[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги  VIII- сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1

    2022-жылдын 23-марты                                                                             Ак-Жол айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер,айып чегерүү акылары боюнча16.03.2022-жылдагы чыккан № 61-б буйрукту  кароо ,бекитүү

               

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 16.03.2022-жылдагы №61-б буйругун бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 18.03..2022-жылдагы №61-б буйругунда көрсөтүлгөн Ак-Жол айыл өкмөтүнөн  жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,кочуп келуу моонотторун,жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер жөнүндөгү буйругу негиздүү деп табылсын.
    2. Кабыл алынган буйруктагы бардык көрсөткүчтөр, кызмат көрсөтүү тарифтери элдин калың катмарына жеткирилсин.
    3. Бул буйрукту аткарбаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексине ылайык жаза чарасы колдонулаары жөнүндө маалымат баардык атуулдарга жеткирилсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2022-жылдын 23-марты .                                               Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү  жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  VIII — сессиясынын күн тартибиндеги  экинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат К.Оноловдун жана Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Абдуллаева Гүлсинанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги VIII — сессиясы

     Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы менчик автоунаа ээлерине транспорт салыгын өз учурунда төлөө максатында түшүндүрүү иштерин айыл Өкмөтүнүн салык инспекциясы менен биргеликте жүргүзүү жагы колго алынсын.
    2. Мал уурулуктун алдын-алуу боюнча айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, ар бир калктуу конуштун активдери, Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
    3. Соода түйүндөрүндө эмес ар бир үйлөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктерин токтотуу боюнча чара көрүү милиция кызматкерлерине жана айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
    4. Жаны-Жол милиция бөлүмчөсүнүн элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2022-жылдын 23-марты.                                                        Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл аймагынын калктуу конуштар боюнча  жаштардын  жумуштан  тышкаркы убактарда  эс алуу  үчүн спорттук иш чаралар, маданий эс алууга түзүлгөн шарттар жөнүндө

     

    Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги  VIII — сессиясынын күн тартибиндеги  үчүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы,депутат Г Бостонованын  жана Жаштар комитетинин төарагасы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII -чакырылышынын  кезектеги VIII — сессиясы

     Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

      1. Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча жаштардын жумуштан тышкаркы мезгилде эс алуусу үчүн төмөндөгүдой спорттук ишчаралар өтүп жаткндыгы белгиленсин.:

    — Улуттук көкбөрү оюндары  үчүн  Тегене айылында ,Шынаа айылында,Ак-Жол    айылында атайын тайказандар,

    —  Волейбол оюндарын өткөрүү үчүн М Сыдыков,О Ташкулов , А Мырзабеков  Т Тыныбеков мектептеринде жана Шынаа айылындагы спорттук комплексинде   уюштурулган.

    2.Жаштардын жумуштан сырткары көнүлдүү эс алуусу үчүн ар-бир айылдарда атайын спорттук залдарды уюштуруу колго алынсын.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2022-жылдын 23-марты.                                                                          Ак-Жол  айылы.

     

    Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги    4- маселеси Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Айыл чарба,жаратылышты коргоо,экология, өнөр жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Т Султамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Курчап турган айлана-чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча Аксы токой чарбасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөнүн абалы өз деңгеелинде экендиги белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                       Ж.Алыбаев.



    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII —сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2022-жылдын 23-марты.                                                                          Ак-Жол  айылы.

    Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу  орду жана уюштуруудагы кемчиликтери  жана жетишкен жактары жөнүндө

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги    Айыл өкмөтүнун аймагындагы бала-бакчалардын жаш муундарды тарбиялоодогу  орду жана уюштуруудагы кемчиликтери  жана жетишкен жактары жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Бостонованын жана бала-бакчалырдын жетекчилеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги VIII -сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчаларды уюштурууда жана тарбиялоодо бала-бакчалардын жетекчилеринин жүргүзүп жаткан иштери учур талабына ылайык келээри белгиленсин.
    2. Бардык бала-бакчалар жаңыдан уюшулуп жаткандыгына байланыштуу райондук сан.эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү органынын текшерүүдө белгилеп кеткен маселелерди айыл өкмөтү менен биргеликте чечүү жагы колго алынсын.
    3. Айыл аймактагы мектепке чейинки  билим  берүү мекемелери өз учаскасындагы гана  балдарды каттоого алышсын.
    4. Азык түлук кымбаттагандыгына  байланыштуу  ата-энелерден чогулуучу акча каражатынын суммасы 40 сомдон  топтоо жагы белгиленсин.

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев.


     

     

    Posted by admin @ 16:49

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]