[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • shapka

       «10» февраль  2017-жыл                                                                            Ак-Жол айылы.  тел: 6-01-05.

    Эл депутаттарынын Ак-Жол  айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясынын                                         

     №1/1 Токтому

    «Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн 2016-жылдын  бюджетинин аткарылышын

                                               кабыл   алуу, 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдардын

                                               болжолдуу долбоорун бекитүү  жөнүндө»

                     Ак-Жол  айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап

      Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 

    1.Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн  2016-жылдын бюджетинин аткарылышы   жакшы деп табылып, бекитилсин.

    2.Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 2544,6 (эки миллион беш жүз  кырк  төрт миң алты жүз  ) сом,   Теңдөөчү грант  6476,6 (Алты миллион төрт жүз жетимиш алты миң алты жүз )сом, Атайын каражат 120,0 (Бир ж уз жыйырма мин )сом   кошулуп, жалпысы: 9141,2 (Тогуз миллион бир жүз кырк бир миң эки жүз ) сом   суммасында №1-  тиркемеге негиз  бекитилсин.

    3.Ак-Жол  айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү  жана киреше бөлүгүнүн   2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоору  №2- тиркемеге негиз   бекитилсин.

    4.Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №3 -тиркемеге ылайык 9141,2 (Тогуз миллион бир жүз кырк бир миң эки жүз) сом менен бекитилсин. 

    5.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга жана 2018-2019-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи  кезекте коргоого алынган   статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү  статьяларга  жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын  толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.  

    6.Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.

    7.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн  1 пайызга чейинки же болбосо 91,0(токсон бир миң ) сом  өлчөмүндө  Айыл  Окмотунун  резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

    8.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү   кассалык накталай акчанын  көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0( эки  жүз  миң) сом  өлчөмүндө бекитилсин.

    9.Айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл чиндеги озгортуу толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругу менен өзгөртүү толуктоо киргизүү  жагы   каржы  бөлүмүнүн башчысы С.  Ажыматовго милдеттендирилсин.

    10.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы  бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго  милдеттендирилсин.     

    11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

    12.Токтом www.ak-jol.el.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

    13.Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды. 

     

    Ак-Жол  айылдык кеңешинин төрагасы:                                                         Т. Батыралиев


    2017-жылга  карата кирешелер  боюнча айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын II-сессиясындагы № 1/1- токтомуна  № 1- тиркеме 

    ff1

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери:                                             Н.  Мырзатаев 


    2017-жылга  карата кирешелер  боюнча айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын II-сессиясындагы № 1/1- токтомуна  № 2- тиркеме 

    ff2

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери:                                             Н.  Мырзатаев 


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 10-февраль 2017-жылдагы  VII-чакырылышынын II-сессиясындагы № 1/1 токтомуна № 3-тиркеме 

    № 3-тиркеме

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы :      Э. Эшалиев


    shapka

      

         «10»  февраль    2017-жыл                                                          Ак-Жол айылы. 

                                                                      ТОКТОМ   №1/2                                

                                                                          «Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн  2017-жылдын 

                                                                                             атайын каражатын  бекитуу жонундо»

     Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын II-сессиясы.

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты 10-февраль 2017-жылдагы Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин №1/1токтомунун № 1- тиркемесине ылайык киреше бөлүгү 120,0 (Бир жүз жыйырма миң) сомго жана чыгаша бөлүгү 2017-жылдын №1/1 токтомунун  № 3 – тиркемесине  ылайык  120,0 мин сомго  башкаруу аппараты  аркылуу жумшалсын.
    2. 2016-жылдын 1-январына карата калгын калдык эсебинен 61,0 мин сомго кошумча смета түзүлсүн .
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет    жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

     

     

       Ак-Жол  айылдык кеңешинин төрагасы:                                    Т. Батыралиев


    shapka

         «_10__» февраль    2017-жыл                                                 Ак-Жол  айылы.  тел: 6-01-05

     ТОКТОМ №1/3                        

                 «2016-жылдан калган калдык акча

                каражатын бөлүштүрүү  жөнүндө»

                           Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги II-сесиясы

    Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

    1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын киреше бөлүгүнөн 2017-жылга калган 3770,8 (Үч миллион жети жүз жетимиш мин сегиз жүз ) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте № 4 тиркемеге ылайык жумшалсын.
    • Айылдык паркты бүткөрүүгө -100,0 сом .
    • Эксвкатор алууга өздук салым МТЗ-82-525,0 сом
    • М Сыдыков атындагы орто мектептин жылытуу системасына-75,0 сом.
    • Ак-Жол айылына бала-бакча курууга – 3000,0  сом.
    • АДК уюмуна -10,0 сом
    • Т Тыныбековдун 90 жылдык маарекесине  -60,8 сом

    Жалпы: 3770,8 сом. (Үч миллион жети жүз жетимиш миң сегиз жүз )

    1. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү  жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C . Ажыматовго  милдеттендирилсин.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге  милдеттендирилсин. 

     

       Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                 Т Батыралиев.


    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 10-февраль 2017-жылдагы  VII-чакырылышынын II-сессиясындагы № 1/3 токтомуна № 4 -тиркеме 

    [download-attachment id=»138″ title=»№4 тиркеме»]

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы :      Э. Эшалиев


    shapka

    10-февраль.2017.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын  кезектеги II сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 2

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин   2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI I-чакырылышынын  кезектеги  II -сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II -сессиясы         

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин   2017-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2017-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                 Т.Батыралиев.


    shapka

    10 февраль 2017.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги II —сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 3

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга

    карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2017-жылга даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү  планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VII — чакырылышынын   кезектеги  II — сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.
    2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                              Т .Батыралиев.


    shapka

     10-февраль.2017.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги II —сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 4

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин

    жылдык отчету. 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы

    жана 2017-жылга карата бюджетти  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мучосу, депутат СтанбековАлмазбектин  жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясы 

     Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыралык деп белгиленсин.
    3. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
    4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    5. Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто корсотулгон малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    7. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(тиркеме  тиркелет)
    8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

         Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                Т.Батыралиев.

    [table id=21 /]

    [table id=22 /]

    [table id=23 /]


    shapka

      10-февраль 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги II -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 5

    Айыл өкмөттүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин калкка       көрсөткөн  кызматы жана жер боюнча байланышкан тарифтерди кароо жана    бекитүү  жѳнүндѳ.

    .

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги  бешинчи  маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат И Сатыбековдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси М.Смановдун,Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана Турак –жай, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси М.Смановдун, Ак- Жол айыл Өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү көрсөткөн кызматы канааттандырарлык деп белгиленсин.
    1. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайы жер көчкүгө, жер жылууга дуушар болуп , узак мөөнөттүү кредит алган атуулдарды көчүрүү иштерин колго алуу жагы Ч.Сейитбековго жүктөлсүн.
    1. Айыл Өкмөтүнүн жер адистерине айылдык аймактын келечек пландарын кайрадан карап чыгуу жана айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарын инвентаризациялоо иштерин колго алуу жагы милдеттендирисин.
    1. “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин,обьектилерди көзөмөлдөө,ижарага берүү жана сатуу жалпы жер маселелери” боюнча кайрадан түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын16-февралындагы №6-буйругу жана”Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө” жөнүндөгү 2017-жылдын 09-февраль күнкү №6-буйругу  бекитилсин 

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                 Т.Батыралиев


    shapka

     10-февраль 2017-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын   кезектеги II -сессиясынын 

    ТОКТОМУ № 6

    Кечүү,  Жолборсту айылдарынын айыл башчыларынын жыл

    ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги  алтынчы  маселеси боюнча Кечүү айыл башчысы С.Алыбаевдин жана  Жолборсту айылынын айыл башчысы Б.Райымбековдун  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Жолборсту айылынын айыл башчысы Б.Райымбековдун  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу , мамлекетибиздин алган багыты боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруусу учур талабына ылайык экендиги белгиленсин.
    2. Кечүү айыл башчысы С.Алыбаевдин  жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү  абалы канааттандыралык деп табылсын. 

     

          Ак – Жол    айылдык  аймактык  Кеңешинин  төрагасы:                            Т.Батыралиев


     

     shapka

    10-февраль 2017.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы. 

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги II -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 7/1

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнун аймагында Элге ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин кароо жана аны бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги ар турдүү маселесинин  7/1- маселеси  болгон Ак-Жол айыл Өкмөтүнун аймагында Элге ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин кароо жана аны бекитүү

    боюнча  Ак-Жол айыл Өкмөтүнун вет. инспектору Т Суеркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы элге ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча 04.04.2016-жылдагы № 27-буйругу менен бекитилген тарифтер алымча кошумчасы менен бекитилсин.
    2. Бекитилген тарифтер аймактагы элге кызмат көрсөткөн бардык вет.сервистин мүчөлөрүнө ,санитарларга жеткирүү, токтомду көзөмөлдөө вет . инспектор Суеркулов Тынарбекке милдеттендирилсин.

    Ак – Жол    айылдык  аймактык

                      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т.Батыралиев.


    1. 04. 2016-жыл. № 27  

                                 Б У Й Р У К

       “ Төрт  түлүк  малды  эмдөө жөнүндө”

    Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча  мамлекеттик инспекциясынын  Аксы райондук  башкармалыгынын 01-13/12 номерлуу катын  турмушка  ашыруу максатында Ак-Жол айыл Өкмөтү

     Б У Й Р У К     К Ы Л А Т

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы  тургундардын менчигиндеги малдарын ветеринардык  тейлөө Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча  мамлекеттик инспекциясынын  Аксы райондук  башкармалыгынын 01-13/12 номерлуу катына негиз тиркемедеги көрсөтүлгөн  баада тейленүүсү тийиш.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн тургундары эпизоотияга каршы күрөшүүдө  ар бир учаскалык  санитарларга  малдарын  толук эмдетүүгө тийиш.
    3. Малдарын  толук эмдетүүдөн  баш  тарткан атуулдар Кыргыз  Республикасынын     ветеринардык  мыйзамынын №7 жана №8- беренесинин  негизинде  административдик  жоопко тартылаары  эскертилсин. 

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                        Б.Мырзагулов.

    [table id=24 /]


     

    shapka


     

     10-февраль 2017.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги II -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7 /2

    АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунушту бекитип берүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин  7/2- маселеси  болгон АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунушту бекитип берүү жөнүндө А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII -чакырылышынын  кезектеги  II — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунуш катары Ак-Жол айылынын борборуна 50 орундуу бала бакча куруу долбоору жактырылсын.
    2. Бул Ак-Жол айылынын борборуна 50 орундуу бала бакча куруу боюнча микродолбоору конкурстан жактырылса , өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн каражатынан акча каражаты бөлунүп берилээри белгиленсин.
    3. Тиешелүү иш кагаздарын топтоп АРИС уюмуна тапшыруу жагы А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык

                      Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т.Батыралиев

    Posted by admin @ 18:43

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]