Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги
X сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
2026-жылдын 30апрели Жаңы-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан китепкана кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин жана китеп сүйүүчүлөрдүн китепканалар менен болгон байланыштарын кароо жөнүндө Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнчатуруктуу комитеттин төрайымы Г Бостонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда орун алган китепкана башчыларынын жумуш алып баруусу жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин .
2.Жаңы-Жол Ф-7 китепканасынын башчысы Таштанова Тынаранын жүргүзуп жаткан иши мезгил талабына жооп берелигин эске алуу менен бирге мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
3.Райкомол айылындагы Ф-20 айылдык китепканасы О Ташкулов мектебинин китепканасы менен 1бөлмөдө жайгашкандыктан айылдык китепкананы бөлүү жана Ак-Жол айылындагы китепкананы башка жайга көчүрүү жагы колго алынсын.
4. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин
Төрага : Т. Султамуратов
