[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II— сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2021-жылдын 9-июлу                                                                                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнундө

                   

    Ак-Жол  айыл айылдык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги

    1-маселеси Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана   талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясы

     

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Султамуратовдун өз арызына негиз айылдык кеңештин төрагасы кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
    2. Айылдык кеңештин төрагалыгына талапкер Алыбаев Жалынбек Самарбекович өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасы деп табылсын.

     

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                  Ж.Алыбаев.


     

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II— сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын -9-июлу                                                                                                                            Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата  иш планын бекитүү жөнүндө

                   

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата  иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата кабыл алган иш планы жактырылсын.
    2. Кабыл алынган иш пландардын аткарылышын өз убагында көзөмөл жүргүзүү жана тиешелүү инстанцияларга маалымат берүүнү колго алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                Ж.Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз
    II -сессиясынын № 2-токтому менен бекитилди.
    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII-чакырылышынын

    депутаттарынын 2021-жылга карата

    И Ш    П Л А Н Ы.
                                 Аткарылуучу иштин мазмуну. Өтүү мөөнөтү Ким жооптуу Докладчы
    1 1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнундө июль айыл өкмөт башчы
    2 Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата  иш планын бекитүү жөнүндө июль жооптуу катчы К.Сатыбеков
    3 2022-23-24-жылдарга карата Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө июль ФЭБ башчысы Б.Туратбек уулу
    4 Жергиликтүү бюджеттер аралык  бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнундөгү жобого негиз өздүк салымды кайтаруу жөнүндө. июль ФЭБ башчысы Б.Туратбек уулу
    5 “Ак-Жол Тазалык” муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө. июль жайыт комитети Т.Нурманбетов
    6 Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө. июль жайыт комитети Т.Нурманбетов
    2 1 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө июль ФЭБ башчысы Б.Туратбек уулу
    2 ОсОО “Ак-Жол  плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө июль турак-жай адиси Ы Молорбаев
    3 “Осмонбек” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун милдетин аткаруучу Н Ыбрайымовдун кайрылуусун кароо жөнүндө июль турак-жай адиси Ы Молорбаев
    4 ОсОО ”ИВМ”ишканасынын  ген директору Д А Болтабаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө июль турак-жай адиси Ы Молорбаев
    5 «Бийкомпакт плюс»ЖЧКсынындиректору Султан Сактановдун  кайрылуусун кароо жөнүндөкароо июль турак-жай адиси Ы Молорбаев
    6 «Хелветас» ассоцациясынан келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө июль жайыт комитети Т.Нурманбетов
    7 Ар түрдүү маселелер июль
    3 1 Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарба кызматкерлеринин жургузуп жаткан иштери жонундо. август туруктуу комиссия Т.Султамуратов
    2 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында түзгөн стратегиялык планын бекитүү август айыл өкмөт башчысы Т.Султамуратов
    3 Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы калктуу конуштар боюнча тейлеген Жаны-Жол ПОМунун кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. август туруктуу комиссия Оңолов Келсинбек
    4 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун КОВИД-19 илдетине каршы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө август туруктуу комиссия Бостонова Г.
    5 Калкты аскердик тейлөө инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө август туруктуу комиссия Оңолов Келсинбек
    6 Тегене, Кара-Тыт, Разан-Сай айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы. август туруктуу комиссия Оңолов Келсинбек
    7 Ар түрдүү маселелер август
    4 1 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнун алдындагы  Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жургузгон иши, базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жонундо октябрь туруктуу комиссия Сейитбеков Табышалы
    2 Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жоюу максатында айыл башчылардын жана соц.адистин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. октябрь Айыл өкмөтү айыл башчылар, соц.адис, соц.кызматкер. Түзүлгөн комиссия
    3 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги, жалпы билим беүүчү мектептердин кышка карата даярдыгы октябрь туруктуу комиссия Бостонова Г.
    4 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы кен казып иштеп жаткан ишканалардын экологиялык абалды сактоо жаатында жүргүзгөн иштери жөнүндө октябрь туруктуу комиссия Т.Султамуратов
    5 ФПЗнын жер аянттарынын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу адисинин билдирүүсүн кароо октябрь туруктуу комиссия Т.Султамуратов
    6 Ак-Жол, Жолборсту айылдарынын айыл башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө октябрь туруктуу комиссия Оңолов Келсинбек
    7 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги, жалпы билим беүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана окуучулардын билим сапатынын абалы жөнүндө октябрь туруктуу комиссия Бостонова Г.
    8 Ар түрдүү маселелер: октябрь
    4 1 Ак-Жол айыл аймагынын негизги авто жолдорун тейлеген ДЭП-38 ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ. декабрь туруктуу комиссия Т.Султамуратов
    2 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн салык кызматкерлеринин мамлекеттик жыйымдарды жана салыктарды чогултуудагы жүргүзгѳн иштеринин абалы жѳнүндѳ. декабрь туруктуу комиссия Сейитбеков Табышалы
    3 Айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун, спорт жана маданият тармагынын айыл аймагындагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер  жѳнүндѳ. декабрь туруктуу комиссия Бостонова Г.
    4 Ак-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун 2021- жылга кабыл алынган стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө отчету декабрь айыл өкмөтү Т.Султамуратов
    5 Айыл өкмөтүнүн балансында турган техникалардын, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакырларга, кароосуз калган балдардын үй-бүлөлөрүнө бекер кызмат көрсөтүүнүн абалы жөнүндө декабрь туруктуу комиссия Оңолов Келсинбек
    6 Ар түрдүү маселелер. декабрь
    Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин жооптуу катчысы :                                   К.Сатыбеков.


    Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз

    II-сессиясынын

     

    ТОКТОМУ №3

    2021-жылдын  9-июлу                                                                                   Ак-Жол айылы

                                                               

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата

    бюджеттин киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн

    болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     

    1. 2022-2023-2024-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоору №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

     

     

     

     

     

                Төрага:                                                                                      Ж.Алыбаев

     

     



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз

    II-сессиясынын

     ТОКТОМУ №4

     

    2021-жылдын 9-июлу                                                                                                     Ак-Жол  айылы.

     

    “Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК  КЖАПтын өздүк салымын бекитилген жобого негиз кайтаруу жөнүндө

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

     

     

    Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.  Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышкан Жерге-Тал айыл өкмөтү, Авлетим айыл өкмөтү, Жаңы-Жол айыл өкмөттөрдүн өздүк салымдары “жергиликтүү бюджеттин эсебинин башка жергиликтүү бюджет ссуданы берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 4-пунктуна ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбестен кайтарылсын.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Т.Сейитбеков жүктөлсүн.
    3. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     

     

    Төрага:                                                                                      Ж.Алыбаев


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын

     

    ТОКТОМУ №5

    2021-жылдын 9-июлу                                                                                                                    Ак-Жол  айылы.

     

           «Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

     

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги    10 маселеси «Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө  айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. «Ак-Жол Тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсү негиздүү деп табылсын.
    2. Бөлүнүп берилүүчү жер аянты айыл өкмөтүнүн Ак-Жол айылынан болуусу эске алынсын.

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                Ж.Алыбаев.



     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын

     

    ТОКТОМУ № 6

    2021-жылдын 9-июлу                                                                                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө.

    .

    .

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги    11 маселеси Айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин мүчөлүгүнө айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Н.Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезексиз II-сессиясы

     

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Жайыт комитетиндеги мүчө болгон айылдык Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы шайланган депутаттардан мүчөлүккө көрсөтүлсүн.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

     

     

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                                Ж.Алыбаев.

    Posted by admin @ 10:27

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]