[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз

    III-сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын  23-июлу                                                                                         Ак-Жол айылы

                                                               

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы  Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

     

                                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-тиркемеге негиз жүргүзүлсүн.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

     

                Төрага:                                                                                             Ж.Алыбаев


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2021-жылдын 23-июлундагы кезексиз
    III-сессиясынын №1-токтомуна №1-тиркеме
    Кыскаруу Кошуу
    Аткарылуучу иштер Сумма. Мин сом берене Бөлүм Аткарылуучу иштер Сумма. Мин сом берене Бөлүм
    1 Балдар бакчасынын башка чыгымдары 500000 2215 709 Балдар бакчасы(доп)жаны 182000 3111 709
    2 Балдар бакчасынын жабдууларына 55500 3112
    3 Балдар бакчасынын очок канасы, туалет 139800 3111
    4 Балдар бакчага чарба материалдарды алуу 22700 2222
    5 Жаны балдар бакчасынын жабдууларына 100000 3112
    6 Ак-Жол айылдык маданият үйүнүн курулушу 4600700 3111 708 Таза суу Шынаа уч.шланга 700000 3111 706
    7 Н.Борош уулунун эстелигине(кошумча) 170000 3111 706
    8 Ан-Жылга уч.дагы жыл сайын сел алып, жолдун жээгин жеп жаткан жерди алын алуу жана калыбына келтирүү иштерине 78000 2215 706
    9 Погурузчик иштетүү жолдорду ондоо 27300 2215 706
    10 Трансформатор Кечүү 165000 3111 706
    11 Курулуш материалдарына 50000 2222 706
    12 Раң уч. Трубаны которуу 61000 2222 706
    13 Тегене китепканасына компьютер 30000 3112 708
    14 Ж.Орозалиев мектебинин жана короосунун ремонтуна 60000 2222 709
    15 Кур-Сай уч. Суу алып келууго 157600 3111 706
    16 Эчкили уч. 200дук труба алуу 145 м 391500 3111 706
    17 Разан-Сай трансформатор 165000 3111 706
    18 О.Ташкулов мектебине печка алуу 100000 3112 709
    19 Райкомол айылына копуро куруу 300000 3111 706
    20 Жолборсту айылына 250лук труба 15 м 45000 3111 706
    21 Жолборсту айылыдагы сел алган көпүрөлөрдү калыбына келтирүү 610500 3111 706
    22 Тегене капташка кошумча 50000 3111 706
    23 Тегене айылындагы жаны конушка трансформатор 165000 3111 706
    24 Разан-Сай эл.чубалгы 2км 89800 3111 706
    25 Таштанды престөө өздүк салым 150000 3112 706
    26 Разан-Сай түнкү жарык 35000 3111 706
    27 Ар түрдүү чыгымдар 200000 2215 706 О.Ташкулов мектебине ашкана 1200000 3111 709
    Жалпы 5300700 Жалпы 5300700
    Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын трагасы:  

     

    Т.Сейитбеков


     




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    ОсОО “Ак-Жол  плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө

                    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “Ак-Жол  плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКсынын жетекчилигине Ак-Жол айылынын жергиликтүү тургундары менен көтөрүлгөн маселе боюнча бир пикирге келүү жагы сунушталсын.
    2. Жалпы айыл тургундарынын макулдугунун негизинде гана тиешелүү чечим чыгарылып берилери жөнүндө “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКнын жетекчилигине маалымдалсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Алыбаев Ж




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Осмонбек” ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Ыбрайымовдун кирпич заводун куруу жөнүндөгү көтөргөн маселеси мезгил талабына үндөш келерлиги белгиленсин.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына ылайык айыл өкмөттүн аймагына кирпич заводун курууга макулдук берилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Алыбаев Ж.




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

    ОсОО ”ИВМ”ишканасынын  ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    4-маселеси ОсОО ”ИВМ”ишканасынын  ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. ОсОО “ИВМ” ишканасынын ген.директору Д.А.Балтабаеванын кайрылуусу канааттандырылсын.
    2. Бөлүнүп берилген жер аянтын жер кодексинин мыйзамдарына негиз иштетүү ОсОО “ИВМ” ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                         Ж.Алыбаев




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусун кароо жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусу канааттандырылсын.
    2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                 Ж.Алыбаев.




    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 23-июлу                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги    6-маселеси “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бухгалтери Т.Нурманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз III-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын түзгөн “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасынын долбоору жактырылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин..

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                                Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 12:55

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]