[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги    XIX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 4

    2023-жылдын 24- ноябры                                                                          Ак-Жол айылы

    Аксы райондук өнуктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербекович жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Кечүү айылындагы №44 А. Мырзабеков мектебинин спорт залынын кийим алмаштыруучу жайдын курулушу” долбоорун өткөрүү үчүн 2024-жылдын бюджеттик эсебинен өздүк салым катары 200 000(эки жүз миң ) сом акча каражаты Билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесине бөлүнүп берилсин.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербековичке милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин  алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                         Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 09:25

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]