[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Аксы районунун сотунун судьясы Эрланбек Токтосунов өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдирип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” судья өзү билдирди.

    Судьянын айтымында, август айында Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Кадыралы Жапакбаев жана облустук прокурордун өкүлү Абдыманап Темиркуловдор коркутуп, 3 миң доллар талап кылган. Судья ал каражатты берген. Бирок кийин параны алгандар өз убадасын аткарбаганы үчүн бул факт боюнча Токтосунов укук коргоо органдарына арыз жазган. Анын негизинде Кадыралы Жапакбаев алган акчаны кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

    Бирок Токтосунов бул окуядан соң анын дарегине ар кыл коркутуулар тынымсыз болуп жатканын, мындан улам жашырынып жүрүүгө мажбур болгонун билдирүүдө. Ал укук коргоо органдарынан коопсуздугун сактоого көмөк сурады.

    Posted by admin @ 23:37

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]