[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ №1

    2021-жылдын 6-декабры                                                                            Ак-Жол  айылы.

     Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жол базарын тейлеген кызматкердин жүргузгөн иши, базардан чогултулган жыйымдардын максаттуу пайдаланышынын абалы жөнүндө.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендинжана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынынбилдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 1-тиркемеге негиз жүргүзүлсүн.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешининалдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

     

     Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарбоюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл  башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери  жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча ыксыз чыгымдарды жою максатында айыл  башчылардын жана соц адистин жүргүзгөн иштери  жөнүндө  туруктуу комиссиянын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  калктуу конуштар боюнча  айыл башчылар жана  айыл активдери тарабынан  ысырапкорчулукка каршы жүргүзүлуп жаткан иштер канааттандырарлык  деп  табылсын.
    2. Жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын угуп  ,калктын  калың катмарына ыксыз чыгымдарды жою максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында  атайын  жумушчу топторду түзүү жагы колго алынсын.
    3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымына  жүктөсүн.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин кышка карата  даярдыгы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын  кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин  кышка карата  даярдыгы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын   кезектеги Vсессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы башталгыч ,негизги,жалпы билим берүүчү  мектептердин  кышка карата  даярдыгы  өз деңгеелинде экендиги  белгиленсин.
    2.  М Сыдыков, Т Тыныбеков  атындагы жалпы билим  берүүчү мектептердин жана Ж Орозалиев атындагы негизги мектептин кышка карата даярдыктары өзгөчө  экендиги  баса белгиленип башка мектептерге  улгу деп табылсын.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 4

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана муниципалдык менчикти  башкаруу  адисинин билдирүүсү жонүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясынын күн тартибиндеги    4-маселеси ФПЗнын жер аянттарын арендага берилиши боюнча  айыл өкмөтүнүн        айыл чарба    жана муниципалдык    менчикти  башкаруу  адиси Ы Молорбаевдин   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги V сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПЗ нын жер аянттарынын арендага берилиши  жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
    2. Аренда акысын  өз мөөнөтүндө  төлөбөгөн  атуулдарга  кийинки жылга   келишим  бузула тургандыгы  эскертилсин жана аткарууга алынсын.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин..

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 5

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы   башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясынын күн тартибиндеги    5-маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы   башталгыч, негизги,жалпы билим берүүчү      мектептерде шашке чайдын берилиши жана билим сапатынын абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги V сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймагындагы башталгыч,негизги,жалпы билим берүүчү мектептерде шашке чайдын берилишинде таттуу токоч,пряниктер жана булочкалар мөөнөтү сакталбай жеткирилип жаткандыгы баса белгилнсин.
    2. Мектеп жетекчилигине райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мындай терс көрүнуштөрдү тез аранын ичинде колго алуу жагы эскертилсин.

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев



    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

     ТОКТОМУ № 6/1

    2021-жылдын 6-декабры                                                                           Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол  айылындагы Акматбек Султанмуратов атындагы №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги 8/1-маселеси болгон Акматбек Султанмуратов №30- мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча  адиси Нурдинова Таттыбүнүн билдирүүсүн жана Билим берүү ,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын   кезектеги  V-сессиясы

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл аймагынын  Ак-Жол айылында №30- мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
    2. Ак-Жол айылынын “Ардактуу атуулу”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы”наамдарынын ээси Султанмуратов Акматбек Султанмуратовичтин көп жылдар бою Жергиликтүүөз алдынча башкаруу  органына сиңирген эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын Шынаа  айылындагы №30-мектепке чейинки билим берүү уюмуна   анын ысмы  ыйгарылсын.
    3. Аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруу маселесин чечүү  Ак-      Жол айыл Өкмөтүнун башчысы  Т Султамуратовго милдеттендирилсин.
    4. Ак-Жол айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго  ылайык  келтирсин
    5. Бул токтомду мамлекеттик  реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал-Абад облустук юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол айылдык аймактык

    Кеңешинин төрагасы:                                                        Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 15:39

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]