[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • 2016-жылдагы Кенештин чечимдери Комментарии к записи Ак-Жол айылдык аймагынын VI-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын чечимдери. отключены

    shapka

    ТОКТОМ  1/1 

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    «Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын

     бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,

    2016-жылга бюджетин бекитүү  жана 2017-2018-жылдарга

    бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  2015-жылдын  бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2017-2018-жылга бюджеттин долбоорун, 2016- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмнүн  башчысы С Ажыматовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн  2015-жылдын  бюджетинин аткарылышы жакшы  деп табылсын.
    2. Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 2668,7 (атайын каражатты кошкондо )   Теңдөочү грант  6394,9    Жалпысы: 9063,6 (тОгуз  миллион алтымыш  үч миң алты жүз  ) сом    суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл окмотунун 2016-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша бөлөгү №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
    4. Айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылга карата болжолдуу долбоорунун бюджети № 3 тиркемеге ылайык мурунку жылдардагы фактыга негиз жактырылсын.
    5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелуучу статьяларга жумшалаары белгиленсин.
    6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес толомдордүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
    7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө»мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 89,0  сом (сексен тогуз  миң )  өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн  резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
    8. 2016-жылдын 1-январына калдык эсебинен 20,0 мин сом  накталай акча кассалык жүгүртүүгө  калтырылсын.
    9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго   милдеттендирилсин.
    10. Айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип кварталдар боюнча бөлүштүрүү жагы каржы  бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовго милдеттендирилсин.
    11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктүлсүн.

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                Т.Абасов.


    №1/1 токтомуна № 2 тиркеме

     

     ДТКТстатья
    бардыгы : 9063,69063,60,0
    1Эмгек акы 2884,621111100
    2соц.фонд434,521211100
    3Сапар чыгымы25022111100
    4бензин10022141100
    5запчаст6022141200
    6связ2022122100
    7эл энергия794,922311200
    8резер фонд8928241100
    9көмүр алууга65022241100
    10Спорт зал Шынаа50031113290
    11Ар түрдүү чыгымдар727,622154900
    12Жолборсту мектеп ремонт иштери 2022211100
    13Конц товары10022221200
    14Архитектура10022154900
    15Гос регстр5022154900
    16Спорт инвентар5022221200
    17Ички жолдорду шагалдоо 40022211100
    18Кышкы жолдорду сүрдүрүү5022211100
    19Мектептердин ремонт иштер үчүн25022211100
    20Сейф сатып алуу2031123220
    21Резервный рота , Авганист жана Баткенчилерге5022154900
    22Райкомол, Кур-Сай , Шынаа сугат суу10022211100
    23Райкомол зубный 10022211100
    24Мектептерди лабароторядан өткөрүү 2522154900
    25Спорт оюндарына 10022154900
    26Эшек арт жолун түшүрүү24022211100
    27АДК уюумунун бюджетин жогорулатууга 4022154900
    28Музыкалык аспап алуу3031123290
    29Орг техника10031123230
    30Таза суу жана забор куруу10022211100
    31Элктро линяларды ремонттоо 10022211100
    32Көпүрө ремонттоого10031113330
    33Көчөт алууга 20831131200
    34Программа 1 С 10022154900
    35атайын каражат12022154900
    Жалпы сумма 9063,6

    Жалпы 
    9063,6
    21112884,6
    2121434,5
    2211250
    2214160
    221220
    2231794,9
    22211360
    2222150
    2224650
    22151192,6
    3111600
    3112150
    3113208
    282489
    1423120

    Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы               Батыралиев Темиркул


    shapka

    ТОКТОМ   №1/2

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

     «Ак-Жол  айыл Өкмөтүнүн  2016-жылдын 

    атайын каражатын  бекитуу жонундо»

     Айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С. Ажыматовдун   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХVIII-сессиясы.

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн атайын каражаты № 1- тиркемеге ылайык киреше болүгү 120,0 сом жана чыгаша болүгү № 2 – тиркемеге ылайык 120,0 мин сомго  Башкаруу аппараты  аркылуу жумшалсын.
    2. 2016-жылдын 1-январына карата калгын калдык эсебинен 100,0 мин сомго кошумча смета түзүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн. 

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                        Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ №1/3                                    

    «2015-жылдан калган калдык акча

    каражатын бөлүштүрүү  жөнүндө »

    Ак-Жол айыл өкмөтунүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Батыралиев Темиркулдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги ХVIII-сесиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т: 

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин калган калдык акча каражаты № 4-тиркемеге ылайык  бөлүнуп берилсин.
    2. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүу  жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C Ажыматовго  милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Т . Батыралиевге милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                     Т.Абасов.


    № 1/3 токтомуна № 4 -тиркеме 

    01.01.2016-жылга карата калган калдык каражаты 

    Иштин мазмуну суммастатья
    5154,7
    1Кызыл-Бейит айылындагы кайыкчыга үй куруп берүү20031111220
    2Шынаа айылындагы сугат сууга труба алып берүү1522211100
    3Эс алуу жайына1849,731113290
    4Ак-Жол айылына тратуар130031113220
    5А Мырзабеков атындагы негизги мектепке спорт плашатка25031113290
    6Эчкили айылына таза-суу15022211100
    7Тарых жана маданият жылына карата 10022154900
    8Туруктуу коммиссиянын чыгымы3022154900
    9Т Абасовдун кубогуна 1522154900
    10Эчкили айылына Габион орнотууга 3022211100
    11Кызыл-Бейит айылына жөө көпүрө салууга10031113230
    12Разан-Сай айылындагы ФАПты ремонттоо6522211100
    13Кечуу , Разан-Сай , Райкомол , Жолборсту мектептерге темир решотка2022211100
    14Ак-Жол айыл Окмотунун кире-беришине арка орнотуу 50031113290
    15Ак-Жол айылына көчөлөрдү жарыктандырууга30031113290
    16Разан-Сай айылындагы алыштын башына 1522211100
    17Кантордун айланасын короолоо1522211100
    18Айыл Окмотунун картасына10022154900
    19Ген план айыл Өкмөтү10022154900

    Жалпы 
    5154,7
    2221310
    2215345
    31114499,7

    Ак-Жол айылдык Кенешинин бюджет комитетинин торагасы               Батыралиев Темиркул


    shapka

     ТОКТОМ № 1/4

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    «Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата

    айыл башчы кызматын бекитүү жөнүндө»

    Ак-Жол айылдык  Кеңешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы  № 403- токтомуна  негиз, Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Батыркуловдун  жана айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы С. Ажыматовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын   ХVIII-сессиясы.

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айылдык өкмөтүнүн аймагындагы 8 калктуу конушка 8 айыл башчы кызматы бекитилип берилсин .  (тиркеме тиркелет).
    2. 2016-жылдын жылдык сметасына 8 айыл башчылардын эмгек акысы киргизилсин.
    3. Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнун башчысы С. Ажыматовго  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                   Т.Абасов


    shapka

    ТОКТОМ № 2

    16-февраль.2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  2016-жылга

    карата иш планын бекитуу жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII -сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин   2016-жылга карата кабыл алган иш планы  №1 тикемеге ылайык бекитилсин.
    2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2016-жылга кабыл алынган иш планы тиркемеси менен Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    № 2 — токтомуна тиркеме

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын

    2016-жылга карата кабыл алган ИШ ПЛАНЫ

    Аткарылуучу иштин мазмуну.Өтүлүү мөөнөтүКим жооптууДокладчы
    1.11.Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү.февраль туруктуу комиссияС.Ажыматов
    Т.Батыралиев
    2Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү.февраль жооптуу катчыК.Сатыбеков
    3Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү.февраль Өкмөт башчыБ.Мырзагулов
    4Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү.февраль туруктуу комиссияН.Молдобаев
    Т.Нурманбетов
    5Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаңы-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.февраль туруктуу комиссияА.Качыбеков
    К.Оңолов
    6Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин 2016-жылга карата иш планын бекитүү. Элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө.февраль туруктуу комиссияА.Качыбеков
    М.Сманов
    Ч.Сейитбеков
    7Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө.февраль туруктуу комиссияН.Мырзабеков Т.Батыралиев
    8Ар түрдүү маселелер.февраль
    2.1.Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.майтуруктуу комиссияП.Жабайкулов
    А.Качыбеков
    2Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, элди тейлөөдөгү абалы, турак-жай үчүн жер аянтарынын берилиши жөнүндө.
    майтуруктуу комиссияА.Качыбеков
    М.Сманов
    3Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаңы-Жол РЭС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө.
    майтуруктуу комиссияА.Качыбеков
    М.Эгизалиев
    4Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы, мектептердин тазалыгы жөнүндө.
    майтуруктуу комиссияН.Жуманалиев Директорлор.
    5Аскердик каттоо жана атуулдарга паспорт берүүдөгү айыл Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
    майтуруктуу комиссияБ.Жундубаев
    Э.Озоев
    К.Оңолов
    6Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.
    майтуруктуу комиссияО.Мусабеков
    К.Онолов
    7Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө .
    майтуруктуу комиссияС.Сансызбаев
    А.Качыбеков
    8Ар түрдүү маселелер .Разан,Күрп-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин абалы.
    май
    3.1Ак-Жол айылынын аймагындагы кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдары жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө.
    август туруктуу комиссияА.Качыбеков
    Кен ээлери.
    2Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн социалдык жана ветеринардык адистердин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө.
    август туруктуу комиссияК.Оңолов
    А.Сатыбалдиев
    Т.Суеркулов
    3Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө.
    август туруктуу комиссияН.Жуманалиев
    Жетекчилер.
    4Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы элди тейлөөсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу .
    август туруктуу комиссияН.Жуманалиев
    Китепканачылар
    5Айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жөнүндө.
    август туруктуу комиссияК.Оңолов
    Уюм жетекчилери.
    6Ак-Жол, Кызыл-Бейит ,Кечүү айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу.
    август туруктуу комиссияА.Мырзагулов
    С.Алыбаев
    7Ар түрдүү маселелер.
    август
    4.1Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы.октябрьтуруктуу комиссияЖ.Кулжабаев
    А.Качыбеков
    2Ак-Жол айыл аймагындагы кары-картаңдар, майыптар менен иштөөнүн абалы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар жөнүндө.
    октябрьтуруктуу комиссияН.Жуманалиев
    А.Сатыбалдиев
    К.Сатыбеков
    3Ак-Жол айыл аймагындагы социалдык маданий объектилердин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
    октябрьтуруктуу комиссияН.Жуманалиев
    Жетекчилер.
    4Ак-Жол Өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын (аксакалдар Кеңеши, аялдар Кеңеши, айылдык Соттун ) төрагаларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу.
    октябрьтуруктуу комиссияК.Оңолов
    Төрагалар.
    5Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Б.Мырзагуловдун 9 айлык отчетун угуу.
    октябрьБ.Мырзагулов
    6Ак-Жол айыл аймагындагы негизги жана башталгыч класс жалпы билим берүүчү мектептердин директорлорунун жылдык билдирүүсүн угуу.
    октябрьтуруктуу комиссияН.Жуманалиев
    Мектеп жетекчилери.
    7Шынаа, Жолборсту айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуу.
    октябрьН.Мырзатаев
    Б.Райымбеков
    8Ар түрдүү маселелер.
    октябрь

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин жооптуу катчысы :                                         К.Сатыбеков.


    shapka

    ТОКТОМ № 3

    16-февраль.2016.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга

    карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2016-жылга кабыл алынган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү  планын карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалар менен бекитилсин.
    2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                        Т.Абасов.


    № 3-токтомуна тиркеме

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык-

    экономикалык өнүгүү программасынын иш-чарасы

    Иш чаралардын аталышыжалпыресп. бюджетжерг. бюджетишканаспонсорөкм. эмес уюмжамааткүтүлүүчү жыйынтыкжооптуулар
    1Тегененин сыртындагы айдоолорду камыштан арылтуу1200,01200,0жалпы элдин айдоо аянты камыштан тазаланатАйыл чарба департаменти
    2Үлүш жерлерге баруучу Аң-Жылга участкасына жол салуу200,0150,050,0жол каттамы жакшыратА/Ө, жамаат
    3Тегене айылындагы спорт сарайын бүткөрүп, ишке берүү5500,05500,0мектеп окуучуларына шарт түзүлөтА/Ө, жамаат
    4Кечүү айылындагы мектептин спорт аянтчасын бүткөрүү100,0100,0мектеп окуучуларына шарт түзүлөтА/Ө, жамаат
    5Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн балансасына бульдозер сатып алуу1500,01500,0айыл элин техника менен камсыздооА/Ө, жамаат
    6Тегене айылындагы Чолок-Сөгөт участкасындагы булакты тазалоо50,050,0мал багуучу ишкерлерге шарт түзүүА/Ө, жамаат
    7Шынаа айылындагы спорт комплексин толук ишке берүү4000,04000,0айыл элине жана мектеп окуучуларына шарт түзүлөтАРИС
    8Жолборсту айылына көпүрө куруу1300,01300,0жол каттамы жакшыратМЧС
    9Жолборсту айылына баруучу көпүрөлөрдү кап.ремонттон чыгаруу50,050,0жол каттамы жакшыратА/Ө, жамаат
    10Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга сел тосмо куруу2500,02500,0өзгөчө кырдаалдын алдын алууСПЛМ
    11Аппарат кызматкерлерин элди тейлөөсүн жакшыртуу максатында орг.техника менен камсыздоо100,0100,0тейлөө сапатын жакшыртууА/Ө, жамаат
    12Райкомол айылына Лагерь, Лесхоз, Кош-Алмурут участкаларын камсыз кылган трансформатор алып берүү500,0500,0эл электр тогу менен камсыз болотРЭС
    13Коргон-Төбө айылына баруучу жолду кап.ремонт кылуу100,0100,0жол каттамы жакшыратОСОО Алфа Микс
    14Ак-Жол, Райкомол айылдарындагы 7 км жолду асфальттоо66000,066000,0жол каттамы жакшыратТранспорт минстрлиги
    15Ак-Жол айылына бала бакча куруу10000,010000,0социалдык маселе чечилетСтим грант
    16Ак-Жол айылындагы базарга даараткана куруу150,0150,0социалдык маселе чечилетА/Ө, жамаат
    17Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү 3 орто мектептин экиден алты кабинетинин полун алмаштыруу200,0200,0окуучуларга шарт түзүлөтА/Ө, жамаат
    18Эскилиги жеткен 04түк электр линияларынын жараксыз столбаларын алмаштыруу4000,04000,0электр тогу менен камсыз болотА/Ө, жамаат РЭС Аксы
    19Ак-Жол айыл Өкмөтү боюнча таза суу маселесин чечүү37000,037000,0элдин ден соолугунун алдын алууА/Ө, жамаат
    20Күрп-Сай айылына баруучу жолду кап.ремонттон чыгаруу200,0200,0жол каттамы жакшыратА/Ө, жамаат
    21Ак-Жол айыл Өкмөтү боюнча кезекте турган 174 үй-бүлөгө жер участкасын берүүсоциалдык маселе чечилетА/Ө, жамаат
    22Эски жуут пунктун ремонттоо100,0100,0малдын асылдуулугун жогорулатууАРИС
    23Шынаа айылын сугат суу менен камсыздоо100,0100,0суу менен камсыз болотА/Ө, жамаат
    24Тегене айылына уюлдук телефон менен байланышуу үчүн антенна куруу250,0250,0социалдык маселе чечилетБИЛАЙН
    25Алыскы жайыттарга каттоону камсыз кылуу үчүн, жолдордун кээ бир жерлерин ремонттоо400,0400,0жол каттамы жакшыратА/Ө, жамаат
    26М.Сыдыков атындагы орто мектебине көмүркана куруу1200,01200,0көмүрдүн сапатын сактоо максатындаА/Ө, жамаат
    27Кызыл-Бейит айылындагы кайыкчынын үйүн жаңы салып берүү500,0500,0жумушчу орунун сактоо максатыА/Ө, жамаат
    28Тегене айылынын таза суу маселесин чечүү2500,02500,0калкты таза суу менен камсыздооА/Ө, жамаат
    29Күрп-Сай айылына автоунаа өтүүчү көпүрө куруу1500,01500,0жол каттамы жакшыратОсОО "Ориэль"
    30Куру-Сай участкасына сугат суу чыгаруу150,0150,0сугат суу менен камсыз болотА/Ө, жамаат
    31Шынаа айылындагы сугат каналынын бузулган бөлүгүн ремонттоо10,010,0сугат суу менен камсыз болотА/Ө, жамаат
    32Айрым мектептерди музыкалык аспаптар менен камсыздоо50,050,0мектеп окуучуларына шарт түзүлөтА/Ө, жамаат
    33Ак-Жол айылына эс алуучу парк куруу2500,02500,0айыл элинин эс алуусуна шарт түзүлөтА/Ө, жамаат спонсорлор
    34Малды асылдандыруу үчүн атайын селекциялык бөлүм ачуу300,0300,0малдын асылдуулугу артатАРИС жайыт комитети
    35Жыгачты кайра иштетүүчү ишкана куруу1200,01200,0калкка кызмат көрсөтүлөтА/Ө, жамаат
    36Айыл Өкмөттүн базасында жана бытовой техникаларды оңдоочу жай куруу700,0700,0калкка кызмат көрсөтүлөтА/Ө, жамаат
    37Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолунун боюна 8 км тротуар куруу2000,02000,0жол каттамы жакшырат, айыл тургундарынын жол коопсуздугу сакталатА/Ө, жамаат
    38Айыл ичиндеги автоунаа жолдорунун боюна жарык берүүчү чырактарды орнотуу1200,01200,0калкка ыңгайлуу шарт түзүлөтА/Ө, жамаат
    39Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга жардам көрсөтүү200,0200,0ден соолугу чектелген жарандарга көңүл бөлүнөтА/Ө, жамаат
    40Кызыл-Бейит айылына мини ГЭС куруу5000,05000,0калк электр тогу менен камсыз болотА/Ө, АРМА
    41Күрп-Сай айылына электр линиясын тартуу10000,010000,0калк электр тогу менен камсыз болотА/Ө, жамаат
    42Кээ бир мекемелерде өрткө каршы щит менен камсыз кылуу100,0100,0Коопсуздук сакталатА/Ө, жамаат
    43Коргон-Төбө айылына булактан таза суу алып келүү300,030,070,0200,0калк таза суу менен камсыздалатА/Ө, жамаат
    44Райкомол айылынын Көк-Чырыч участкасындагы жолду шагылдоо200,0100,0100,0жол каттамы жакшыратА/Ө, жамаат
    45Эчкили-Сай айылына таза суу тартуу150,0Таза суу маселеси чечилет.А/Ө, жамаат
    46Разан-Сай айылындагы алыштын башын бекемдөө15,0Калк сугат суу менен камсыздалат.А/Ө, жамаат
    47Разан-Сай айылындагы башталгыч мектепке, ФАПка көмүркана куруу жана бул объектилерди ремонттоо65,0Айыл тургундарына, окуучуларга шарт түзүлөт. Көмүр сапаттуу сакталатА/Ө, жамаат
    48Кара-Тыт айылына арка куруу500,0Элдин духун, маданиятын көтөрүү максатындаА/Ө, жамаат
    Жалпы:165840,0144900,011170,0650,03420,05300,0400,0

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы:                                                                                                 Б.Мырзагулов.

    Стат-экономист:                                                                                                                                                                      Ы.Молорбаев.


    shapka

    ТОКТОМ № 4

    16-февраль.2016.ж.                                                                                       Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт

    комитетинин жылдык отчету. 2015-жылга карата

    бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата

    бюджетти  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы , депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы 

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыралык деп белгиленсин.
    3. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
    4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    5. Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто корсотулгон малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
    7. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата салык алуу жагы айыл Өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын чечимине негиз төмөндөгүдөй бекитилсин
      • Кара мал ,жылкыга 56 сом
      • Кой,эчкиге 12 сом
      • Сырттан келген кара мал жана жылкыга 200 сом
      • Сырттан келген кой,эчкиге 40 сом
    8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 5

    16-февраль 2016.ж.                                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол

    милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин элди

    тейлөөдөгү  жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  бешинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат К.Оноловдун жана Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Үчкемпиров Иляздын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги ХVIII — сессиясы 

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы менчик автоунаа ээлерине транспорт салыгын өз учурунда төлөө максатында түшүндүрүү иштерин айыл Өкмөтүнүн салык инспекциясы менен биргеликте жүргүзүү жагы колго алынсын.
    2. Мал уурулуктун алдын-алуу,учурдагы эшек жаныбарларын ар жерден союп талаага ташталып жаткандыгы боюнча ар бир калктуу конуштар боюнча атайын топтор түзүлүп ,айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
    3. Соода түйүндөрүндө эмес ар бир үйлөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктерин токтотуубоюнча чара көрүү милиция кызматкерлерине жана айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
    4. Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан штери канааттандырарлык деп табылсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                               Т.Абасов


    shapka

    ТОКТОМ № 6

    16-февраль 2016-ж.                                                                                     Ак-Жол  айылы.

    Айыл Өкмөттүн  турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар

    боюнча адисинин жылдык иш планын бекитүү, жыл 

    ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы,

    турак-жай үчүн жер аянттарынын берилиши жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  алтынчы маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Качыбеков Анаркулдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси М.Смановдун,Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөттүн турак-жай жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин жылдык иш планы айыл Өкмөт башчысынын бекиткени боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.
    2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана Турак –жай,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси М.Смановдун, Ак- Жол айыл Өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү көрсөткөн кызматы канааттандырарлык деп белгиленсин.
    3. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайы жер көчкүгө, жер жылууга дуушар болуп , узак мөөнөттүү кредит алган атуулдарды көчүрүү иштерин колго алуу жагы Ч.Сейитбековго жүктөлсүн.
    4. Айыл Өкмөтүнүн жер адистерине айылдык аймактын келечек пландарын кайрадан карап чыгуу жана айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарын инвентаризациялоо иштерин колго алуу жагы милдеттендирисин.
    5. “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин,обьектилерди көзөмөлдөө,ижарага берүү жана сатуу жалпы жер маселелери” боюнча кайрадан түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын16-февралындагы №6-буйругу жана”Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө” жөнүндөгү 2016-жылдын 15-февраль күнкү №5-буйругу  бекитилсин. 

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 7

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,

    андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  жетинчи маселеси боюнча  Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базары,андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Экономика,Бюджет соода маселелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Т.Батыралиевдин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ  башчысы С.Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Айыл Өкмөтүнүн карамагындагы Ак-Жол базарын   жеке менчикке  өткөрүү    боюнча         тиешелүү иш кагаздары такталганга чейин чек системасы менен иш жүргүзүп турууга  уруксат берилсин.
    2. Базардан алына турган жыйымдар учун райондук салык инспекциясынан чектерди алып келүү жана чектердин таркатылышына ,жыйымдардын топтолушуна көзөмөл жүргүзүү айыл Өкмөтүнүн салык кызматкерине милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /1

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Аксы токой чарбасынын территориясына караган

    калктуу конуштардын жер аянтын айыл Өкмөтүнүн

    балансасына өткөрүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндөгү  келип тушкөн элдинкайрылуусуна негиз Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1.  Ак-Жол айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардын жашоочуларынан     келип түшкөн кайрылуулар негиздуу болгондуктан Райкомол, Кечүү, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарындагы жер аянттары жакынкы жайыттары менен айыл Өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.
    2.  Жогорудагы аталган айылдардын жер аянттарына тиешелүү документтерди даярдап кабыл алынган чечимди турмушка ашыруу Аксы токой чарбасынын директоруна жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
    3. Айылдык Кеңештин Аксы токой чарбасынын территориясына караган калктуу конуштардын жер аянттарын айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү токтомун турмушка ашыруу жаатында жасаган иш аракеттерин колдоп берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /2

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин

    жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 2-пункту болгон О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жамааты пайдаланган автоунаанын келечеги жөнүндө жарандардан келип түшкөн арыздарды жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн, О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин жана АКТЕД мамлекеттик эмес эл аралык уюму менен түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык “Нива” автомашинасы Ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын  ассоцациясынын пайдалануусуна калтырылсын.
    2. Автомашинанын сапаттуу  ремонттолушуна жана пайдалануусуна такай көзөмөл жургузуу О Ташкулов мектебинин директору Ажиев Бекмамбетке милдеттендирилип жоопкерчилиги суралсын.
    3. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Н.Жуманалиевке милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /3

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 3-пункту болгон РЭС кызматкерлеринин мыйзамсыз айып салууларын кароо жөнүндө калктуу конуштардан келип түшкөн билдирүүлөр,даттануулар жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин аймагындагы калктуу конуштарда Аксы Электро- тармактар ишканасынын эсепчи-контролер кызматкерлери тараптан бир топ мыйзам бузуу фактылары тез-тез катталып жаткандыгы белгиленсин.
    2. Мындай баса калмай жосунсуз жоруктарды тескеп, мындан ары болтурбоо үстүндө  иш алып баруу жагы АксыЭлектро-тармактар  ишканасынын жетекчилигине  милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кенешинин  торагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /4

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    Айыл  Өкмөтүнүн  аймагында  бадачылардын бада

      багуудагы   эмгек  акыларын   бекитүү жана  жазгы

    жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон

    көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 1-пункту болгон Айыл  Өкмөтүнүн  аймагында  бадачылардын бада  багуудагы   эмгек  акыларын   бекитүү,  жазгы жана жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,жайлоодон көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча  Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн  жер адиси М.Смановдун билдирүүсүн жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 15-февраль 2016-жылдагы № 5 буйругун талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн тургундары  үчүн  бада  акылары  бардык  айылдарда  бирдей   баада  белгиленсин.

    Жандыктарга   —  60 (алтымыш) сом. 1.кг. тузу менен жандык башына.

    Уйларга           —   200 (эки  жүз) сом. тузу менен.

    2. Белгиленген   бада  акыларын  бузуп ,  кымбаттатып   жиберген   бадачылырга   Кыргыз  Республикасынын   «салык   мыйзамдарына»  ылайык   чара  көрүү  жагы   эскертилсин.

    3. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөп   ишке  ашыруу  жагы   айыл  Өкмөттүн  мал  жана  айыл  чарба  кызматкерлерине,  айыл  башчыларга  милдеттендирилсин.

    4. Ак-Жол  айыл  Өкмөтүнүн  тургундары  үчүн  жаздоого  көчүп  чыгуу   жайлоодон  көчүп   келүү  мөөнөттөрү  бардык  айылдарда  бирдей   мөөнөткө  коюлсун.

    Жаздоого —  15 – апрелден   30 –апрелге чейин.

    Жайлоого —  20-  майдан      1-  июнга  чейин.

    Жайлоодон  көчүп  келүү- 5- сентябрдан  кийин  деп  белгиленсин.

    5. Белгиленген   мөөнөттү  бузуп  эгин  жайга  малдарын  түшүргөн  атуулдарга  айып акы салуу үчүн  айыл Өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен,айыл башчылардан атайын комиссия түзүлсүн, айып акылардын суммасын белгилөөнү колго алышсын.

    6. Бул  токтомдун  аткарылышын    көзөмөлдөп   ишке  ашыруу  жагы   айыл  Өкмөттүн мал  жана  айыл  чарба  кызматкерлерине,  айыл  башчыларга  милдеттендирилсин.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.


    shapka

    ТОКТОМ № 8 /5

    16-февраль 2016.ж.                                                                            Ак-Жол  айылы.

    АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк, Шынаа

    айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү

    жергиликтүү жамааттын токтомун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясынын күн тартибиндеги  сегизинчи маселесинин 5-пункту болгон АкЖол айыл Өкмөтүнүн Бел-Өрүк ,Шынаа айылдарына айыл статусун берүү жөнүндөгү жергиликтүү жамааттын токтомун жана айыл аймактык Кеңешине ,айыл Өкмөтүнүн башчысынын атына жазылган элдин кайрылуусун угуп,талкуулап  Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VI -чакырылышынын  кезектеги  ХVIII — сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Шынаа айылынын тургундарынын  28.01.2016-жылдагы жана Бел-Өрүк айылынын тургундарынын 03.02.2016-жылдагы өткөн элдик жыйындарда кабыл алган токтомдору боюнча Ак-Жол айылдык Кеңешинин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына кайрылуулары негиздүү деп табылып айыл статусу  берүү жөнүндөгү токтомдору бекитилсин .
    2. Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин 16.02.2016-жылдагы №8/5 кабыл алынган токтомуна негиз айыл статусун берүү жөнүндөгү тиешелүү иш кагаздарды колдоп берүү  жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

     

    Ак – Жол айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Абасов.

     

   

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]