[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги Х-сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2022-жылдын 09-сентябры                                                                                                       Ак-Жол айылы.

    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аялуу катмарлар боюнча соц адистин жана соц.кызматкердин жүргүзгөн иштери жөнүндө.

    1. Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси боюнча Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аялуу катмарлар боюнча соц адистин жана соц кызматкердин жүргүзгөн иштери жөнүндө
    2. Туруктуу комиссиянын төрайымынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айылдыкКеңешинин аймагындагы аялуу катмарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер учур талабына жооп берерлиги белгиленсин.
    2. Ак-Жол айылдык Кеңешинин аймагындагы ар бир калктуу конуштар боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр такталып, демөөрчүлөр тарабынан ар кандай жардам берилип жаткан жардамдар, тыкыр өкмөттүн көзөмөлүнө алынсын.

    Ак–Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                    Ж Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 2

     

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Байланыш кызматкерлеринин  калкты тейлөөдөгү абалы  жана  жүргүзуп  жаткан  иштери  жөнүндө

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи  маселеси болгон  Байланыш кызматкерлеринин  калкты тейлөөдөгү абалы  жана  жүргүзуп  жаткан  иштери  жөнүндө   туруктуу комиссиянын төрагасы  Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин билдирүүсүн карап чыгып ,талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл Окмотунун алдындагы байланыш кызматынын кызматкерлеринин калкты тейлөө жаатында жүргүзуп жаткан иштери канааттандырарлык деп  белгиленсин
    2. Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын тургундарынын талабына негиз  байланыш кызматкерлери 5күндук жумуш күнундө график  түзүп ,келген  элдин суроо талаптарын угуу жагы  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин  төрагасы:                                                          Ж Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    2022-жылдын 09-сентябры.                                                                  Ак-Жол  айылы.

     

    Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин билдирүүсү жөнүндө.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X  сессиясынын күн тартибиндеги  3 маселеси боюнча Жаңы окуу жылына карата Ак-Жол айыл Окмотунүн аймагындагы жалпы билим берүүчү ,негизги жана башталгыч мектептердин  даярдыгы ,ремонт иштеринин  жүрушү  жана орун алган кемчиликтери  жонүндө мектеп жетекчилеринин берген маалыматын жана төрайымдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  Xсессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1.Ак-Жол айыл аймагынын  аймагындагы жалпы билим  берүүчү , негизги жана башталгыч  мектептердин 2022-2023-окуу жылына карата мектептердеги ремонттордун  жүрүшү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, окучуларды кабыл алууга болгон даярдыктары негизинен  жакшы деп табылсын.

    2.№54- А .Жолдошов атындагы жалпы башталгыч билим берүү мектебиндеги орун алган төмөнкү кемчиликтерди  тез аранын ичинде жоюу колго алынсын.

    — Видео көзөмөл орнотуу

    — Септиктин орунун которуу

    — Канализацияны бүткөрүү

    — Мектептин  ашканасына 500л суу сактоочу идиш алып берүү

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымы  Г Бостоновага  жүктөлсүн.

     

    Ак – Жол    айылдык  аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги X сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2022-жылдын 09-cентябры                                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол ,Тегене,Жолборсту, Кечүү айылдарынын айыл башчыларынын  айыл  тургундары менен жүргүзуп жаткан  иштери жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  4- маселеси болгон Ак-Жол ,Тегене,Жолборсту, Кечүү айылдарынын айыл башчыларынын  айыл  тургундары менен  жүргүзуп жаткан  иштери жөнүндө туруктуу  комиссиянын төрагасы К Оңоловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Тегене жана Шынаа айылдарынын айыл башчыларынын айыл тургундары менен иш алып баруусу ,К Р Өкмөтүнүн жүргүзгөн саясатын калктын калың катмарына жеткирүүсү,айыл тургундарын уюштуруп  иш алып баруулары жакшы деп  баалансын.
    2. Калктуу конуш аралап Республикалык маанидеги трасса өткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү тургундар менен тез-тез ишембиликтерди уюштуруп туруу жагы Шынаа айылынын айыл башчысына,  сунушталсын.

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                              Ж.Алыбаев.


    Ак-Жол айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2022-жылдын 09-сентябры                                                Ак-Жол айылы.

    Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы кен казып жаткан ишканалардын (менчигинини түрүнө карабастан) экологияны сактоо жаатында жүргүзгөн иштери жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги 5-маселеси болгон Ак-Жол айыл Окмотунун аймагындагы кен казып жаткан ишканалардын (менчигинини  түрүнө карабастан)экологияны  сактоо  жаатында  жүргүзгөн иштери  жөнүндө айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Б Райымбековдунжана туруктуу комиссиянын төрагасы Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ

    1. Туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн жана айыл өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун  мүчөлөрүнүн  кен казып жаткан  ишканалардын  жасаган жумуштарын толук кыдырып көрө албагандыктан  коюлган маселе кийинки сессияга  калтырылсын.
    2. Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча труктуу комиссиянын төагасы Т Султамуратовго кезектеги сессияга калтырган маселени өз убагында дярдоо жагы милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы                                                           Ж Алыбаев.


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги Х сессиясынын

     

    ТОКТОМУ № 6/1

    2022 — жылдын 09-сентябры                                              Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл Окмотүнүн башчысынын өткөн 6 ай ичинде аткарган иши тууралуу маалыматы.

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6|1-маселеси боюнча айыл Өкмөттүн башчысы Т Султамуратовдун айыл өкмөтүндө 6 айичинде аткарылган жумуштар боюнча  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 6 ай убакыт  ичинде  аткарган  жумушу негизинен кээ бир кемчиликтерди эске албаганда жакшы деп табылсын.
    2. Аткарылган жумуштар боюнча  ар-бир калктуу конуштардын тургундарына  мезгил- мезгили менен  маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт  башчысына  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы                                                     Ж Алыбаев


    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6\2

    2022-жылдын 09-сентябры                                                  Ак-Жол айылы.

    2022-жылга карата кабыл алынган айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын күн тартибиндеги 6/2-маселеси “20222-жылга карата кабыл алынган айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айыл Өкмөттүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Ы.Сатыбалдиевдин жана туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалы Чолпоналиевичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин 115-беренесиндеги Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн шарттарына негиз айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    Киреше бөлүгү боюнча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

    1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн киреше бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
    • Киреше салыгынан -2116,0
    • Башка күйүүчү пайдалуу кендерден – 150,0
    • Лицензияны кармап турууга 2239,0
    • Жалпысы :4505,0( төрт миллион беш жүз беш миң)сом 00 тыйын киреше  бөлүгүнө кошумча план менен кириштелсин.
    1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн чыгаша бөлүгүнөн

    -Разан-Сай айылындагы спорт залга.Б-706, Берене -2222,-1500,0сом

    -Разан-Сай  ФАП ты ремонттоо.Б-706,Берене -3111,150,0 сом

    -Жайытты  жакшыртууга. Б-706,Берене -2215,-50,0сом

    -Т Тыныбеков  мектебин  оңдоого өздүк салым Б-709,Берене -3111,-594,0сом

    — Кечүү айылындагы мектептин кроосуна  Б-709,Берене 3111,-100,0

    -Жалпысы 2394,0( эки миллион үч жүз токсон төрт миң)сом беренеден  беренеге жылдырылсын.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтү боюнча жалпысы 6899,0( алты миллион сегиз жүз токсон тогуз  миң)сом чыгаша бөлүгү боюнча  төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин.

    -Кызыл –Бейит айылынын тургундарына моторлуу кайык алуу  үчүн  200,0 миң сом

    -Жолборсту айылына  спорт зал куруу үчүн 2550,0миң сом

    -О Ташкулов мектебинин короосун короолоо үчүн 714,0 миң сом

    -О Ташкулов мектебинин алдын брусчаткалоо 150,0миң сом

    — Кара-Тыт айылындагы мектептин ашканасын куруу үчүн 200,0миң сом

    -Кечүү айылынын спорт  залынын полун полдоо  үчүн өздүк салымга  102,5миң сом

    — Ак-Жол айылдык маданият үйүнө музыкалык инстурументтерди алууга 100,0миң сом — —

    — Жолборсту,Кечүү айылдары үчүн 140,0 миң сом, Райкомол айылына70,0миңсом  жалпысы 210,0миң  акча каражатын мал камоочу жайга айлантуу үчүн

    — М Сыдыков, ОТашкулов мектептеринин жалпы билим  берүүчү от казандары үчүн түтүн үйлөөчү аппарат алуу 102,5 миң сом

    -Кечүү  айылындагы ФАПтын   короосун королоо үчүн 200.0миң сом

    -Трансформаторлорду орнотууга керектелүүчү материалдарды алуу үчүн 120,0миң сом

    -Шынаа айылына  капташ курууга 100,0миңсом

    -Райкомол айылындагы көпүрө курууга материалдарды сатып алууга  350,0 миң сом

    -Кечүү айылындагы  мектептин  чатырын, эшик терезесин алмаштырууга 250,0миң сом

    -А Жолдошов мектебинин ашканасына керектелүүчү материалдарга   100,0 миң сом

    -М Сыдыков мектебинин  спорт залынын полун алмаштырууга 500,0миң сом

    -О Ташкулов мектебинин актовый залына отургучтарды сатып алууга 150,0 миңсом

    -М Сыдыковдун 100 жылдык юбилейин өткөрүү үчүн 200,0миң сом

    — М Сыдыков мектебине  инвентарларды алып берүү 150,0 миң сом

    -Айылдык Кеңешке видео камера жана  үн жазуучу аппаратура  алууга  100,0миңсом

    — Чыр-Дөбө  айыл тургундары  үчүн труба  алууга 350,0миң сом

    4.Жалпысы а/о боюнча : 6899,0(алты миллион сегиз жүз токсон  тогуз  миң)сом  .

    1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине кошумча киреше жана чыгаша сметасына  киргизилсин.
    2. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине кошумча киреше жана чыгаша сметасына отургузуп берүү жагы  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Аксы башкармалыгынан  суралсын.

    7.Жогорудагы аныкталган  жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча  айылдык  кеңештин  бюджет жана каржы комитетине  билдирип туруу жагы финансы -экономикалык  бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ы Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

    1. 8. Бул кабыл алынган токтомду көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы Сейитбеков Табышалыга  жүктөлсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                         Ж Алыбаев


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги Xсессиясынын

    ТОКТОМУ № 6/3

    2022-жылдын 09-сентябры                                                  Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл аймагындагы М Сыдыков  мектебинин мугалими Т Жүндүбаевдин  билдирүүсүн кароо  жөнүндө.

    Ак-Жол айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6/3-маселеси боюнча М Сыдыков мектебинин мугалими Т Жүндүбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. М Сыдыков мектебинин мугалими Т Жүндүбаевдин көтөргөн маселеси  өтө актуалдуу деп табылсын жана  заманбап райондук маанидеги  лабораторияны толуктоо боюнча иштер жүргүзүлсүн.
    2. Билдирүүдө көрсөтүлгөн акча каражаты 2022-жылдын өзгөртүүгө туура келген бюджетинен каралсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                              Ж Алыбаев


    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги X сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6\4

    2022-жылдын 09-сентябры                                    Ак-Жол  айылы.

    Рыскулов Надырбектин  60 га жер аянты жөнүндө айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти  башкаруу боюнча башкы адиси Б Райымбековдун  билдирүүсү жөнүндө

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  X сессиясынын күн тартибиндеги  6/4 -маселеси боюнча айыл Өкмөттүн турак-жай жана муниципалдык менчикти  башкаруу боюнча башкы адиси Б Райымбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айыл  аймактык  Кеңешинин  VIII — чакырылышынын   кезектеги  X сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Берилген жер аянтынын  контурлары боюнча эсептегенде талаш маселе жаралгандыктан айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси  Б Райымбекого  мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн адистерди чакырып ,айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте  жумушчу топ  түзуп,  жеринде чечүү жагы жүктөлсүн .
    2. Жумушчу топтун  чыгарган жыйынтыгы боюнча  кезектеги сессияга  маалымат

    берүү  Б Райымбековго мимлдеттендирилсин..

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы                                                          Ж Алыбаев

    Posted by admin @ 10:12

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]