Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII -сессиясынын
Т О К Т О М У № 1
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги, биринчи маселеси боюнча айылдык аймактык Кеңештин жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2022-жылга карата кабыл алган иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Жол айылдык Кеңешинин кабыл алынган иш планы белгиленген графиктин негизинде үзгүлтүксүз өткөрүү жагын көзөмөлдөө Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловко милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги | |||||
VII -сессиясынын № 1-токтому менен бекитилди. | |||||
Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын 2022-жылга карата И Ш П Л А Н Ы. |
|||||
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну. | Өтүү мөөнөтү | Ким жооптуу | Докладчы | |
1 | 1. | Ак-Жол айыл аймактык Кеӊешинин 2022-жылга карата кабыл алган иш планын бекитүү. | январь | туруктуу комиссия | К.Сатыбеков |
2 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2022-жылдын бюджетин бекитүү | январь | жооптуу катчы | Туратбек у Б, Сейитбеков Т | |
3 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга карата — түзүлгѳн социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү. | январь | ѳкмѳт башчы | Т Султамуратов | |
4 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү. | январь | туруктуу комиссия | АКоңурбаев. Т.Нурманбетов | |
5 | Ар түрдүү маселелер: 5/1. Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө. | январь | жооптуу катчы | Г.Бектеналиев | |
2 | 5/2 Ак-Жол айыл аймагындагы М Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамаатынын 20.01.2021-жылдагы №3 -токтомун кароо жөнүндө | январь | турак-жай адиси | Нурдинова Т | |
3 | 5/3 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары ,Ош ,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-08/169 Жазма Буйругун кароо жөнүндө . | январь | Фэб башчысы | Туратбек уулу Бакберген | |
4 | 5/4 Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө. | январь | жер адис | Ы.Молорбаев | |
2 | 1 | Ак-Жол айыл өкмөтүнөн жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча чыккан буйрукту кароо ,бекитүү | Февраль | жайыт комитети | Р Молорбаев А Коңурбаев Т Суеркулов |
2 | Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол аймактык милиция бөлумчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | Февраль | туруктуу комиссия | уч инспектор | |
3 | Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар боюнча жаштардын жумуштан тышкаркы убактарда эс алуу үчүн спорттук иш чаралар ,маданий эс алууга түзүлгөн шарттар жөнүндө | Февраль | Туруктуу комиссия | Жаштар уюму Маданият кызматкерлери | |
4 | Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо. | февраль | туруктуу комиссия | Аксы токой чарбасы | |
5 | Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана уюштуруудагы кемчиликтери жана жетишкен жактары жөнүндө | февраль | туруктуу комиссия | Бала -бакчалардын башчылары | |
6 | Ар түрдүү маселелер: | ||||
3 | 1 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун аймагындагы жаңыдан курулуп ишке берилген обьектилердин талапка жооп берерлиги тууралуу депуттаттык комиссиянын көзөмөлдөөсү жөнүндө | май | туруктуу комиссия | жумушчу топтун жетекчиси |
2 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында жүргүзүлүп иштер жөнүндө . | май | Айыл өкмөтү | айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия | |
3 | Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштардагы элди тейлеп жаткан медициналык мекемелердин СОVID оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана эмдөөнүн жүрүшү жөнүндө | май | туруктуу комиссия | Медициналык мекемелердин жетекчилери | |
4 | Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ. | Май | туруктуу комиссия | Т Султамуратов | |
5 | М.Сыдыков , О.Ташкулов,Т Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү,А Мырзабеков негизги билим берүүчү, мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын акыркы конгуроо салтанатына даярдыгы жана мектеп жетечилеринин бутүрүү кечелер боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө. | май | туруктуу комиссия | БостоноваГ, мектеп жетекчилери | |
6 | Ар түрдүү маселелер | ||||
4 | 1 | Айыл өкмөтүнун аймагындагы аялуу катмарлар боюнча соц адистин жана соц кызматкердин жүргүзгөн иштери жөнүндө | сентябрь | туруктуу комиссия | Нурдинова Т Эшалиев А |
2 | Байланыш кызматкерлеринин калкты тейлөөдөгү абалы жана жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | сентябрь | туруктуу комиссия | Кулжабаев Ж Жаныбек уулу Б | |
3 | Жаңы окуу жылына карата айыл өкмөтүнүн аймагындгы мектептердин даярдыгы , ремонттордун жүрүшү жана кемчиликтери боюнча мектеп жетекчилеринин билдирүүсу жонундө | сентябрь | туруктуу комиссия | Мектеп жетекчилери | |
4 | Ак-Жол ,Тегене ,Кечүү ,Жолборсту айылдарынын айыл башчыларынын айыл тургундары менен жүргүзуп жаткан ишижөнүндө | сентябрь | туруктуу комиссия | Айыл башчылар, | |
5 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында кен казып жаткан ишканалардын экологияны сактоо жаатында жүргүзгөн иштери жөнүндө | сентябрь | туруктуу комиссия | Т Султамуратов | |
6 | Ар түрдүү маселелер: | ||||
5 | 1 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы. | декабрь | туруктуу комиссия | Жетекчилер |
2 | Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | декабрь | туруктуу комиссия | Толкунбек Омораалы уулу | |
3 | Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т Султамуратовдун жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө жылдык отчету | декабрь | Айыл өкмөтү | Т Султамуратов | |
4 | Айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жыл ичинде жүргүзгөн иши жана малдан чогулуучу акча каражатынын абалы жөнүндө | декабрь | труктуу комиссия | А Коңурбаев | |
5 | Райкомол, Кара-Тыт, Разан-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын эл менен жүргүзгөн иштери жөнундө | декабрь | труктуу комиссия | Айыл башчылар | |
6 | Ар-түрдүү маселелер: | ||||
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы: К.Сатыбеков. |
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясынын
ТОКТОМУ №2/1
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы
2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендинжана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынынбилдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылгакарата бюджетинин көлөмү, өздүкбекитилген кирешелер1080,2(Он миллион сексен миң эки жүз) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9(үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 10639,0(он миллион алты жүз отуз тогуз миң) сом, атайын каражаты 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп, жалпысы: 20719,2(жыйырма миллион жети жүз он тогуз миң эки жүз) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 20719,2(жыйырма миллион жети жүз он тогуз миң эки жүз)сом менен бекитилсин.
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдаргакиреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун жана трансферттердин көлөмү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы салык кызматкери Т.Омораалиевге милдеттендирилсин.
- Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеткеберилүүчүтеңдөөчү гранттын 2022-жылгажана 2023-2024-жылдаргаболжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна жана 11-беренесине негиз биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге, калган сумма башка керектелүүчү беренелерге жумшалаары жана коммуналдык чыгымдар(эл.энергиядан сырткары) толук каржылоого айыл өкмөтү жоопту экени белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунанегиз 340,2(үч жүзкырк миңэки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 207,2(эки жүз жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
- Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, соц.фонд төлөмү, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн түзгөн келишимине ылайык максаттуу трансферттин эсебинентөлөнүп берилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолордуАк-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынынчечимине жана айыл өкмөтүнүн буйругуна негизжүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
- Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуукомитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2022-жылдын 31-январындагы кезектеги VII-сессиясынын №2/1 токтомуна №2-тиркеме | ||||
№ | Берене | Бөлүмдөр | ||
Жалпы сумма | 20719,2 | |||
1 | Эмгек акы | 4492,6 | 21111100 | |
2 | Соц.фонд | 679,3 | 21211100 | |
3 | Сапар чыгымы | 250,0 | 22111100 | |
4 | Байлыныш кызматына | 38,0 | 22122100 | 701 |
5 | Бензин АИ-92 | 173,3 | 22141100 | 701 |
6 | ДТ | 140,0 | 22141100 | 701 |
7 | Кызматтык автоунаа тетиктерге | 40,0 | 22141200 | 701 |
8 | Учурдагы чарбалык м-ы сатып алуу | 60,0 | 22221200 | 701 |
9 | Көмүр | 910,0 | 22241100 | 701,709 |
10 | Материалдык жардамдар | 250,0 | 2721 | 701 |
11 | Резервдик фонд | 207,2 | 28241100 | 701 |
12 | Атайын каражат | 120,0 | 22154900 | 701 |
13 | Жайыт төлөмү(кайтарым акча каражаты) | 244,6 | 22154900 | 704 |
14 | Орг техникаларды сатып алуу | 100,0 | 3112 | 701 |
15 | Орг.техникалардын ремонтуна | 30,0 | 2221 | 701 |
16 | МЧСке | 350,0 | 2215 | 701 |
17 | Бала бакчаларды тамак аш менен камсыздоо | 589,7 | 2218 | 709 |
18 | Ийгилик балдар бакчасына керектүү жабдууларды алуу | 125,0 | 3112 | 709 |
19 | Жаны ачылган бала бакчага керектүү буюмдарды алуу | 464,2 | 2222 | 709 |
20 | Шынаа балдар бакчасына ашкана | 500,0 | 3111 | 709 |
21 | Балдар бакчаларга эл.генератор алуу | 160,0 | 3112 | 709 |
22 | Ак-Жол айыл аймагынын намысын коргогон спортчуларга колдоо көрсөтүү | 50,0 | 2721 | 701 |
23 | Олимпиадга барган окуучуларга жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү | 30,0 | 2721 | 709 |
24 | Тех.надзор | 100,0 | 2215 | 701 |
25 | Даталуу күндөрдөгү майрамдык жана спорттук иш чараларга | 300,0 | 2215 | 701 |
26 | Проект-сметалык иш кагаздарына | 765,0 | 2215 | 701 |
27 | Мектептерге спорт инвентар алуу | 80,0 | 2222 | 709 |
28 | Мекеме-ишканаларды эл.лабораториядан өткөрүү | 50,0 | 2215 | 709 |
29 | Аң-Жылгага кайрылган жерди оңдоо | 40,0 | 2222 | 706 |
30 | Шынаа мектебинин складына аристон алуу | 50,0 | 3112 | 709 |
31 | Райкомол Кур-Сай уч.ичүүчү суу чыгаруу | 400,0 | 2222 | 706 |
32 | Райкомол мектебине ашкана куруу | 1200,0 | 3111 | 709 |
33 | Райкомол мектебинин алдына брусчатка басуу | 200,0 | 3111 | 709 |
34 | Кечүү мектебинин чатырын, айнек эшиктерин алмаштыруу | 850,0 | 3111 | 709 |
35 | Кечүү айылына таза суу чыгарууга | 150,0 | 2222 | 706 |
36 | Кечүү а. Мырзабеков мектебинин заборуна | 100,0 | 3111 | 709 |
37 | Кечүү айылындагы ФАПтын короосун королоо | 100,0 | 3111 | 706 |
38 | Тегене айылындагы спорт залга раздевалка куруу | 1200,0 | 3111 | 706 |
39 | Разан-Таш-Көмүр маршруту б-а окуучуларды ташууга | 180,0 | 2215 | 709 |
40 | Кызыл-Бейит а. маторлуу кайык алуу | 200,0 | 3112 | 706 |
41 | Разан-Сай айылындагы спорт залга | 1500,0 | 2222 | 706 |
42 | Ички жолдорду шагалдоого | 500,0 | 3111 | 706 |
43 | Жаны конуштарга эл.мамычаларын сатып алуу(Чегир, Шынаа уч.Трансформатор),(Каткан Аңыз, Алча, Шынаа, Лесхоз, Улуу Жайык уч) | 1802,1 | 3111 | 706 |
44 | Мектептерди ысык тамак менен камсыздоо | 100,0 | 2218 | 709 |
45 | Эл каттоо 2022 | 100,0 | 2211,2215 | 701 |
46 | Мектептерге интерактивдүү доска алуу | 200,0 | 3112 | 709 |
47 | М.Сыдыковдун 100 жылдыгына | 100,0 | 2215 | 706 |
48 | Айылдарга керектүү материалдарды алып берүүгө | 100,0 | 2222 | 706 |
49 | Грейдер иштетүүгө(ички жолдорду кардан тазалоого жана жайкысын жолдорду тегиздөөгө) | 298,2 | 2215 | 706 |
50 | Китеп сатып алууга | 50,0 | 3112 | 708 |
Бардыгы: | 20719,2 | |||
0,0 | ||||
Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: | Т.Сейитбеков |
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясынын
№2/2 ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты №1-тиркемеге ылайык киреше бөлүгү 120,0(бир жүз жыйырма миң) сом жана чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомго бекитилип,сметасы түзүлсүн.
- 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты2 732,8 (эки миллион жети жүз отуз эки миң сегиз жүз отуз эки) сом 36 тыйынга кошумча смета түзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясынын
№2/3 ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы
2022-жылдан 1-январына карата калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүнкаржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыСейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- 2022-жылдын 1-январына карата калган 12002,0 (он эки миллион бир миң тогуз жүз элүү сегиз) сом 76 тыйын калдык акча каражаты №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Туратбек уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыТ.Сейитбековгожүктөлсүн.
- Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2022-жылдын 31-январындагы кезектеги VII-сессиясынын №2/3 токтомуна №3-тиркеме | ||||
№ | Берене | Бөлүмдөрү | ||
Жалпы сумма | 12002,0 | |||
1 | Кара-Тыт мектебинин ашканасын куруу | 700,0 | 3111 | 709 |
2 | Разан-Сай ФАПты ремонттоо | 150,0 | 3111 | 706 |
3 | Кечүү а. Мырзабеков мектебинин заборуна(к.к.) | 50,0 | 3111 | 709 |
4 | Райкомол мектебинин короосун королоо | 270,0 | 3111 | 709 |
5 | Жолборсту айылына спорт зал куруу | 2450,0 | 3111 | 706 |
6 | Шынаа тротуар(к.к) | 70,0 | 3111 | 706 |
7 | Ак-Жол а. Кичи футбол аянтчага газон салуу | 1500,0 | 3111 | 706 |
8 | Райкомол айылындагы кичи футбол аянтчага газон салуу | 1500,0 | 3111 | 706 |
9 | Жайыттарды жакшыртууга | 50,0 | 2215 | 706 |
10 | Грейдер сатып алуу(өздүк салым) Хельветас | 1000,0 | 3112 | 706 |
11 | Муниципалдык өз ара кызматташуудан түшкөн акча каражатынан грейдерге(өздүк салым)Хельветас | 1000,0 | 3112 | 706 |
12 | Муниципалдык өз ара кызматташуудагы кайтарым акча каражаты(Хельветас) | 1000,0 | 3314 | 701 |
13 | М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын оңдоо(өздүк салым)стим грант | 581,0 | 3111 | 709 |
14 | Т.Тыныбеков мектебин оңдоо(өздүк салым)стим грант | 594,0 | 3111 | 709 |
15 | Таштанды престөө(өздүк салым) | 226,8 | 3112 | 706 |
16 | Тех.надзор(к.к.) | 120,0 | 2215 | 701 |
17 | Ар түрдүү чыгымдар | 400,0 | 2215 | 706 |
кассалык накталай акчанын көлөмү | 340,2 | |||
Бардыгы : | 12002,0 | |||
кассалык накталай акчанын көлөмү | 340,2 | |||
701 | 1120,0 | |||
706 | 8346,8 | |||
709 | 2195,0 | |||
Жалпы | 12002,0 | |||
0,0 | ||||
Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: | Т.Сейитбеков |
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII -сессиясынын
Т О К Т О М У № 3
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Окмотунун 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык–экономикалык өнүгүү планын бекитүү.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги VII- сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Т.Султамуратовдун Ак-Жол айыл Окмотунун 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып, талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Жол айыл Окмотунун 2022- жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планы иш чарасы менен кошо бекитилсин(тиркеме тиркелет).
- Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрагасы : Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн
2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы.
№ |
Коюлган маселенин мазмуну |
Иш-чаралардын аталышы | Каражат булагы жана көлөмү сом менен | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга жооптуулар |
|||||
1 |
2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
7 |
|||||
1. Айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк потенциалын көтөрүү. |
|||||||||||
1 | Жумуш орундарын түзүү. | Уюшулган пластик жасоочу, пескоблок чыгаруучу, швея цехтерин кеңейтип жумуш орундарын көбөйтүү. | Ишкана ээлери
500,0 |
Кошумча жумуш орундар түзүлүп, айыл эли жумуш менен камсыз болот. | 2022 | Ишкана жетекчилери,
айыл өкмөтү. |
|||||
2 | “ИВМ” компаниясы менен иш алып баруу | “ИВМ” компаниясы менен иш алып баруу | Жергиликтүү калктан 40 адам жумуш менен камсыз болот | 2022 | “ИВМ” компаниясы,
Айыл өкмөтү. |
||||||
3 | Ак-Жол айылына тигүүчү цех куруу | Ак-Жол айылына тигүүчү цех куруу | Айыл тургундары жумуш менен камсыз болот | 2022 | Айыл өкмөтү. | ||||||
2. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү. |
|||||||||||
4 | Айылдарга каптаж куруу | Айылдарга каптаж куруу | Жазгы жана күзгү жайыттагы малдардын суу ичүүсүнө шарт түзүлөт | 2022 | Жайыт комитети. | ||||||
5 | Мөмө жемиштерди кайра иштетүү | Мөмө жемиштерди кайра иштетүү | Айыл эли короосундагы мөмө жемиштерди максатуу пайдаланат.
8-10 адамга жумуш орун түзүлөт. Айыл эли таза жана натуралдык суусундуктар менен камсыздалат. |
2022-2024 | Айыл өкмөтү,
Демөөрчүлөр, жергиликтүү жамаат, жаштар уюму |
||||||
6 | Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканаларды уюштуруу | Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканаларды уюштуруу | Чет элдик инвестор
100 млн |
Жыл бою үзгүлтүксүз иштөөчү күнөсканалар ачылат.
Калкүзгүлтүксүз мөмө-жемиш менен камсыз болот. жумуш орундары түзүлөт. Кирешеболот. |
2022 | Айыл өкмөтү,
Жеке ишкерлер, Эл аралык уюмдар, Аксы райондук өнүктүрүү фонду |
|||||
7 | Айыл аймагындагы асыл тукумдуу бодо малды өстүрүү | Айыл аймагындагы асыл тукумдуу бодо малды өстүрүү | 40-50 бодо мал стационардык жерде багылат.
7-8 киши жумуш менен камсыздалат. Малдын сапаты жакшырат. Өтүмдүүлүгү жогору болуп, элдин кирешеси көбөйөт. |
2022 | Айыл өкмөтү,
жергиликтүү жамаат, демөөрчүлөр |
||||||
8 | Иштетилбей калган жерлерди кайра иштетүү | Иштетилбей калган жерлерди кайра иштетүү | Иштетилбей жаткан жерлерге сафлор, беде, эспарцет, арпа, жүгөрү ж.б. эгилет.
Калктын тоют, дан эгиндери боюнча көйгөйлөрү чечилип, социалдык-экономикалык абалы жакшырат. |
2022-2025 | Айыл өкмөтү,
жергиликтүү жамаат |
||||||
3. Курулуш тармагы |
|||||||||||
3.1. Мектептерди куруу жана ремонттоо |
|||||||||||
9 | Кара-Тыт айылындагы башталгыч мектепке ашкана куруу. | Кара-Тыт айылындагы башталгыч мектепке ашкана куруу.. | Жергиликтүү бюджет
400,0 |
Окуучулардын талапка ылайык жерде тамактануусуна шарт түзүлөт. | 2022 | Айыл өкмөт,
мектеп жетекчиси. |
|||||
10 | Абдылда Жолдошов атындагы мектептин складын бүткөрүү | Абдылда Жолдошов атындагы мектептин складын бүткөрүү | 500,0 | Мектептин базасы чоңоёт | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
3.2. Бала бакчаларын куруу жана ремонттоо |
|||||||||||
11 | Ак-Жол айылындагы жаңы курулган бала бакчаны ишке берүү | Ак-Жол айылындагы жаңы курулган бала бакчаны ишке берүү | АРИС уюму,
жергиликтүү бюджет 14000,0 |
Жаш жеткинчектерге татыктуу билим, тарбия берүү жакшырат.
28 жаран жумуш менен камсыз болот. |
2022 | Айыл өкмөт,
АРИС, Аксы райондук БББөлүмү |
|||||
3.3. Спорт объектилерин куруу жана ремонттоо |
|||||||||||
12 | Ак-Жол айылындагы курулуп жаткан жабык кичи футбол аянтачасынын курулушун бүткөрүү | Ак-Жол айылындагы курулуп жаткан жабык кичи футбол аянтачасынын курулушун бүткөрүү | Жергиликтүү бюджет | Жаштардын ден-соолугуна кам көрүлөт жана жаштар спортко тартылат. | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
13 | Тегене айылындагы спортзалдын раздевалкасын бүтүрүү | Тегене айылындагы спортзалдын раздевалкасын бүтүрүү | Жергиликтүү бюджет | Мектеп окуучуларынын кийинип-чечинүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
14 | Кечүү айылындагы спортзалды полдоо | Кечүү айылындагы спортзалды полдоо | Стимгрант
1500,0 |
Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат. | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
3.4. Курулуш, ремонттоо жумуштары |
|||||||||||
15 | Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолуна асфальт төшөтүү | Ак-Жол – Райкомол автоунаа жолуна асфальт төшөтүү | Республикалык бюджет,
Айыл өкмөтү, ДЭУ-38 |
Каттам жакшырат,
Калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. |
2022 | Республикалык бюджет,
Айыл өкмөтү, ДЭУ-38 |
|||||
16 | Ак-Жол айылына
1км тротуар куруу. |
Ак-Жол айылына
1км тротуар куруу. |
Жергиликтүү бюджет
1000,0 |
Айыл тургундарынын жолдо басууда коопсуздугу сакталат. | 2022 | Айыл өкмөтү. | |||||
17 | Ичкижолдордунабалын жакшыртуу | Айылдын ички жолдорун шагалдоо, тегиздөө. | Жергиликтүү бюджет
500,0 |
Айыл тургундары үчүн каттам жакшырат.
Ички жолдор шагылданып, тегизделет. Калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. |
2022 | Айыл өкмөтү,
ДЭУ-38, Жергиликтүү жамаат. |
|||||
18 | Кызыл-Бейит айылына моторлуу кайык алуу | Кызыл-Бейит айылына моторлуу кайык алуу | 200,0 | Кызыл-Бейит, Кур-Кокту айылдарынын тургундары үчүн каттам коопсуз болуп, жакшырат. | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
19 | Разан-Сай – Сары-Таш жолун оңдоо | Разан-Сай – Сары-Таш жолун оңдоо | Жергиликтүү бюджет | Айылдын жолу жакшырат,
каттам жеңилдейт. |
2022 | Айыл өкмөтү | |||||
20 | Күрп-Сай айылынын тургундары үчүн аялдама куруу | Күрп-Сай айылынын тургундары үчүн аялдама куруу | Жергиликтүү бюджет | Айыл эли үчүн жакшы шарт түзүлөт | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
4. Энергетика жана жарыктандыруу жумуштары |
|||||||||||
21 | Айыл өкмөтүндөгү жаңы конуштарга трансформатор коюу. | Айыл өкмөтүндөгү жаңы конуштарга трансформатор коюу | Жергиликтүү бюджет
800,0 |
Энергия системасы жакшырат.
Айыл тургундары электр жарыгы менен камсыз болот. Социалдык-экономикалык абалы жакшырат. |
2022 | Айыл өкмөтү,
Аксы РЭСи. |
|||||
22 | Айылдардагы эски
0,4 электро линияларын алмаштыруу. |
Айылдардагы эски
0,4 электро линияларын алмаштыруу. |
Жергиликтүү бюджет
1000,0 |
Энергия үзгүлтүккө учурабай берилет.
Айыл тургундары электр жарыгы менен камсыз болот. Социалдык-экономикалык абалы жакшырат. |
2022 | Айыл өкмөтү,
Аксы РЭСи. |
|||||
23 | Тегене айылындагы 1 км жолду жарыктандыруу. | Тегене айылындагы 1 км жолду жарыктандыруу. | Жергиликтүү бюджет
200,0 |
Кечкисин баскан адамдарга жакшы шарт түзүлөт. | 2022 | Айыл өкмөт. | |||||
24 | Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдарын электроэнергия мененкамсыздоо | Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдарын электроэнергия мененкамсыздоо | Кызыл-Бейит, Кур-Коктуайылдары электроэнергия мененкамсыз болот. | 2022-2025 | Айыл өкмөтү,
“Ориель Голд” компаниясы Демөөрчүлөр |
||||||
5. Калкты таза суумененкамсыздоо |
|||||||||||
25 | Райкомол – Кечүү – Ак-Жол – Шынаа айылдарына
таза суу проектисин ишке ашыруу |
Райкомол – Кечүү – Ак-Жол – Шынаа айылдарына
таза суу проектисин ишке ашыруу |
Чет элдик инвестор
100 млн |
Айыл жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыз болот.
Ар кандай оорулардын алды алынат. |
2022-2026 | Айыл өкмөтү
Демөөрчүлөр |
|||||
26 | Кур-Сай айылына ичүүчү таза суу чыгаруу | Кур-Сай айылына ичүүчү таза суу чыгаруу | Айыл тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот | 2022 | Айыл өкмөтү | ||||||
6. Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүү |
|||||||||||
27 | Ак-Жол айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алуу. | Ак-Жол айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алуу. | Жергиликтүү бюджет, 2000,0,
ХЕЛЬВЕТАС 7000,0 |
Айылдарда ички жолдорду сүрүп тазалап турат.
Каттам жакшырат. 1. “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн автогрейдер сатып алынат. 2. Ички жолдор убагында кардан тазаланып турат. 3. 2 жумуш оруну түзүлөт. |
2022 | Ак-Жол,Жаңы-Жол,Жерге-Тал, Авлетим айыл өкмөттөрү,
ХЕЛЬВЕТАС уюму, “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасы |
|||||
28 | Алыскы жайыттаргажол каттамын жакшыртуу, көпүрөлөрдү салуу. | Алыскы жайыттарга жол каттамын жакшыртуу, көпүрөлөрдү салуу. | Жайлоого баруучу жол каттам жакшырат. | 2022 | Айыл-өкмөт,
АРИС, жайыт комитети. |
||||||
29 | Айыл өкмөттүн базасында ЖКХ уюштуруу. | Айыл өкмөттүн базасында ЖКХ уюштуруу. | Жергиликтүү бюджет
368,0 |
Ички жумуштарды аткаруу колго алынат. | 2022 | Айыл өкмөтү. | |||||
30 | Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | Калкты тейлөөнүн сапаты жакшырат.
Алардын негизги маселелери чечилет |
Айыл өкмөтү | |||||||
7. Туризмди өнүктүрүү |
|||||||||||
31 | |||||||||||
8. Билим берүү тармагын ѳнүктүрүү |
|||||||||||
32 | Ак-Жол айылындагы М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын жаңылоо | Ак-Жол айылындагы М.Сыдыков мектебинин жылуулук системасын жаңылоо | Стимгрант
3 млн |
Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат. | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
33 | Тегене айылындагы Т.Тыныбеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу | Тегене айылындагы Т.Тыныбеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу | Стимгрант
3 млн |
Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
34 | О.Ташкулов мектебинин ашканасын куруу | О.Ташкулов мектебинин ашканасын куруу | Стимгрант
3 млн |
Окуучуларга тамактануучу жай курулат.
Жакшы шарт түзүлөт |
2022 | Айыл өкмөтү | |||||
35 | Кечүү айылындагы А.Мырзабеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу | Кечүү айылындагы А.Мырзабеков мектебинин чатырын жаңылоо, эшик, терезелерин алмаштыруу | 850,0 | Мектеп окуучулары жакшы шартта окушат | 2022 | Айыл өкмөтү | |||||
9. Саламаттыкты сактоо тармагын ѳнүктүрүү |
|||||||||||
36 | Жолборсту айылына ФАП куруу | Жолборсту айылына ФАП куруу | Калктын саламаттыгы жакшырат. | 2022 | Айыл өкмөтү | ||||||
37 | Шынаа айылына ФАП куруу | Шынаа айылына ФАП куруу | Айыл тургундарынын саламаттыгы жакшырат. | 2022 | Айыл өкмөтү | ||||||
10. Социалдык өнүктүрүү |
|||||||||||
38 | Кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү | Кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү | Жаш үй-бүлөлөр турак-жай менен камсыз болот. | 2022 | Айыл өкмөтү | ||||||
39 | Авто май куйуучу жай куруу. | Авто май куйуучу жай куруу. | Ишкер 10 млн | Айыл эли жакын жерден май куйууга шарт түзүлөт. | 2022 | Бешкемпиров Абдыманап,
Айыл өкмөтү |
|||||
40 | Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу. | Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу. | Евросоюз 38 000 евро | Аймактын санитардык абалы, калктын гигиеналык маданияты, саламаттыгы жакшырат. | 2022 | Айыл өкмөтү
“Ак-Жол – Тазалык” МИ Евросоюз |
|||||
41 | Таштанды пресстөөчү, автогрейдерди токтотуучу навестерди куруу | Таштанды пресстөөчү, автогрейдерди токтотуучу навестерди куруу | 226миң | Катуу таштандылар пресстелет.
Автогрейдер жабык навесте токтоп турат |
2022 | Айыл өкмөтү | |||||
11. Балдарга колдоо кѳрсѳтүүнү жакшыртуу |
|||||||||||
42 | Ак-Жол айылындагы жаңы бүткөн бала-бакчаны ишке киргизүү, штаттык бирдиктерин чечүү. | Ак-Жол айылындагы жаңы бүткөн бала-бакчаны ишке киргизүү, штаттык бирдиктерин чечүү. | Наристелердин мектепке чейинки билим тарбия алуусу жолго коюлат. | 2022 | РБББ,
Айыл өкмөтү |
||||||
43 | 1-июнь балдарды коргоо күнүн жогорку деңгеелде өткөрүү. | Майрамдык иш чара өткөрүү. | Жергиликтүү бюджет
100,0 |
Наристелердин көңүлү көтөрүлөт. | 2022 | Айыл өкмөтү,
ата-энелер. |
|||||
12. Маданият жана спорт тармагын ѳнүктүрүү | |||||||||||
44 | |||||||||||
13. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, эколгоиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо |
|||||||||||
45 | Көчкү коркунучу бар үй-бүлөлөр менен иш алып баруу. | Коопсуз жайларга көчүрүү. | Тургундар коопсуз жайларга көчүрүлөт. | 2022-жыл | ӨКМ
Айыл өкмөтү |
||||||
14. Укук коргоо тармагы жана коррупциянын алдын алуу |
|||||||||||
46 | |||||||||||
15. Дин саясаты |
|||||||||||
47 | Ак-Жол айыл аймагында ар түрдүү диний агымдарга бөлүнүүгө каршы жыйындарды өткөрүү. | Ханафий масхабын жана салттуу динибиз боюнча түшүндүрүү. | Элдин ислам дини боюнча түшүнүгү тереңдейт. | 2022 | Имамдар,
Айыл өкмөтү |
||||||
Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын
ТОКТОМУ № 4
31-январь.2022.ж. Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2022- жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчу маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Сейитбеков Табышалы жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасы А.Коңурбаевдинберген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрөгасынын жылдык отчету канаттандырарлык деп табылсын.
- Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын.(1-тиркеме)
- Жайыт комитетинин 2022-жылга карата Жайыт комитетинин бир жылдык иш планы бекитилсин. Бюджетинин киреше бөлүгү( №2-тиркеме),чыгаша бөлүмү(№3-тиркеме) тиркемедегилерге ылайык бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2022-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына мал башынын шарттуу бирдигине негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.
Бодо малга-56, ГЛФга Бодо малга -38
Жылкы-70, Жылкы-48
Жандык-12 Жандык-8
Эшек-56 Эшек-38
Торпок-40со Торпок-30
ГЗЗ учун
- Жайыт Комитетинин эсебинен төмөндөгу жумуштар аткарылсын:
1)Жайлоого кеткен жолдорду оңдоп түздөө.
2)Терс участкасындагы жайытты чегирткеге каршы дарылоо.
3)Жайлодон качып келген мал-жандыктар үчүн Райкомол айылына мал камак (тосмо) жасоо.
- Жайыттардын абалын баалоо планы бекитилсин.
- Жайыт комитетинин төрөагасынын жана эсепчисинин айлык акысы (№4-тиркеме) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
- Жайыттарды чөп чабындыгаижарага берүү Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт комитетине кайрылган жарандардын турмуш шартына карап ,1 га чөп чабынды жер айантынан ашырбастан берүү жагы колго алынсын. 1 га чөп жайыт 600(алты) жүз сомдон
- Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлук малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына,жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-“Жайыттар жөнүндө”мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307-токтомуна негиз, жайыттан түшкөн салыктын 3/1 болугу айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын
Ак-Жол айылдык аймактык
Кеңешинин төрөгасы: Ж.Алыбаев.
Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын
№-4 токтому менен бекитилди. (№1-тиркеме)
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджети
№ | чыгымдардын статьялары | саны | баасы | суммасы |
1. | Эмгек акы төрага | 12 | 10000 | 120 000 |
2. | Эмгек акы эсепчи | 12 | 3800 | 45 600 |
3. | Ишкананы камсыздандыруу үчүн төлөм (соцфонд.налог) 17,28% | 12 | 28556 | 28556 |
4. | Иш сапар чыгымдары | 12 | 2584 | 30 085 |
5. | Иш кагаз чыгымдары | 12 | 1000 | 10 000 |
6. | Жайыт салыгы | 42459 | ||
7. | Айыл Өкмөтүнө 3\1 | 122300 | ||
8. | Жайыт жакшыртуу | 47206 | ||
9 | Жайытка мониторинг жургузуу | 20 000 | ||
10 | Взнос Кыр.Жайыт | 1000 | ||
Жалпы | 467206 |
Эскертүү: кыйыр салыктар эске алынбай жүргүзүлгөн бюджети.
Ак-Жол айылдык Кеңешинин
Бюджет комитетинин төрагасы: Т. Сейитбеков
Ак-Жол ЖПБ төрагасы А.Коңурбаев
Эсепчиси Т.Нурманбетов
Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын
№-4 токтому менен бекитилди. (№2-тиркеме)
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше сметасы
Малдын түрү |
Саны
ГЛФ |
Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. | Күтүлүүчү сумма | Саны
ГЗЗ |
Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. | Күтүлүүчү сумма | баары |
Бодо мал | 2266 | 38 | 86108 | 567 | 56 | 31752 | 117860 |
Торпок | 563 | 30 | 16890 | 141 | 40 | 5640 | 22530 |
Жылкы | 1078 | 48 | 51744 | 270 | 70 | 18900 | 70644 |
Эшек | 242 | 38 | 9196 | 61 | 56 | 3416 | 12612 |
жандык | 11414 | 8 | 91312 | 2854 | 12 | 34248 | 125560 |
Сырттан келген малдан түшүүчү киреше | 10000 | ||||||
Чөп чабынды | 4000 | ||||||
2021-ж. калдык | 21 000 | ||||||
Малдан тушкон киреше | 255250 | 93956 | 385206 | ||||
Жууттан тушот | 20000 | ||||||
Кыркым кайчыдан | 3000 | ||||||
Пресподборщиктен | 60 000 | ||||||
Жалпы киреше | 467206 |
Ак-Жол айылдык Кеңешинин
Бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбеков
Ак-Жол ЖПБ төрагасы: А.Коңурбаев
ЭсепчисиТ.Нурманбетов
Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сессиясынын
№-4 токтому менен бекитилди. (№3-тиркеме)
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга салык алуу боюнча маалыматы
№ | малдын түрү | Саны
ГЛФ |
Которуу коэфиценти | мал түрү
ГЗЗ |
жайыт билет акысы | |
ГЗЗ | ГЛФ | |||||
1) | Бодо мал | 2387 | 1 | 597 | 56 | 38 |
2 | Торпок | 590 | 0,7 | 148 | 40 | 30 |
3 | Жандык | 12435 | 0,2 | 3109 | 12 | 8 |
3 | Жылкы | 1116 | 1 | 280 | 70 | 48 |
4 | эшек | 248 | 1 | 63 | 56 | 38 |
баары: | 6279 | 1572 |
ЖАЛПЫ 7851
Ак-Жол айылдык Кеңешинин
Бюджет комитетинин төрагасы: Т.Сейитбеков
ЖПБ төрагасы : А.Коңурбаев
Эсепчиси : Т.Нурманбетов
Ак-Жол айылдык кеңешинин31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынынVII-сесиясынын
№-4 токтому менен бекитилди. (№4-тиркеме)
Жайыт комитетинин тргасынын жана эсепчисинин эмгек акысы
Бир айга
№ | Аты-жөнү | назначение | под налог | сф 8% | сф2% | сумма к выдачи |
1 | Коңурбаев Абдыбалы | 10000 | 1000 | 748 | 200 | 8052 |
2 | Нурманбетов Тургуналы | 3800 | 380 | 252 | 252 | 2916 |
13800 | 1380 | 1000 | 452 | 10968 |
Бир жылга
№ | Аты-жөнү | назначение | под налог | сф 8% | сф2% | сумма к выдачи |
1 | Коңурбаев Абдыбалы | 120 000 | 12000 | 8976 | 2400 | 97824 |
2 | Нурманбетов Тургуналы | 45600 | 4560 | 3024 | 3024 | 34992 |
165600 | 16560 | 12000 | 5424 | 132816 |
2111 | 137164,8 | |
2121 | 5424 | |
Жалпы: | 17424 |
Жайыт комитетинин торогасы: А.Коңурбаев
Эсепчиси: Т.Нурманбетов
Ак-Жол айылдык кеңешинин 31.01.2022-жылдагы VIII-чакырылышынын VII-сессиясынын №-4 токтому менен бекитилди. 5 тиркеме.
Ак-Жол айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине төмөндө аталган жайыт жерлерди өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысына ылайык жайыттын инфраструктурасына тиешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин.
№ | Жайыттын аталышы | Ченем бирдиги (га) | Жалпы жайыт | Анын ичинен тоо-таш 45 гр жогору | Пайдаланууга жарактуу жайыт | Анын ичинен 2022-жылга пайдаланууга берилет. | 1 га жерге жайыт салыгы | Жалпы жайыт салык суммасы |
1. | Кышкы жайыт | га | 200 | — | 200 | 200 | 13,60 | 2720 |
2. | Ортоңку
жайыт |
га | 6112 | 2597 | 3515 | 1540 | 13,60 | 20944 |
3. | Алыскы жайыт | га | 4087 | 2737 | 1350 | 1350 | 13,60 | 18360 |
Жалпы баары:
|
10399 | 5334 | 5065 | 3090 | 13,60 | 42024 |
Алыскы жайыт: Жаздык-Куздук жайыт:
Четин-Кыпчыкей-Төр 496га Кара-Тыт 323га
Балтыркан 104га Тегене 199га
Чоң-Таш 383га Шынаа 130га
Кум-Бел 367га Ак-Жол 281га
Кышкы жайыт: Жолборсту 98га
Терс 200га Райкамол 85га
Кечүү 178га
Кызыл-Бейит 125га
Разан 96га
Ак-Жол ЖПБ төрагасы : А.Коңурбаев
Ак-Жол ЖПБ эсепчиси : Т.Нурманбетов
Ак-Жол айыл
өкмөтунүн жер адиси : Ы.Молорбаев
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом №5/1
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы.
“Келишимди бекитип берүү жөнүндө”.
Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Жол айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Узаков менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун айыл өкмөтүнүн экономист-статистинин эмгек акысы, ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдары (унаа чыгымдары, байланыш кызматы, иш сапар чыгымдары, коммуналдык чыгымдары (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.) зарылдыкка жараша), канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдары боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Т.Ч.Сейитбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.С.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом №5/2
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы.
Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын депутаттары күн тартибиндеги 5/2 маселеси болгон М.Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамаатынын 2021-жылдын 20-январындагы №3 -токтомун кароо жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси Т.Нурдинованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
- Ак-Жол айыл аймагындагы М.Сыдыков атындагы №17-жалпы билим берүүчү мектептин мугалими Жүндүбаев Туратбек Мамыровичти айылдын “Ардактуу атуулу” ардактуу наамына көрсөткөн педагогикалык жамаатынын 2021-жылдын 20-январындагы №3 –токтому негиздүү деп табылсын.
- Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Т.Сатыбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетинин төрайымы Г.Т.Бостоновага милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.С.Алыбаев.
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектегиVII-сессиясынын
ТОКТОМУ №5/3
2022-жылдын 31-январы Ак-Жол айылы. тел: 6-01-05
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана кетирилген кемчилдиктерге баа берип Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII–чакырылышынын кезектеги VII-сесcиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы канаттандыраарлык деп табылсын.
- Жайыт жерлеринен түшүүчү акча каражаттарынан 2020-жылга карата толбой калган 21,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты өндүрүлүп, жергиликтүү бюджетке чегерүү жагы жаңы төрагага милдеттендирилсин..
- Муниципалдык менчикте турган имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдө, КРнын Өкмөтүнүн 17.06.2015-жылдагы №374-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптары сакталсын жана келишимдерди кайра түзүү жагы каралсын.
- Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана ал кемчилдиктерди кайталабоо жагы тапшырылсын.
- Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетининтөрагасы Сейитбеков Табышалыгажүктөлсүн.
Төрага: Ж.Алыбаев
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом №5/4
Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө.
“Жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жол карта жөнүндөгү” КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасында 2021-жылдын 10-декабрында болуп өткөн Кеңешменин №25-45 протоколун аткаруу максатында Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
- Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай салуу үчүн берилчү жер тилкелеринин өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Кайракы жер аянтынан 0,10га өлчөмүндө;
- Суулуу жер аянтынан 0,08га өлчөмүндө.
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевге жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай, транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча боюнча комитетинин төрагасы Т.Султамуратовго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.С.Алыбаев.