[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги

    ХI-сессиясынын

    ТОКТОМУ №1/1

    2018-жылдын 24-декабры                                                                                                          Ак-Жол айылы. 

     Ак-Жол  айыл  өкмөтүнүн 2018-жылдагы  бюджетинин аткарылышын кабыл   алуу, 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдардын   болжолдуу долбоорун бекитүү  жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн  Финансы  жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун   жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын   билдирүүсүн угуп жана талкуулап  айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги   ХI-сессиясы 

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1.  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылып, бекитилсин.
    2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 7 182,7 (жети  миллион бир  жүз сексен эки  миң жети  жүз)   сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9 (үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант  9 013,9 (тогуз миллион он үч миң тогуз жүз) сом, атайын каражат 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом кошулуп,       жалпысы: 16 683,5(он алты миллион алты жүз сексен үч миң беш жүз) сом суммасында №1 тиркемеге негиз   бекитилсин.
    3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоордук бюджетинин трансферттеринин көлөмү  жана киреше бөлүгүнүн   2020-2021-жылдардын болжолдуу    долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Мырзатаевге милдеттендирилсин.
    4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 16 683,5  (он алты миллион алты жүз сексен үч  миң беш         жуз) сом менен бекитилсин.
    5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга жана 2020-2021-жылдардын долбооруна Республикалык    бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи  кезекте коргоого алынган   статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү  статьяларга   жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын  толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
    6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.
    7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн  1 пайызга чейинки же болбосо 160,0 (бир жүз алтымыш  миң) сом  өлчөмүндө    Айыл  өкмөтүнүн  резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
    8. Айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
    9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын  көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 260,0(эки жүз алтымыш миң) сом  өлчөмүндө белгиленсин.
    10. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү, толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругу менен өзгөртүү толуктоо киргизүү жагы   каржы  бөлүмүнүн  башчысы С.  Ажыматовго   милдеттендирилсин.
    11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы   бөлүмүнүн  башчысы С Ажыматовго  милдеттендирилсин.
    12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет       жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
    13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

    Төрага:                                                                                             Т.Батыралиев

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХII -сессиясынын

    2018-жылдын 24-декабрындагы  № 1/1-токтому менен бекитилди.

     

        2019-2020-2021-жылдаргы карата кирешелер боюнча айылдык Кеңештин VII- чакырылышынын  кезектегиХI- сессиясындагы   №1/1 токтомуна № 1-тиркеме
      Бюджеттик классификация план 2019 план 2020 план 2021
      кирешелердин аталышы      
    11111100 Салык агентиги төлөөчү киреше салыгы 1525,0 2030,0 2564,0
    11122200 ыктыярдуу патенттин негизинде салык 96,3 96,3 96,3
    11311200 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө  салык 21,2 21,2 21,2
    11312200 жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык 305,0 305,0 305,0
    11321100 короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы 61,0 61,0 61,0
    11321200 айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы 738,0 738,0 738,0
    11321300 калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу жер салыгы 93,2 93,2 93,2
    11412100 Сатуудан салык 2,0 1,0 0,0
    11462130 Көмүр үчүн 1155,0 1233,0 1283,0
    13321200 Тендөөчү гранттар 9013,9 9142,4 8530,3
    14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы        2360,0 2360,0 2360,0
    14152200 жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөөлөр 366,9 366,9 366,9
    14152600 Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы       826,0 826,0 826,0
    142389 кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы 120,0 120,0 120,0
      Жалпы  16683,5 17394,0 17364,9

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХII -сессиясынын

    2018-жылдын 24-декабрындагы  № 1/1-токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 24-декабрь   2018-жылдагы   VII-чакырылышынын ХI-сессиясындагы № 1/1 токтомуна  № 2-тиркеме 
       
      Жалпы сумма  16683,5
    1 Эмгек акы  4026,6
    2 соц.фонд 604,0
    3 Сапар чыгымы 250,0
    4 бензин 120,0
    5 запчаст 30,0
    6 байлыныш кызматы  53,2
    7 эл энергия 795,0
    8 резер фонд 160,0
    9 көмүр 650,0
    10 атайын каражат 120,0
    11 жайыт төлөмү 244,6
    12 Материалдык жардамдар  200,0
    13 МЧСке  200,0
    14 Солярка 200,0
    15 Орг техника  100,0
    16 Конц.товары  100,0
    17 Майрамдарга  200,0
    18 спорт оюндарына  200,0
    19 Сыдыков мектебин лабороториядан өткөрүү  6,0
    20 Бала-бакча курууга  3000,0
    21 Паркты бүткөрүүгө  94,2
    22 Орозалиев мектебин лабороториядан өткөрүү  6,0
    23 Каткан- Аңыз алышка цемент алууга 40,0
    24 Ташкулов мектебин лабороториядан өткөрүүгө  6,0
    25 А Мырзабеков мектебине ажааткана курууга 250,0
    26 А Мырзабеков мектебине ачык спорт аянтча  300,0
    27 Кечуу мектеп лабороториядан өткөрүүгө  6,0
    28 Тегене спорт залга жылуулук  350,0
    29 Т .Тыныбеков лабороториядан өткөрүүгө 6,0
    30 Кара-Тыт мектепке компютер, ксерокопия алууга 40,0
    31 Кара-Тыт мектеп лабороториядан өткөрүүгө  5,0
    32 Разан-Сай мектеп капиталный  ремонт  450,0
    33 Разан-Сай мектеп лабороториядан өткөрүүгө   5,0
    34 Разан-Сай ФАП ремонт  45,0
    35 Разаз-Сай окуучуларды ташууга  117,0
    36 Кызыл-Бейит паромга матор  алууга  40,0
    37 Ички жолдорду шагалдоого  500,0
    38 жер трансформация  300,0
    39 Тунку жарык 1 км орнотууга  200,0
    40 Көрктөндүрүүгө  250,0
    41 Ген план айыл өкмөтү  300,0
    42 Столба алмаштыруу 0,4  1000,0
    43 2018- жылдан карыз төлөөгө 270,0
    44 АПУ, Проект, смета жасатууга  200,0
    45 Тех условия  30,0
    46 ГСВ ремонт  320,0
    47 Спорт инвентар алууга  50,0
    48 Китеп сатып алууга  30,0
    49 Ар турдуу чыгымдар 205,9
    50 Маданият уйун лабороториядан өткөрүүгө 4,0
    51 Канторду лабороториядан өткөрүүгө 4,0
      бардыгы :  16683,5


    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1/2

     2018-жылдын 24-декабры                                                                                                            Ак-Жол айылы 

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  атайын каражатын бекитүү жөнүндө

     Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол  айылдык кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын ХI-сессиясы

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаты айылдык Кеңештин VII- чакырылышынын  ХI- сессиясындагы   №1/1 токтомунун  № 1-тиркеме ылайык, киреше бөлүгү 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом жана чыгаша бөлүгү № 2 – тиркемеге ылайык  120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомго бекитилип  башкаруу аппараты  аркылуу жумшалсын.
    2. 2019-жылдын 1-январына карата калган калдык эсебинен 134,5 (бир жүз отуз төрт миң беш жүз миң)  сомго кошумча смета түзүлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

                     Төрага:                                                                                         Т. Батыралиев.



     


    Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги                                                  ХI-сессиясынын

     ТОКТОМУ № 1/3

      2018-жылдын 24-декабры                                                                                   Ак-Жол айылы 

                                                                                                  

     2018-жылдан калган калдык акча    каражатын бөлүштүрүү  жөнүндө

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХI-сесиясы 

                                                               Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

    1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган 9 221,6 (тогуз миллион эки жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом калдык акча каражаты  № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү 2017-жылдын 23-октябрь айындагы №690-токтомуна негиз 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    3. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C.Ажыматовго милдеттендирилсин.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

                            Төрага:                                                                                  Т. Батыралиев.

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХII -сессиясынын

    2018-жылдын 24-декабрындагы  № 1/3-токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айылдык Кеңешинин 24-декабрь   2018-жылдагы  VII-чакырылышынын ХI-сессиясындагы № 1/3 токтомуна  № 3-тиркеме 
    Жалпы сумма  9221,6
    1 Ак-Жол айылына тратуар курууга  2100,0
    2 Бала-бакча уюштурууга  1000,0
    3 Сыдыков мектеби ысык  тамак уюштуруу  152,0
    4 Бала-бакча курууга  2000,0
    5 Эс алуу жайын  бүткөрүүгө  405,8
    6 Шынаа айылындагы  алышты оңдоого 130,0
    7 Спорт комплекс ремонт иштери үчүн 70,0
    8 Жолдошов ашканага өздүк  салым   197,8
    9 Жолдошов мектебин лабороториядан өткөрүүгө  6,0
    10 Жолдошов мектебине компютер алууга  30,0
    11 Аксакалдар кеңешине  40,0
    12 Айылдык Кеңешке кабинет даярдоо  300,0
    13 Айылдарга табличка жасатуу  250,0
    14 Орозалиев мектеби 3 класс полун алмаштыруу  120,0
    15 ФАП райкомол ремонттоого 60,0
    16 Райкомол айылына фудбол аянтча курууга  1400,0
    17 Кызматтык авто унаа алууга   700,0
    18 кассалык накталай акчанын  көлөмү  260,0
      бардыгы :  9221,6

     


     

                


     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 2

    2018-жылдын 24-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчету жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясынын күн тартибиндеги    2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу жаатында жасалган иш аракети жакшы деп табылсын.
    2. 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында айыл өкмөтүнүн кабыл алган социалдык –экономикалык өнүгүү программасына кирип ,бирок аткарылбай калган иш чаралардын кээ бир түрү  2019-жылдын аткарылуучу иш чарасына киргизилсин жана бул маселелер боюнча өз убагында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.



      Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясынын

     ТОКТОМУ № 3

    2018-жылдын 24-декабры.                                                                         Ак-Жол  айылы.

     

    Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2018-жылдын бюджеттинин аткарылышын кабыл алуу  2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

     

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясынын күн тартибиндеги    3- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2018-жылдын бюджеттинин аткарылышын кабыл алуу  2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол   айыл аймактык  Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезектеги ХI -сессиясы               

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
    2. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
    3. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№1-тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2-тиркеме)кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
    4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
    5. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
    6. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№3-тиркеме  тиркелет)
    7. АРИСтен берилүүчү гранттык (374 000 сом) каражатка Кызыл-Бейит айылына көпүрө куруу жагы белгиленсин.
    8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.

    Ак-Жол  айылдык аймактык

      Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык  Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XI-сесиясынын №-4 токтомуна № 1-тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше  сметасы.

     

    Малдын түрү

    Саны

     

     

    ГЛФ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма Саны

     

     

    ГЗЗ

    Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына төлөм. Күтүлүүчү сумма баары
    Бодо мал 1455 38 55290 364 56 20387 75677
    Торпок 679 30 20370 170 40 6800 27170
    Жылкы 749,6 38 28485 187,4 56 10494 38979
    Эшек 187 38 7106 47 56     2632     9738
    жандык    12104 8 96832 3026 12 36312 133144
    Катталбаган малдан түшүүчү киреше      41600
    Дефитцить      0
    Малдан тушкон киреше    208083      76625    326308
    Жууттан тушот 30000
    Кыркым кайчыдан 10000
    Пресподборщиктен 50000
    Жалпы киреше 416308

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XI-сесиясынын №4- токтомуна № 2- тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджети

    чыгымдардын статьялары саны баасы суммасы
    1.       Эмгек акы төрага 12 7000 84000
    2.       Эмгек акы эсепчи 12 6800 81600
    3.       Ишкананы камсыздандыруу үчүн төлөм (соцфонд.налог) 17,28% 12 28556 28556
    4.       Иш сапар чыгымдары 12 27576 27576
    5.       Иш кагаз чыгымдары 12 10137 11117
    6.       Жайыт салыгы 42459
    7.       Айыл Өкмөтүнө 3\1       122300 
    8.       АРИСке өздүк салым 18700
    10 Жайытка мониторинг жургузуу           
             
      Жалпы     416307

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XI-сесиясынын №4- токтомуна № 3- тиркеме

    Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга салык алуу боюнча маалыматы

     

     

    малдын түрү Саны

    ГЛФ

    Которуу коэфиценти  шарттуу мал түрү

    ГЗЗ

    жайыт билет акысы
    ГЗЗ ГЛФ
    1)       Бодо мал 1455 1 364 56 38
    2 Торпок 475,3 0,7 119 40 30
    3 Жандык 2420,8 0,2 605,2 12 8
    3 Жылкы 749,6 1 187,4 56 38
    4 эшек    187 1 47 56 38
      баары: 5287,7   1322,6    

     

    Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сесиясынын №-4 токтому менен бекитилди.                                                                                                                                           

    Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XI- сесиясынын №4- токтомуна № 4- тиркеме

    Аты-жөнү назначение под налог сф 8% сф2% сумма к выдачи
    1 Молдобаев Нурбек 7000 565 560 140 5735
    2 Нурманбетов Тургуналы 6800 560,6 544 0 5695,4
    жалпы 13800 1125,6 1 104 140 11430,4

    Posted by admin @ 12:48

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]