[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/3 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У № 5/3

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы
    көчөгө Осмонбек болуштун ысмы ыйгаруу жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 5/3пункту боюнча Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы көчөгө Осмонбек болуштун ысмын ыйгаруу боюнча Коңурбаев Абдыбалинин. маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги XV сесиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т.

    1. Тегене айылындагы Алча микро учаскасындагы көчөгө белгилүү тарыхый инсан Жангарач уулу Осмонбек болуштун ысмы ыйгарылсын.

    2.Тиешелүү табличкалар жана көчөнүн аты жазылган багыттоочу көрөнөктөрдү даярдап берүү жагы Коңурбаев Абдыбалыга жүктөлсүн.

    .

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5/2 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    Т О К Т О М У № 5/2

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    Айылдык Кеңештин 27-январь 2023-жылдагы
    № 6/1 токтомун кароо жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселесинин 2-пункту боюнча Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г Бостонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын Бербулак учаскасындагы жалгыз көчөгө Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштардын көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча атаандаштыкты тандоо негизинде кабыл алынган критерийлерге негиз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Асаналиев Анаркулдун ысмы ыйгарылсын.

    2.Райкомол-Бер-Булак жолун өз убагында оңдоп –түзөтүү иштерин жүргүзүү жана жол каттамын жакшыртып туруу жагы Асаналиев Анаркулдун туугандарына милдеттендирилсин.

    3.Убада кылынган жумуштар аткарылбаса жергиликтүү тургундар тарабынан көчөгө ат коюу маселеси кайра артка чакырылып алына тургандыгы эскертилсин.
    4.Жаңы коюлган көчөнүн атын өзгөртүү боюнча иш алып баруу жагы Аксы райондук “Кадастр” ишканасына милдеттендирилсин.

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы : Ж.Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын Т О К Т О М У № 5|1 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын
    Т О К Т О М У № 5|1

    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы.

    “ ААР Каолин” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун  директору
    Р Асаналиевдин арызын кароо жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги ,бешинчи маселесинин 1-пункту боюнча Ак-Жол айыл Окмотүнүн айылчарба жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Б Райымбеовдун маалыматын угупжана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. “ ААР Каолин”  Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун  директору Р Асаналиевдин арызы канааттандырылып, ,“Каолин” кенин казуу үчүн экологиялык экспертизадан откөрүүгө макулдук берилсин.

    2. ААР Каолин” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун тиешелүү иш кагаздарына ээ болгон соң соц пакеттер топтому Ак-Жол айыл Окмотүнүн 2023- жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планына иш чарасы кошо киргизилип, аткарылган жумуштар боюнча жергиликтүү тургундарга өз убагында маалымат берилип турууу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин..

    Ак-Жол айылдык аймактык
    Кеңешинин төрагасы : Ж.Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын № 4 ТОКТОМУ отключены

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    № 4 ТОКТОМУ
    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы

    Айыл өкмөтүнун аймагындагы китепкана
    кызматкерлеринин жүргүзуп жаткан иштеринин ,
    Китеп сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон
    байланышынын учурдагы абалы жөнүндө.

    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г Бостонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVсессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы китепканалардан Тегене айылындагы Аксы райондук борборлоштурулган китепкананын №17 –филиалынын башчысы Барсанаева Гүлчакандын аткарган иштери жана китеп сүйүүчүлөр менен болгон байланышы учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.Ал эми Ак-Жол айылындагы №8- филиалынын башчысы У Калманбетованын жана Райкомол айылындагы №20- филиалынын башчысы А Төрөкелдиеванын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
    2. Бардык китепканалардын китеп фондун сактоо боюнча коопсуздук маселеси тез аранын ичинде чечилүүсү тийиш.
    3. Китеп сүйүүчүлор үчүн түзүлгөн шарттардын жоктугу эске алынсын.
    4. Жалпы билим берүүчу,негизги ,башталгыч китепканалардын арасынан М Сыдыков орто мектебинин китепканасы жана Тыныбеков мектебинин китепканасынын талапка жооп берелиги белгиленсин.
    5. Ал эми негизги жана башталгыч мектептерде шарт түзүлбөгөндүгү тешелүү мектеп жетекчилигине эскертилсин.

    Төрага: Ж.Алыбаев

  • Жаңылыктар Комментарии к записи Ак-Жол айыл айактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын ТОКТОМУ №3 отключены

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    ТОКТОМУ №3
    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы

    Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш
    ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча  Аксы токой
    чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо.

    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнчатуруктуу комиссиянын төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин

    2.Аксы токой чарбасы менен айыл өкмөтүнун ортосундагы жер талаш маселеси 2О09-жылдын 15-октябрь айындагы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын XVII сессиясынын №2-токтомуна негиз жумуш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

    3.Айыл аймактын калктуу конуштарындагы жергиликтүү тургундар менен Аксы токой чарбасынын директорунун орун басары Осмонов Майрамбек Тажибаевичтин иш алып баруусу өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.

    Төрага: Ж.Алыбаев

« Previous Entries   Next Entries »

[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]