтырган маселени өз убагында дярдоо жагы милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 4 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2022-жылдын 09-cентябры                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол ,Тегене,Жолборсту, Кечүү айылдарынын

                                                           айыл башчыларынын  айыл  тургундары менен 

                                         жүргүзуп жаткан  иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  4- маселеси болгон Ак-Жол ,Тегене,Жолборсту, Кечүү айылдарынын айыл башчыларынын  айыл  тургундары менен  жүргүзуп жаткан  иштери жөнүндө

     туруктуу  комиссиянын төрагасы К Оңоловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII  чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Тегене жана Шынаа айылдарынын айыл башчыларынын айыл тургундары менен иш алып  баруусу ,К Р Өкмөтүнүн жүргүзгөн саясатын калктын калың катмарына жеткирүүсү,айыл тургундарын уюштуруп  иш алып баруулары жакшы деп  баалансын.
    • Калктуу конуш аралап Республикалык маанидеги трасса өткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү тургундар менен  тез-тез ишембиликтерди уюштуруп туруу жагы Шынаа айылынын айыл башчысына,  сунушталсын.

           Ак – Жол    айылдык  аймактык  

             Кеңеншинин    төрагасы :                                Ж.Алыбаев                                                                                                 

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 3 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин билдирүүсү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X  сессиясынын күн тартибиндеги  3 маселеси боюнча Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Окмотунүн аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин берген маалыматын жана төрайымдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  Xсессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы жалпы билим  берүүчү , негизги жана башталгыч  мектептердин 2022-2023-окуу жылына карата мектептердеги ремонттордун  жүрүшү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, окучуларды кабыл алууга болгон даярдыктары негизинен  жакшы деп табылсын.

    2.№54- А .Жолдошов атындагы жалпы башталгыч билим берүү мектебиндеги орун алган төмөнкү кемчиликтерди  тез аранын ичинде жоюу колго алынсын.

      — Видео көзөмөл орнотуу

      — Септиктин орунун которуу

      — Канализацияны бүткөрүү

      — Мектептин  ашканасына 500л суу сактоочу идиш алып берүү

    3. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымы  Г Бостоновага  жүктөлсүн.

    Ак – Жол    айылдык  аймактык                                                                                                           Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 2 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги              

    Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

                               Ак-Жол-Жолборсту,Тегене –Сөгөт авто жолдорун

    “Муниципалдык жолдор категориясынан “ “Жалпы  пайалануудагы

                                     автомобиль жолдор  категориясына өткөрүү жөнундө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи  маселеси болгон  Ак-Жол-Жолборсту,Тегене –Сөгөт авто жолдорун“Муниципалдык жолдор категориясынан “ “Жалпы  пайдалануудагы  автомобиль жолдор    категориясына өткөрүү боюнча “Жергиликтүү ө з алдынча башкаруу жөнүндө”жана Автомобиль жолдор  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Оңолов Келсинбек  Турсуналиевичтин билдирүүсүн карап чыгып ,талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезексиз  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Жалал-Абад облусунун  Аксы районундагы Ак-Жол айыл Окмотунун узундугу 7км болгон Ак-   Жол-Жолборсту жана узундугу 6км болгонТегене –Сөгөт авто жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин  балансына  өткөрүүгө макулдук берилсин

    2. Жалал-Абад облусунун  Аксы районундагы Ак-Жол айыл Окмотунун узундугу 7км болгон Ак-   Жол-Жолборсту жана узундугу 6км болгонТегене –Сөгөт авто жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин  балансына  өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине жөнөтүлсүн.

    3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Оңолов Келсинбекке    милдеттендирилсин.

    4.Иш кагаздарын  алып баруу ,тактоо айыл өкмөтүнүн турак-жай жана  муниципалдык менчикти  башкаруу боюнча башкы адиси Б Райымбековго  жуктөлсүн.

    5.Аталган  токтом Аксы районунун  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн akiol.el.kg.дарегине  расмий веб сайтына  жуктөлгөндөн кийин күчүнө кирет

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын ТОКТОМУ № 1 отключены

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги              

    Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  аялуу катмарлар боюнча

                                        соц адистин  жана соц кызматкердин  жүргузгөн

                                                        иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  биринчи маселеси боюнча Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  аялуу катмарлар боюнча  соц адистин  жана соц кызматкердин  жүргузгөн  иштери жөнундө

    Туруктуу комиссиянын  төрайымынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  Хсессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол   айылдык  Кеңешинин аймагындагы  аялуу катмарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  учур талабына жооп берерлиги белгиленсин. 
    2. Ак-Жол   айылдык  Кеңешинин  аймагындагы ар-бир калктуу конуштар боюнча аз камсыз болгон уй- бүлолор  такталып ,демөөрчүлөр тарабынан ар кандай жардам  берилип жаткан  жардамдар, тыкыр өкмөттүн көзөмөлүнө алын

    Ак – Жол    айылдык  аймактык                                                                                                           Кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж Алыбаев

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]