[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  •  

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

     Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо

    Ак-Жол айылдык кешинин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиянын трагасы Т.Султамуратовдун жана Аксы токой чарбасынын директору П.Жабайкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
    2. Кызыл-Бейит,Кур-Кокту айылдарынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылып, Аксы токой чарбасынын директоруна салынып жаткан жолдон зыян тарткан  арча дарактарын кайрадан  отургузуу жагы  милдеттендирилип келтирилген зыяндын ордун  толуктоо багытында иш алып баруу жагы  жүктөлсүн..
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев


     

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө  айыл өкмөттүн башчысы Т.Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясы

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-2024-жж. кабыл алган социалдык-экономикалык өнүгүү багыты боюнча түзүлгөн иш аракеттер планы жактырылсын.
    2. Кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча мезгил-мезгили менен эл алдында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                              Ак-Жол  айылы.

    “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезектеги III-сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги III-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Осмонбек” ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Ыбрайымовдун кирпич заводун куруу жөнүндөгү көтөргөн маселеси мезгил талабына үндөш келерлиги белгиленсин.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына ылайык айыл өкмөттүн аймагына кирпич заводун курууга макулдук берилсин.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

     

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин калк арасында КОВИД -19 оорусунунун алдын алуу багытында жүргүзүп жаткан иштери алгылыктуу деп табылсын.
    2. Калк арасында вакцинациялоо иштерин алып барып, калктын калың катмарына КОВИД-19 илдетинин кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Кубатбек уулу Теңдиктин калктын калың катмары менен иш алып баруусу өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
    2. Альтернативдик кызмат өтөгөн уландар менен белгиленген нормадагы жумушту жасоо жаатында айыл өкмөт башчысы менен биргеликте тыгыз иш баруу жагы милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясынын күн тартибиндеги    6-маселеси Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV -сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Тегене айылынын айыл башчысы А.Коңурбаевдин жалпы айыл эли менен иш алып баруусу жанамамлекеттин саясатын жүргүзүү жаатында жасалган иштери жакшы деп табылсын.
    2. Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзгөн жумуштары канааттандыраарлык деп белгиленсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.1

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү  жобону бекитүү

     

    Бул Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү деилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.

    Жогорудагылардын негизинде Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” жобо бекитилсин.
    2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу 11 адамдан түзүлсүн. (тиркеме тиркелет).
    3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин akjol.el.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Сатыбеков Келдейбайга тапшырылсын.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев


    Тиркеме 1

    Ак-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнүн тизмеси

     

    ФИО Кызмат орду Жашаган дареги Жумушчу топтогу ээлеген кызматы
    1 Сейитбеков Табышалы А/К депутаты Райкомол айылы БМжБ тобунун төрагасы
    2 Султамуратов Таалай А/К депутаты Ак-Жол айылы Мүчө
    3 Бостонова Гүлнара А/К депутаты Райкомол айылы Мүчө
    4 Оңолов Келсинбек А/К депутаты Тегене айылы Мүчө
    5 Мырзагулов Айдаралы Ак-Жол айылынын айыл башчысы Ак-Жол айылы Мүчө
    6 Токтобаев Индусбек Райкомол айылынын айыл башчысы Райкомол айылы Мүчө
    7 Райымбеков Базаралы Жолборсту айылынын айыл башчысы Жолборсту айылы Мүчө
    8 Коңурбаев Абдыбали Тегене айылынын айыл башчысы Тегене айылы Мүчө
    9 Раманов Күлчоро Кызыл-Бейит айылынын айыл башчысы Кызыл-Бейит айылы Мүчө
    10 Жанаев Асылбек Кечүү айылынын айыл башчысы Кечүү айылы Мүчө
    11 Омораалиев Толкунбек Айыл өкмөттүн салык кызматкери Ак-Жол айылы

    Мүчө



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.2

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    №2336 жана №2341 участкалык шайлоо комиссияларга жаңы кирген мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7.2-маселеси №2336 жана №2341 участкалык шайлоо комиссияларга жаңы кирген мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. №2336-2341 — участкалык шайлоо комиссияларына мучөлүккө кошумча киргизилген жергиликтүү тургундардын тизмеси жактырылсын.
    2. №2336-2341 — участкалык шайлоо комиссияларына мүчөлүккө кирген тургундардын тизмеси Аксы райондук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.

     

     

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

     ТОКТОМУ №7.3

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Тегене айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7.3-маселеси Тегене айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө кенештин депутаты К.Оноловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ: 

    1. Тегене айылынын Мазар участкасындагы Т.Тыныбеков жалпы билим берүүчү орто мектебине жанаша курулуучу спортзалга макулдук берилсин..
    2. Курулуучу спортзалдын тиешелүү иш-кагаздарын тактап, долбоордун сметасын чийдирүү Тегене айылынын айыл башчысы А.Коңурбаевге жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин.

     

     Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

     ТОКТОМУ № 7.4

    2021-жылдын 29-сентябры                                                                        Ак-Жол  айылы.

    Тегене айылындагы ФАПтын жанына айылдык Китепкана жана  сквер куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги 7,4-маселеси болгон Тегене айылындагы ФАПтын жанына айылдык  Китекана жана  сквер куруу үчүн жер    аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  жер адисинин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги IV-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Тегене айылына айылдык Китепкана  куруу жана сквер куруу демилгеси  учур  талабы деп табылсын жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин..
    2. Бул көтөрүлгөн  маселе боюнча иш алып баруу жана тиешелүү ишкагаздарын даярдоо жагы  айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы Молорбаевге  жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 15:04

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]