[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
    XV сессиясынын

    № 4 ТОКТОМУ
    2023-жылдын 17-апрели Ак-Жол айылы

    Айыл өкмөтүнун аймагындагы китепкана
    кызматкерлеринин жүргүзуп жаткан иштеринин ,
    Китеп сүйүүчүлөрдүн китепкана менен болгон
    байланышынын учурдагы абалы жөнүндө.

    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г Бостонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVсессиясы

    Т О К Т О М К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы китепканалардан Тегене айылындагы Аксы райондук борборлоштурулган китепкананын №17 –филиалынын башчысы Барсанаева Гүлчакандын аткарган иштери жана китеп сүйүүчүлөр менен болгон байланышы учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.Ал эми Ак-Жол айылындагы №8- филиалынын башчысы У Калманбетованын жана Райкомол айылындагы №20- филиалынын башчысы А Төрөкелдиеванын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
    2. Бардык китепканалардын китеп фондун сактоо боюнча коопсуздук маселеси тез аранын ичинде чечилүүсү тийиш.
    3. Китеп сүйүүчүлор үчүн түзүлгөн шарттардын жоктугу эске алынсын.
    4. Жалпы билим берүүчу,негизги ,башталгыч китепканалардын арасынан М Сыдыков орто мектебинин китепканасы жана Тыныбеков мектебинин китепканасынын талапка жооп берелиги белгиленсин.
    5. Ал эми негизги жана башталгыч мектептерде шарт түзүлбөгөндүгү тешелүү мектеп жетекчилигине эскертилсин.

    Төрага: Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 10:23

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]