[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]

  • Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXIII -сессиясынын

    ТОКТОМУ № 1

    2020-жылдын 9-марты                                                              Ак-Жол  айылы.

     

    Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай  айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн маселесин кароо жөнүндө.

               

    Ак-Жол  айыл аймактык    Кеңешинин  VII- чакырылышынын   кезексиз XXIII -сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай  айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн арызын , Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын көтөрүлгөн  маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы

    Т О К Т О М      К Ы Л А Т.

     

    1. Разн-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын эмгек акылары,  Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларын тейлеген паромчунун эмгек акысы жана Разан-Сай –Таш-Көмүр багытындагы окуучуларды ташыган автобустун айдоочусунун эмгек акысын 2020-жылдын 1-июнуна чейин каржылоону улантуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
    2. Жогорудагы айылдардын пайдалануусундагы жакынкы жайыттарды тез аранын ичинде чечип берүү жагы  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан жана чек ара, жайыт мсаелелери боюнча туруктуу комиссиясынан суралсын .
    3. Аткарылып жаткан иштер боюнча жергиликтүү тургундарга , айылдык Кенештин депутаттарына маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Мырзагуловко милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Жол  айылдык аймактык

    Кеңешинин  төрагасы:                                                     Т.Батыралиев.

    Posted by admin @ 08:53

Comments are closed.

[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive] [an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]
[an error occurred while processing the directive]