[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

    XIX сессиясынын

    ТОКТОМУ № 3

    Ак-Жол айылы                                                                                2023-жылдын 24-ноябры

    Жалал-Абад облустук өнуктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербекович жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Райкомол айылына бала бакча куруу” долбоорун өткөрүү үчүн 2024-жылдын бюджеттик эсебинен өздүк салым катары 3 000 000(үч миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    2. Бул токтомду аткарууга алуу жаты Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Шекербеков Эрлан Шекербековичке милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                      Ж.Алыбаев

    Posted by admin @ 09:22

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]