[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясынын ТОКТОМУ №3/1

    2024-жылдын 19-январы                                                                                                                   Ак-Жол айылы             

    2024-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2025-2026-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы

    Мирзалимов Мейкин Акматалиевичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы

    бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы

    Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин

    VIII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген кирешелер 16967,8 (Он алты миллион тогуз жүз алтымыш жети миң сегиз жүз) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 600,0 (алтыжүз миц) сом, теңдөөчү грант 11644,2(он бир мтлион алты жүз кырк торт миц) сом, атайын каражаты 1160,0(бир миллион бир жүз алтымыш миц) сом кошулуп, жалпысы: 28612,0{жыйырма сегиз миллион алты жүз он эки миц) сом суммасында №1-тиркемеге негиз бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун жана трансферттердин көлөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин
    4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү №3-тиркемелерге ылайык 28612,0(жыйырма сегиз миллион алты жүз он эки миц) сом менен бекитилсин.
    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы салык кызматкери Иманалы Сатыбалдиевке ми лдеттендирилсин.
    6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү гранттын

    2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын      Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине, “Кыргыз

    Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджета жана 2025-2026- жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктуна жана 11-

    беренесине негиз биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге, калган сумма башка керектелүүчү беренелерге жумшалаары жана коммуналдык чыгымдар(эл.энергиядан сырткары) толук каржылоого айыл өкмөтү жооптуу экени белгиленсин.

    • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 2 пайызга чейинки же болбосо 280,0(эки жүз сексен мщ эки жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

    if.

    • Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, соц.фонд төлөмү, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн түзгөн келишимине ылайык максаттуу трансферттин эсебинен төлөнүп берилсин.
    • Айыл өкмөтүнун өзгөчө кырдаал бөлүгүнө 350 ,0 ( үч жүз элүү миң)сом өлчөмүндө 2024-жылдын бюджет эсебинен бөлүнүп берилсин.
    • Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолорду Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана айыл өкмөтүнүн буйругуна негиз жүргүзүү жагы Каржы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы М Мирзалимовго милдеттендирилсин.
    • Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы М Мирзалимовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
    • Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                            Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 09:40

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]