[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2022-жылдын 13-сентябры                                       Ак-Жол  айылы.

    Жергиликтүү жамааттардын биринчи Элдик Курултайынын  делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүүнү уюштурууу жөнүндө.

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды  чакыруу жөнүндө” № 284-Жарлыгына ылайык,биринчи  жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.Жергиликтүү курултай 2022-жылдын  5-ноябрында саат 10-00гө  Ак-Жол айылынын борборундагы маданият үйүндө өткөрүү жагы  белгиленсин.

    2.Жергиликтү курултайга  айыл аймактын калкынын саны  9354 адамга жараша

    50 делегат бекитилсин жана  калктын калктуу конуштарда жайгашуу пропорциясына карата

    -Ак-Жол айылына -21 делегат

    -Жолборсту айылына -4делегат

    — Райкомол, Кечүү айылдарына -11делегат

    — Тегене,Кара-Тыт айылдарына -9-делегат

    -Кызыл-Бейит, Кур-Кокту,Күрп-Сай, Разан-Сай айылдарына-5делегат шайлансын.

    1. Жергиликтүү курултайга жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү графиги төмөнкүдөй

    тартипте белгиленсин:

    — Ак-Жол айылында                                                  10.2022-жылы саат 10-00гө

    -Жолборсту айылында                                             15.10.2022-жылы саат 15-00гө

    — Райкомол айылында                                              17.10.2022-жылы  саат  10-00гө

    — Кечүү айылында                                                      17.10.2022-жылы  саат  15-00гө

    — Тегене айылында                                                    18.10.2022-жылы саат  10-00гө

    — Кара-Тыт айылында                                              18.10.2022-жылы саат  15-00гө

    — Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарында                  19.10.2022-жылы саат 10-00гө

    -Кызыл-Бейит, Кур-Кокту айылдарында           19.10.2022-жылы саат 15-00гө

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төагасы К Оңоловко жүктөлсүн

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы                                              Ж Алыбаев

    Posted by admin @ 09:17

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]